https://sputnik.kg/20260703/1102223077.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова аялдарды өлтүргөн кылмышкерлерди түрмөгө өмүрүнүн аягына чейин отургузуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.Эл өкүлү... 03.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-03T17:00+0600
2026-07-03T17:00+0600
2026-07-03T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102222911_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_73a2c1b6384c1514334f512472cdbfb9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова аялдарды өлтүргөн кылмышкерлерди түрмөгө өмүрүнүн аягына чейин отургузуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексине "фемицид" түшүнүгүн киргизүүнү көздөөдө. Ал беренеге ылайык, төмөнкү учурлар өзүнчө оор кылмыш катары каралат: аял болгону үчүн басмырлап өлтүрүү; кош бойлуу кезинде өмүрүн кыюу; зордуктоо же башка сексуалдык зомбулук менен өлтүрүү; өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү же ага түрткү берүү. Документте мындай кылмыш жасагандардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү өмүр бою соттолушу керектиги айтылган. Ошондой эле аларга мунапыс бербөө да камтылган.
Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү өлкөдө ширеңке чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул багытта Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Өзбекстандын ширеңке өндүргөн алдыңкы ишканасынын жетекчилиги менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап өзбек өнөктөштөрүнүн заводуна барып, өндүрүш көлөмү, колдонулган технологиялар жана продукциянын сапаты менен таанышты. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы өндүрүштү Кыргызстандын аймагында уюштуруу болду. Кыргызстандын соода өкүлү Бакай Акбаралиевдин айтымында, бул демилге ички рынокту сапаттуу жана арзан ширеңке менен камсыз кылуу, жеткирүү чыгымдарын азайтуу, өлкөгө түз чет өлкөлүк инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Өзбекстандык ишкананын жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна кирүүгө абдан кызыкдар экенин билдирди. Тараптар жакынкы арада өндүрүштүк-экономикалык маалыматтарды алмашып, долбоордун натыйжалуулугун баалоону макулдашты.
16-19-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык кинофестивалы өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган ири маданий иш-чара уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусуна арналат. Фестивалга ШКУга мүчө сегиз мамлекеттин расмий делегациялары, киноиндустрия өкүлдөрү жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышат. "Программага ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясынын өнүгүүсүн чагылдырган көркөм тасмалар, 2025-2026-жылдардагы кинотасмалардын панорамасы жана Кыргызстандын эл артисти, белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр киргизилет", - деп айтылат маалыматта. Фестивалдын жеңүүчүлөрү эл аралык калыстар тобу тарабынан аныкталып, жабылуу аземи сыйлоо аземи жана гала-концерт менен жыйынтыкталат. Ошондой эле иш-чаранын алкагында кино тармагындагы кызматташтык, биргелешкен кино өндүрүшү жана тажрыйба алмашуу маселелерине арналган эл аралык тегерек стол уюштурулат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн террордук согушу жаңы баскычка чыкты. Бул тууралуу РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник брифинг учурунда айтты.Мирошниктин айтымында, Украина Куралдуу күчтөрү эбегейсиз жоготууга учурап жатканын Киевдин өзү да, анын кураторлорунун да көргүсү жок. Акыркы бир жыл ичинде Россия каршы тарапка 20 миң согушкердин сөөгүн өткөрүп берген. Деген менен батыш аткаминерлеринин эң чоң кылмышы — чындыкты жашырып, Киев режимин жазалоого жол бербей калкалап жатканында.Элчи 2022-жылдын февралынан бери украин армиясы жарандык объектилерге 460 ирет сокку урганын белгилеп, андан 8,5 миң жай тургун көз жумганын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова аялдарды өлтүргөн кылмышкерлерди түрмөгө өмүрүнүн аягына чейин отургузуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.Эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексине "фемицид" түшүнүгүн киргизүүнү көздөөдө. Ал беренеге ылайык, төмөнкү учурлар өзүнчө оор кылмыш катары каралат: аял болгону үчүн басмырлап өлтүрүү; кош бойлуу кезинде өмүрүн кыюу; зордуктоо же башка сексуалдык зомбулук менен өлтүрүү; өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү же ага түрткү берүү. Документте мындай кылмыш жасагандардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү өмүр бою соттолушу керектиги айтылган. Ошондой эле аларга мунапыс бербөө да камтылган.Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү өлкөдө ширеңке чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул багытта Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Өзбекстандын ширеңке өндүргөн алдыңкы ишканасынын жетекчилиги менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап өзбек өнөктөштөрүнүн заводуна барып, өндүрүш көлөмү, колдонулган технологиялар жана продукциянын сапаты менен таанышты. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы өндүрүштү Кыргызстандын аймагында уюштуруу болду. Кыргызстандын соода өкүлү Бакай Акбаралиевдин айтымында, бул демилге ички рынокту сапаттуу жана арзан ширеңке менен камсыз кылуу, жеткирүү чыгымдарын азайтуу, өлкөгө түз чет өлкөлүк инвестиция тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Өзбекстандык ишкананын жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна кирүүгө абдан кызыкдар экенин билдирди. Тараптар жакынкы арада өндүрүштүк-экономикалык маалыматтарды алмашып, долбоордун натыйжалуулугун баалоону макулдашты.16-19-июлда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык кинофестивалы өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, аталган ири маданий иш-чара уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусуна арналат. Фестивалга ШКУга мүчө сегиз мамлекеттин расмий делегациялары, киноиндустрия өкүлдөрү жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышат. "Программага ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кинематографиясынын өнүгүүсүн чагылдырган көркөм тасмалар, 2025-2026-жылдардагы кинотасмалардын панорамасы жана Кыргызстандын эл артисти, белгилүү кинооператор Кадыржан Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр киргизилет", - деп айтылат маалыматта. Фестивалдын жеңүүчүлөрү эл аралык калыстар тобу тарабынан аныкталып, жабылуу аземи сыйлоо аземи жана гала-концерт менен жыйынтыкталат. Ошондой эле иш-чаранын алкагында кино тармагындагы кызматташтык, биргелешкен кино өндүрүшү жана тажрыйба алмашуу маселелерине арналган эл аралык тегерек стол уюштурулат.Украина Куралдуу күчтөрүнүн террордук согушу жаңы баскычка чыкты. Бул тууралуу РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник брифинг учурунда айтты.Мирошниктин айтымында, Украина Куралдуу күчтөрү эбегейсиз жоготууга учурап жатканын Киевдин өзү да, анын кураторлорунун да көргүсү жок. Акыркы бир жыл ичинде Россия каршы тарапка 20 миң согушкердин сөөгүн өткөрүп берген. Деген менен батыш аткаминерлеринин эң чоң кылмышы — чындыкты жашырып, Киев режимин жазалоого жол бербей калкалап жатканында.Элчи 2022-жылдын февралынан бери украин армиясы жарандык объектилерге 460 ирет сокку урганын белгилеп, андан 8,5 миң жай тургун көз жумганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102222911_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_01a8876f2c6c31e047c7f7b9f54a2a08.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио