https://sputnik.kg/20260825/1103185560.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Россиядан Кыргызстанга 200гө жакын мугалим иштегени келетАКШ Россияга каршы Бириккен Улуттар Уюмундагы документке кол койгон жокКытай – Кыргызстан – Өзбекстан... 25.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-25T13:00+0600
2026-08-25T13:00+0600
2026-08-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103185394_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7e89a0cc545410231a1c8ab8aaf46f86.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Россиядан Кыргызстанга 200гө жакын мугалим иштегени келетАКШ Россияга каршы Бириккен Улуттар Уюмундагы документке кол койгон жокКытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда көпүрөнүн курулушу уланууда
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Урумбашы дарыясы аркылуу өтүүчү №5 көпүрөсүнүн негизги эки тирөөчүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине 9-тилкенин директорунун орун басары Шин Хайдун билдирди. Анын айтымында, алардын бийиктиги 56 жана 52 метрди түзөт. Учурда Урумбашы дарыясы аркылуу өтүүчү №5 көпүрөнүн эки негизги тирөөчү курулуп бүттү. "Эки негизги тирөөчтүн курулушу аяктагандан кийин калган тирөөчтөрдү жана аны менен катар көпүрөнүн өзүн куруу башталат. Көпүрөнүн курулушун келерки жылдын сентябрь айларында аяктоо пландалууда", - деди ал. "Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКсынын маалыматына ылайык, көпүрөнүн жалпы узундугу 504 метрди түзөт. Долбоордо балласттык жол үчүн алдын ала чыңалган темир-бетондон жасалган үзгүлтүксүз рамалык аралыгы каралган.
Жаңы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде иштей турган 200гө жакын россиялык мугалим Москвада даярдыктан өттү. Алар "Чет өлкөдөгү орус мугалими" долбоорунун алкагында Кыргызстанга жөнөтүлөт. Алгачкы семинар-кеңешмеге чет тили катары орус тилин окуткан жана сабактарды орус тилинде өтө турган 200гө жакын мугалим катышты. Алар Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде иштөөгө даярдык көрүштү. Семинардын жүрүшүндө мугалимдерге алдыдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу уюштуруу жана усулдук маселелер боюнча маалымат берилип, практикалык сабактар жана консультациялар өткөрүлдү. Жыл сайын өтүүчү семинар 22-29-август аралыгында уюштурулуп, ага жалпысынан 500дөн ашык педагог катышат да дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнө иштегени жөнөтүлөт. "Чет өлкөдөгү орус мугалими" долбоору Россиянын Билим берүү министрлиги тарабынан өнөктөш мамлекеттер менен биргеликте 2017-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоор чет өлкөлөрдөгү мектептерде орус тилин окутууну жана орус тилинде билим берүүнү колдоого багытталган.
Өлкөдө жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 6,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Ага ылайык, ушул эле мезгилде күнүмдүк керектелүүчү товарлар (кийим-кече, тиричилик буюмдары ж.б.) 5,8 пайызга, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 11,1 пайызга кымбаттаган. Баанын өсүшүнө ички жана тышкы факторлор таасир берип жатканы айтылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы транспорттук жана башка чыгымдардын өсүшүнө таасирин тийгизген. Ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баанын өсүшү белгиленген.
БУУга мүчө 193 мамлекеттин 50сү гана Украина боюнча кабыл алынган Россияга каршы билдирүүнү колдоду. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы билдирди. Документке кол койгон өлкөлөр атайын операцияны "мыйзамсыз жана басып кирүү" деп атап, Россияга "ок атууну толугу менен, тез арада жана эч кандай шарт-талап койбой токтотууга" чакырык салышты. Билдирүүнү Даниянын ТИМ башчысы Ларс Лекке окуду. Макул болуп, добушун бергендердин негизги бөлүгүн Европа өлкөлөрү, Украинанын Батыштагы башка союздаштары түзүп, мындан сырткары, ЕБдин делегациясы да колдоду. Анткен менен аларга АКШ кошулган эмес. Россиянын ТИМи Киевге күч топтоп берип, кайра куралданууга убакыт бөлүү максатын көздөгөн жана атышууну ооздуктоо шылтоосу менен жаңжалды жүрүп жаткан жеринен токтотууга багытталган ар кандай аракеттерден майнап чыкпай турганын бир нече ирет эскерткен.
Россиядан Кыргызстанга 200гө жакын мугалим иштегени келетАКШ Россияга каршы Бириккен Улуттар Уюмундагы документке кол койгон жокКытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда көпүрөнүн курулушу уланууда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Урумбашы дарыясы аркылуу өтүүчү №5 көпүрөсүнүн негизги эки тирөөчүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине 9-тилкенин директорунун орун басары Шин Хайдун билдирди. Анын айтымында, алардын бийиктиги 56 жана 52 метрди түзөт. Учурда Урумбашы дарыясы аркылуу өтүүчү №5 көпүрөнүн эки негизги тирөөчү курулуп бүттү. "Эки негизги тирөөчтүн курулушу аяктагандан кийин калган тирөөчтөрдү жана аны менен катар көпүрөнүн өзүн куруу башталат. Көпүрөнүн курулушун келерки жылдын сентябрь айларында аяктоо пландалууда", - деди ал. "Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКсынын маалыматына ылайык, көпүрөнүн жалпы узундугу 504 метрди түзөт. Долбоордо балласттык жол үчүн алдын ала чыңалган темир-бетондон жасалган үзгүлтүксүз рамалык аралыгы каралган. Жаңы окуу жылында Кыргызстандын мектептеринде иштей турган 200гө жакын россиялык мугалим Москвада даярдыктан өттү. Алар "Чет өлкөдөгү орус мугалими" долбоорунун алкагында Кыргызстанга жөнөтүлөт. Алгачкы семинар-кеңешмеге чет тили катары орус тилин окуткан жана сабактарды орус тилинде өтө турган 200гө жакын мугалим катышты. Алар Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде иштөөгө даярдык көрүштү. Семинардын жүрүшүндө мугалимдерге алдыдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу уюштуруу жана усулдук маселелер боюнча маалымат берилип, практикалык сабактар жана консультациялар өткөрүлдү. Жыл сайын өтүүчү семинар 22-29-август аралыгында уюштурулуп, ага жалпысынан 500дөн ашык педагог катышат да дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнө иштегени жөнөтүлөт. "Чет өлкөдөгү орус мугалими" долбоору Россиянын Билим берүү министрлиги тарабынан өнөктөш мамлекеттер менен биргеликте 2017-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоор чет өлкөлөрдөгү мектептерде орус тилин окутууну жана орус тилинде билим берүүнү колдоого багытталган. Өлкөдө жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 6,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Ага ылайык, ушул эле мезгилде күнүмдүк керектелүүчү товарлар (кийим-кече, тиричилик буюмдары ж.б.) 5,8 пайызга, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 11,1 пайызга кымбаттаган. Баанын өсүшүнө ички жана тышкы факторлор таасир берип жатканы айтылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы транспорттук жана башка чыгымдардын өсүшүнө таасирин тийгизген. Ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баанын өсүшү белгиленген. БУУга мүчө 193 мамлекеттин 50сү гана Украина боюнча кабыл алынган Россияга каршы билдирүүнү колдоду. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы билдирди. Документке кол койгон өлкөлөр атайын операцияны "мыйзамсыз жана басып кирүү" деп атап, Россияга "ок атууну толугу менен, тез арада жана эч кандай шарт-талап койбой токтотууга" чакырык салышты. Билдирүүнү Даниянын ТИМ башчысы Ларс Лекке окуду. Макул болуп, добушун бергендердин негизги бөлүгүн Европа өлкөлөрү, Украинанын Батыштагы башка союздаштары түзүп, мындан сырткары, ЕБдин делегациясы да колдоду. Анткен менен аларга АКШ кошулган эмес. Россиянын ТИМи Киевге күч топтоп берип, кайра куралданууга убакыт бөлүү максатын көздөгөн жана атышууну ооздуктоо шылтоосу менен жаңжалды жүрүп жаткан жеринен токтотууга багытталган ар кандай аракеттерден майнап чыкпай турганын бир нече ирет эскерткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103185394_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_94f2937bf4ec274af48cd3937340269e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио