https://sputnik.kg/20260704/1102231360.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө ачылган "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагында (АФИА) инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар Англиянын... 04.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-04T11:00+0600
2026-07-04T11:00+0600
2026-07-04T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/04/1102231194_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6a11d5b720c8ad097bb60a393ca67b75.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө ачылган "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагында (АФИА) инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар Англиянын мыйзамдарынын негизинде соттук процессиз, калыс чечилет. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров журналисттерге билдирди. Анын айтымында, долбоор дүйнөлүк эң алдыңкы тажрыйбаларды, анын ичинде Казакстандагы эл аралык финансы борборлорунун ийгиликтүү практикасын эске алуу менен түзүлдү. "Бул жерде эл аралык деңгээлде абдан чоң кадыр-баркка ээ болгон англис укук системасы, Англиянын мыйзамдары иштейт. Бул укуктук система өзүнүн кынтыксыздыгы менен таанылган. Ошондуктан инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар дал ушул жерде Англиянын мыйзамдарынын негизинде сот процесси жок, калыс чечилет", — деди Сабиров.
Астана жана Ташкенттен Ысык-Көлгө сезондук авиакаттамдар ачылып жатат Бүгүн Казакстандын борбору Астанадан Тамчы аэропортуна алгачкы эс алуучулар учуп келишти. Астана – Тамчы учак каттамы 31-августка чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Ал эми 8-июлдан тарта Ташкенттен да Ысык-Көлгө ар шаршемби сайын учак келе баштайт.
Экологиялык рейд: 250 млн сом өндүрүлүп, мөңгүлөр корголдуБашкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгында ири мыйзам бузууларды аныктады. Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жер казынасын иштеткен айрым ишканалар милдеттүү салыктарды жана жерди рекультивациялоо боюнча төлөмдөрдү төлөбөй келгени белгилүү болгон. Натыйжада мамлекеттин пайдасына 250 миллион сомдон ашык каражат өндүрүлдү.Ошондой эле мыйзамсыз трансформацияланган 200 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылып, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына кайра кошулду.Мындан тышкары, кен казуу үчүн мыйзамсыз бөлүнүп берилмек болгон 400 гектардан ашык мөңгү аянты мамлекет тарабынан коргоого алынып, анын сакталып калышы камсыздалды.Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын аткарылышын күчөтүү максатында президенттин колдоосу менен Бишкек жана Ош шаарларында атайын экологиялык прокуратуралар түзүлгөнүн маалымдады. Жаңы түзүлгөн түзүмдөр суу объектилерин, жаратылыш аймактарын жана жер казынасын пайдалануу тармагын көзөмөлдөп, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иш алып барат.Ошондой эле жарандар айлана-чөйрөгө зыян келтирүү же экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча фактыларга күбө болгон учурда атайын экологиялык прокуратураларга кайрылууга чакырылды.
Франциядагы катуу ысык кеминде эки миң адамдын өмүрүн алганын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Стефани Рист билдиргенин TF1 телеканалы кабарлады."Министрлик бүгүн бир жуманын ичиндеги өлүмдүн санын жарыялады, ал 2 025ке жетти", — деген Рист. Министр маалыматтар көз жумгандардын 60 пайызга чукулунун өлгөндүгү тууралуу документинин негизинде топтолгонун, андыктан каза тапкандардын саны өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн айткан. Алардын арасында 45тен ашкандар көп. Катуу ысыктан Европанын көп өлкөлөрү жабыркап жатат. Франциянын метеорология кызматы 96 департаменттин ичинен 76сында кооптуураак абал түзүлөрүн билдирген. Ысык 40 градуска чукулдап, бир катар жерлерде андан да ашып кеткен. Кырдаал Италия, Испания, Португалия жана Грецияда кыйын болуп жатат.
Ысык-Көлдө ачылган "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагында (АФИА) инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар Англиянын мыйзамдарынын негизинде соттук процессиз, калыс чечилет. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров журналисттерге билдирди. Анын айтымында, долбоор дүйнөлүк эң алдыңкы тажрыйбаларды, анын ичинде Казакстандагы эл аралык финансы борборлорунун ийгиликтүү практикасын эске алуу менен түзүлдү. "Бул жерде эл аралык деңгээлде абдан чоң кадыр-баркка ээ болгон англис укук системасы, Англиянын мыйзамдары иштейт. Бул укуктук система өзүнүн кынтыксыздыгы менен таанылган. Ошондуктан инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар дал ушул жерде Англиянын мыйзамдарынын негизинде сот процесси жок, калыс чечилет", — деди Сабиров.Астана жана Ташкенттен Ысык-Көлгө сезондук авиакаттамдар ачылып жатат Бүгүн Казакстандын борбору Астанадан Тамчы аэропортуна алгачкы эс алуучулар учуп келишти. Астана – Тамчы учак каттамы 31-августка чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Ал эми 8-июлдан тарта Ташкенттен да Ысык-Көлгө ар шаршемби сайын учак келе баштайт.Экологиялык рейд: 250 млн сом өндүрүлүп, мөңгүлөр корголдуБашкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгында ири мыйзам бузууларды аныктады. Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жер казынасын иштеткен айрым ишканалар милдеттүү салыктарды жана жерди рекультивациялоо боюнча төлөмдөрдү төлөбөй келгени белгилүү болгон. Натыйжада мамлекеттин пайдасына 250 миллион сомдон ашык каражат өндүрүлдү.Ошондой эле мыйзамсыз трансформацияланган 200 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылып, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына кайра кошулду.Мындан тышкары, кен казуу үчүн мыйзамсыз бөлүнүп берилмек болгон 400 гектардан ашык мөңгү аянты мамлекет тарабынан коргоого алынып, анын сакталып калышы камсыздалды.Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын аткарылышын күчөтүү максатында президенттин колдоосу менен Бишкек жана Ош шаарларында атайын экологиялык прокуратуралар түзүлгөнүн маалымдады. Жаңы түзүлгөн түзүмдөр суу объектилерин, жаратылыш аймактарын жана жер казынасын пайдалануу тармагын көзөмөлдөп, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иш алып барат.Ошондой эле жарандар айлана-чөйрөгө зыян келтирүү же экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча фактыларга күбө болгон учурда атайын экологиялык прокуратураларга кайрылууга чакырылды.Франциядагы катуу ысык кеминде эки миң адамдын өмүрүн алганын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Стефани Рист билдиргенин TF1 телеканалы кабарлады."Министрлик бүгүн бир жуманын ичиндеги өлүмдүн санын жарыялады, ал 2 025ке жетти", — деген Рист. Министр маалыматтар көз жумгандардын 60 пайызга чукулунун өлгөндүгү тууралуу документинин негизинде топтолгонун, андыктан каза тапкандардын саны өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн айткан. Алардын арасында 45тен ашкандар көп. Катуу ысыктан Европанын көп өлкөлөрү жабыркап жатат. Франциянын метеорология кызматы 96 департаменттин ичинен 76сында кооптуураак абал түзүлөрүн билдирген. Ысык 40 градуска чукулдап, бир катар жерлерде андан да ашып кеткен. Кырдаал Италия, Испания, Португалия жана Грецияда кыйын болуп жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/04/1102231194_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_88313edf150b1bf759f5f304c9369a36.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио