00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ак илбирс ЭкоФест: экобилим — Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов өлкөдөгү медициналык мекемелердин инфраструктурасын жаңылоо боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. "Акыркы беш жылдын ичинде өлкө боюнча 21 саламаттык сактоо объектиси толугу менен бүткөрүлүп, элдин кызматына берилген. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын булуң-бурчунда дагы 42 ири медициналык объекттин курулушу жигердүү жүрүп жатат. Бул имараттар учурда курулуштун ар кандай этаптарында турат", - деди министр Осмонов.Министр белгилегендей, аталган курулуштардын ичинде Ош жана Талас шаарларында курулуп жаткан заманбап перинаталдык борборлору да бар. Мындан сырткары, өлкө боюнча эскирген ооруканаларды жана бейтапканаларды заманбап талаптарга ылайык модернизациялоо иштери кызуу улантылууда."Мындай масштабдуу өзгөрүүлөр жана курулуштар акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагынын бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 млрд сомго жеткенинин аркасында мүмкүн болду. Бул каражаттар калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган", - деди ал.
Өлкөнү күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи радиодогу” маегинде билдирди. Анын айтымында, товардын сапаты, баасы, логистика боюнча маселелер каралууда. “Учурда бизге сунушталган баа ар түрдүү. Бирок май кымбат болгон күндө да биздин рынокто болушу шарт. Өкмөттүн чечими менен субсидиялоо маселеси каралган. Нефтетрейдерлер өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн баадан жогору алып келсе, өкмөт нефтетрейдерлерге субсидиялап берет. Буга атайын каражат каралган”, – деди Керимов. Маалым болгондой, өлкө боюнча баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Негизсиз жогорулатуулар болсо айып пулга жыгылат.
ЖРТ орто кесиптик окуу жайларга да киргизилди. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Министрдин айтымында, быйыл 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) орто кесиптик окуу жайларга тапшырууда да киргизилди. Анын белгилешинче, мындай чечим жогорку окуу жайларга өтө албай калган бүтүрүүчүлөрдүн колледждерге агылышы менен байланыштуу. "Абдан жакшы даярданып, бирок жогору балл ала албай калган учурлар бар. Ал эми жетиштүү даярдыксыз эле жогорку балл алган абитуриенттер да кездешет. Ар бир баланын артында өзүнчө тагдыр тургандыктан бул жагдай мени көп ойлонтот", - деди министр. Ал ошондой эле учурда бул системаны жакшыртуу боюнча бир катар механизмдер иштелип жатканын, бул үчүн билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин кошумчалады.
Бишкекте 18 автобус түнкү каттамга чыга баштадыМэриядан биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 каттамдар жүрөрүн, ар бир каттамда үчтөн автобус болорун айтышты. Коомдук транспорт күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин жүрөт.Жол кире банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө — 70 сом, накталай төлөмдө 90 сом болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0