00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Почему мы верим в невозможное? Секреты иллюзий
16:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ рыногунда коопсуз продукция: Кыргызстандын санитардык көзөмөлүнүн ролу кандай?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Альпинисттердин сапарын мамлекеттик органдарга автоматтык түрдө билдирген система түзүлөтТеррорчулук, кысым жана тарыхты бурмалоо. Россиянын БУУдагы өкүлү БУУ жыйынында Украина тууралуу айттыТокой кызматы Жаратылыш министрлигине өткөрүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына Токой кызматы өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтому чыкты. Документте белгиленгендей, буга чейин Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу болуп келген. Эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги токой чарбасынын субъекттеринин ишин уюштурат, токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана токойлордун кадастрын жүргүзөт. Ошондой эле жаратылыш объекттерин кайра түзүүгө жана ландшафттарды калыптандырууга байланышкан чарбалык ишти жүргүзүүдө токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну контролдойт. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанда альпинисттердин тоого сапарга чыкканын мамлекеттик органдарга автоматтык түрдө билдирип туруучу система иштелип жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди. Анын айтымында, система аркылуу альпинисттин каттоосу, камсыздандыруусу жана куткаруу иштерине байланыштуу төлөмдөр бирдиктүү тартипте аныкталат. Куткаруу операциясынын баасы тоого чыгуунун татаалдыгына жараша эсептелет. Министр Корумду чокусунда жүргүзүлгөн акыркы куткаруу операциясы акысыз болгонун белгиледи. Каза болгон альпинисттердин жакындары тик учактын чыгымын гана төлөшкөн.
2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда айыл чарба тармагындагы өсүш 6 пайызды түзүп, анын ичинде өсүмдүк өстүрүү тармагы 10 пайызга, мал чарбачылыгы 4 пайызга өстү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди. Анын айтымында, айыл чарба тармагындагы өсүшкө акыркы жылдары дыйкандарды колдоого багытталган мамлекеттик программалар жана каржылык булактарды кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер оң таасирин тийгизүүдө. “Айыл чарба тармагындагы өсүш акыркы жылдары дыйкандарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын жыйынтыгы. Мындан тышкары, быйыл климаттык шарттар да оң таасирин тийгизди. Дыйкан-фермерлерде сугат суу боюнча олуттуу көйгөйлөр жаралган жок”, — деди ал. Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, жылдын аягына чейин айыл чарба тармагындагы өсүштү дагы жогорулатуу боюнча иштер улантылат. Айрыкча оруп-жыюу иштерин өз убагында өткөрүү, кайра иштетүү ишканаларынын ишин уюштуруу жана тармактагы белгиленген пландарды аткаруу көзөмөлгө алынат. “Буга чейинки акыркы 15 жылда айыл чарба тармагындагы эң жогорку өсүш 6,3 пайызды түзгөн. Быйыл бул көрсөткүчтөн ашабыз деген максаттарыбыз бар”, — деди ал.
Согуш талаасында максатына жете албаган киев режими Россиянын жай тургундарына каршы террорчулукка барган деңгээлге жетти. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча жыйынында айтты. Ал Владимир Зеленский РФ шаарларына, эл жашаган аймактарга, жарандык инфраструктурага сокку уруу үчүн батыш мамлекеттеринен курал-жарак жана ок-дары сураганын улантып жатканына токтолгон. "Бүгүнкү жыйын Украина эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы деген ураан алдында өтүп жатат. Майрамдоого негиз барбы? Бул мезгил аралыгында ар ким каалагандай башкара берип өлкө кыйроого кептелди", — деди Небензя.
Жаңылыктар түрмөгү
0