https://sputnik.kg/20260825/1103194550.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникасын алууга субсидия берүү каралуудаЭл аралык космос станциясы жаңы антенна орнотуу үчүн ачык космоско чыгат"Жунда" заводун... 25.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-25T19:00+0600
2026-08-25T19:00+0600
2026-08-25T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103194384_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4e4d6a5cd3dd658a7b6ad4d3555aacde.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникасын алууга субсидия берүү каралуудаЭл аралык космос станциясы жаңы антенна орнотуу үчүн ачык космоско чыгат"Жунда" заводун модернизациялоонун кийинки этабы башталат
Бүгүн, 25-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрлер кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, документ "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабын баштоого мүмкүндүк берет. Эске салсак, жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ бул ишкана Кыргызстандагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Модернизациялоо иштери Улуттук инвестиция агенттиги менен "Борбор Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүрүүдө.
Дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникаларын алууга мамлекет тарабынан субсидия берүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, айыл чарбасын колдоо үчүн дыйкандарга субсидия берүү бул дүйнөлүк практика болуп саналат. “Кыргызстанда да ушул механизмди сунуштап жатабыз. 2027-жылдан баштап, биз айрым мамлекеттик колдоолорду 30-40 пайызга чейин республикалык бюджеттен дыйкан-фермерлерибизге түз жардам, түз субсидия катары сунуштоодобуз. Мисал катары, айыл чарбада оруп жыйноо техникалары бүгүнкү күндө абдан баасы кымбат. Баасы 200 миң долларга чейин жеткен жүгөрүүнү оруучу комбайндар бар. Ошолорду керек болсо 50 пайызга чейин мамлекет өз моюнуна алып, субсидияларды берип, дыйкандарыбызга жеңилдетилген шартта берүү жагын карашыбыз керек”,- деди ал.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер 1-6-сентябрда Ысык-Көл облусундагы беш негизги аянтта өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди. Оюн өтчү жайлар Чолпон-Атадагы ат майданда — улуттук ат чабыштар жана оюндардын жабылыш аземи өтөт, "Көк бөрү" аренасында — көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей жана көкпар боюнча мелдештер уюштурулат, "Газпром" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде — улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер өтөт ал эми Кырчын жайлоосунда — ордо, ат үстүндөгү марафон, күч сынашкан спорт түрлөрү жана салбуурун боюнча мелдештер өткөрүлөт, "Евразия" мейманканасында — тогуз коргоол, овари жана манкала сыяктуу улуттук интеллектуалдык оюндар боюнча мелдештер болот. Жалпысынан көчмөндөр оюндарында спорттун 42 түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Аларга Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин спортчулары катышат.
Эл аралык космос станциясынын экипажы бүгүн станциянын сыртына чыгып, жаңы байланыш антеннасын орнотуу иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу NASA агенттигине таянып, Интерфакс маалымдады. Ачык космоско NASAнын астронавты Анил Менон жана Европа космос агенттигинин (ESA) астронавты Софи Адено чыгат. Алар станциянын Z1 фермасына Жер менен жогорку ылдамдыкта маалымат алмашууну жана үн байланышын камсыздай турган жаңы антеннаны орнотуп, туташтырышат. Буга чейин, 18-августтагы ачык космоско чыгууда астронавттар станцияда колдонулуп келген эски антеннаны алып, аны станциянын сырткы платформасына жайгаштырышкан. Бирок иштердин пландалгандан узакка созулушуна байланыштуу жаңы антеннаны орнотууга жетишпей калышкан. Астронавттардын ачык космостогу иштери болжол менен 6,5 саатка созулат. Бул станцияны куруу, техникалык тейлөө жана жаңылоо иштеринин алкагындагы 283-чыгуусу болуп эсептелет. Учурда станцияда жети адамдан турган экипаж иштеп жатат
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 2 тыйын юань 13 сом 1 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйын Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ26-августка караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү республикабыздын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, өрөөнүндө +28...+30, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +31...+36, Талас чөлкөмүндө +25...+30, Ысык-Көл регионунда +18...+23, Нарын аймагында +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +29...+31, Ошто +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникасын алууга субсидия берүү каралуудаЭл аралык космос станциясы жаңы антенна орнотуу үчүн ачык космоско чыгат"Жунда" заводун модернизациялоонун кийинки этабы башталат Бүгүн, 25-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрлер кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, документ "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабын баштоого мүмкүндүк берет. Эске салсак, жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ бул ишкана Кыргызстандагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Модернизациялоо иштери Улуттук инвестиция агенттиги менен "Борбор Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүрүүдө. Дыйкан-фермерлерге айыл чарба техникаларын алууга мамлекет тарабынан субсидия берүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, айыл чарбасын колдоо үчүн дыйкандарга субсидия берүү бул дүйнөлүк практика болуп саналат. “Кыргызстанда да ушул механизмди сунуштап жатабыз. 2027-жылдан баштап, биз айрым мамлекеттик колдоолорду 30-40 пайызга чейин республикалык бюджеттен дыйкан-фермерлерибизге түз жардам, түз субсидия катары сунуштоодобуз. Мисал катары, айыл чарбада оруп жыйноо техникалары бүгүнкү күндө абдан баасы кымбат. Баасы 200 миң долларга чейин жеткен жүгөрүүнү оруучу комбайндар бар. Ошолорду керек болсо 50 пайызга чейин мамлекет өз моюнуна алып, субсидияларды берип, дыйкандарыбызга жеңилдетилген шартта берүү жагын карашыбыз керек”,- деди ал. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер 1-6-сентябрда Ысык-Көл облусундагы беш негизги аянтта өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди. Оюн өтчү жайлар Чолпон-Атадагы ат майданда — улуттук ат чабыштар жана оюндардын жабылыш аземи өтөт, "Көк бөрү" аренасында — көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей жана көкпар боюнча мелдештер уюштурулат, "Газпром" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде — улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер өтөт ал эми Кырчын жайлоосунда — ордо, ат үстүндөгү марафон, күч сынашкан спорт түрлөрү жана салбуурун боюнча мелдештер өткөрүлөт, "Евразия" мейманканасында — тогуз коргоол, овари жана манкала сыяктуу улуттук интеллектуалдык оюндар боюнча мелдештер болот. Жалпысынан көчмөндөр оюндарында спорттун 42 түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Аларга Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин спортчулары катышат. Эл аралык космос станциясынын экипажы бүгүн станциянын сыртына чыгып, жаңы байланыш антеннасын орнотуу иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу NASA агенттигине таянып, Интерфакс маалымдады. Ачык космоско NASAнын астронавты Анил Менон жана Европа космос агенттигинин (ESA) астронавты Софи Адено чыгат. Алар станциянын Z1 фермасына Жер менен жогорку ылдамдыкта маалымат алмашууну жана үн байланышын камсыздай турган жаңы антеннаны орнотуп, туташтырышат. Буга чейин, 18-августтагы ачык космоско чыгууда астронавттар станцияда колдонулуп келген эски антеннаны алып, аны станциянын сырткы платформасына жайгаштырышкан. Бирок иштердин пландалгандан узакка созулушуна байланыштуу жаңы антеннаны орнотууга жетишпей калышкан. Астронавттардын ачык космостогу иштери болжол менен 6,5 саатка созулат. Бул станцияны куруу, техникалык тейлөө жана жаңылоо иштеринин алкагындагы 283-чыгуусу болуп эсептелет. Учурда станцияда жети адамдан турган экипаж иштеп жатат ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 2 тыйын юань 13 сом 1 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйын Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.АБА ЫРАЙЫ26-августка караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү республикабыздын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, өрөөнүндө +28...+30, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +31...+36, Талас чөлкөмүндө +25...+30, Ысык-Көл регионунда +18...+23, Нарын аймагында +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +29...+31, Ошто +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103194384_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cef0db2292cf2a7291841d6510ef596c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио