https://sputnik.kg/20260826/1103208722.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу... 26.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-26T15:00+0600
2026-08-26T15:00+0600
2026-08-26T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103208556_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_52fd4c0a2ca85c1eb6ba90afc0240c94.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” билдирди. Сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлери кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан тышкары, Кытай лидери өлкөдө өтө турган бир катар ири иш-чараларга катышат: Алсак, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанатка; Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына; Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине барат.
Корумду чокусундагы издөө-куткаруу тобунун жетекчиси Андрей Ерохин каза болгон альпинисттер табылган жерди корсотушту. Ал тоо чокусунда иштөө шарты өтө оор экенин айтып берди. Бул аймакта тынымсыз таш кулап жаткандыктан куткаруучулардын өмүрүнө кошумча коркунуч жаралууда. Ерохин ошондой эле издөө тобун альпинисттер каза болгон жерге мүмкүн болушунча жакын жеткирген кыргызстандык учкучтардын чеберчилигин жогору баалады.25-августта эки альпинисттин сөөгү Ош шаарынын өлүкканасына жеткирилди, ал эми үчүнчүсүн издөө иштери уланууда. Эске салсак, Корумду чокусунда Беларустун жарандары Максим Полянский менен Николай Свиридов жана Литванын жараны Сергей Рубцов каза болгон. Топ чокуга 2-августта чыгып, 4-августта базалык лагерге түшүүнү баштамак, бирок ошондон кийин альпинисттер байланышка чыкпай калган.
“Евразия” коммерциялык эмес автономдуу уюму VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого эл аралык кызматташтык жана маданий диалог баалуулуктарын бөлүшкөн уюмдардын кошулуп жатканы биз үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө бул оюндар жөн гана спорттук иш-чара болбостон, элдерди маданият, каада-салт жана жалпы тарыхый мурас аркылуу бириктирген чоң эл аралык аянтчага айланды”, — деди ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов.
Ирандын ракета жана дрондон койгон чабуулдары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чалгын объектилерин болуп көрбөгөндөй зыянга кептеди. Бул туурасында NBC телеканалы өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирди. Анда Ирандын соккуларынан улам америкалык атайын кызматтын тарыхында аларга оңбогондой эле зыян келтирилип, байкоо жүргүзүүчү жана чалгындоо посттору иштен чыккан. Телеканалдын билдиришинче, бул объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттар миллиарддаган доллар сарптоого мажбур болот. Ал эми буга чейинки маалыматтарда Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий базалары менен техникаларына келтирилген жалпы зыян 13 миллиард долларды чапчыганы айтылган. Буга чейин, июнь айынын ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жол ача турган меморандумга кол койгон болчу. Бирок бир айга жетпей абал кайрадан курчуп кеткен. Акыркы жумаларда тараптар ортомчулардын жардамы менен жаңы келишимдин шарттарын макулдашууга кадам таштаган. Ал эми 20-августта АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы "эң кыйраткыч экономикалык операция" башталганын жарыялап, өнөктөштөрүн Вашингтонду колдоого чакырган.
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу “Ынтымак ордо” билдирди. Сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлери кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган. Мындан тышкары, Кытай лидери өлкөдө өтө турган бир катар ири иш-чараларга катышат: Алсак, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанатка; Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына; Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине барат.Корумду чокусундагы издөө-куткаруу тобунун жетекчиси Андрей Ерохин каза болгон альпинисттер табылган жерди корсотушту. Ал тоо чокусунда иштөө шарты өтө оор экенин айтып берди. Бул аймакта тынымсыз таш кулап жаткандыктан куткаруучулардын өмүрүнө кошумча коркунуч жаралууда. Ерохин ошондой эле издөө тобун альпинисттер каза болгон жерге мүмкүн болушунча жакын жеткирген кыргызстандык учкучтардын чеберчилигин жогору баалады.25-августта эки альпинисттин сөөгү Ош шаарынын өлүкканасына жеткирилди, ал эми үчүнчүсүн издөө иштери уланууда. Эске салсак, Корумду чокусунда Беларустун жарандары Максим Полянский менен Николай Свиридов жана Литванын жараны Сергей Рубцов каза болгон. Топ чокуга 2-августта чыгып, 4-августта базалык лагерге түшүүнү баштамак, бирок ошондон кийин альпинисттер байланышка чыкпай калган.“Евразия” коммерциялык эмес автономдуу уюму VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого эл аралык кызматташтык жана маданий диалог баалуулуктарын бөлүшкөн уюмдардын кошулуп жатканы биз үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө бул оюндар жөн гана спорттук иш-чара болбостон, элдерди маданият, каада-салт жана жалпы тарыхый мурас аркылуу бириктирген чоң эл аралык аянтчага айланды”, — деди ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов. Ирандын ракета жана дрондон койгон чабуулдары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чалгын объектилерин болуп көрбөгөндөй зыянга кептеди. Бул туурасында NBC телеканалы өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирди. Анда Ирандын соккуларынан улам америкалык атайын кызматтын тарыхында аларга оңбогондой эле зыян келтирилип, байкоо жүргүзүүчү жана чалгындоо посттору иштен чыккан. Телеканалдын билдиришинче, бул объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттар миллиарддаган доллар сарптоого мажбур болот. Ал эми буга чейинки маалыматтарда Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий базалары менен техникаларына келтирилген жалпы зыян 13 миллиард долларды чапчыганы айтылган. Буга чейин, июнь айынын ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жол ача турган меморандумга кол койгон болчу. Бирок бир айга жетпей абал кайрадан курчуп кеткен. Акыркы жумаларда тараптар ортомчулардын жардамы менен жаңы келишимдин шарттарын макулдашууга кадам таштаган. Ал эми 20-августта АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы "эң кыйраткыч экономикалык операция" башталганын жарыялап, өнөктөштөрүн Вашингтонду колдоого чакырган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103208556_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e6e399ffcc15a7a2585067933207c704.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио