https://sputnik.kg/20260703/1102219452.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Биринчи май райондук соту "75чилер каты" боюнча өкүм чыккандарга эмне үчүн пробация колдонулганын түшүндүрдү. Сот айыпталуучулар кылмышты аягына чейин жасабай... 03.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-03T15:00+0600
2026-07-03T15:00+0600
2026-07-03T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102219286_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_31125ad66683f4ae74a22fd7c91e0c0e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Биринчи май райондук соту "75чилер каты" боюнча өкүм чыккандарга эмне үчүн пробация колдонулганын түшүндүрдү. Сот айыпталуучулар кылмышты аягына чейин жасабай, ага даярдык көргөн деген бүтүм чыгарган. Өкүмдө алардын мүнөздөмөсү жана оңоло турганы эске алынган. Ошондой эле сот пробация жоопкерчиликтен бошотуу эмес, мамлекет көзөмөлдөгөн жаза чарасы экенин белгиледи. Эске салсак, аталган иш боюнча айыпталгандарга Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири төрт жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, баарынын тең мүлкү конфискацияланмакчы жана жазасын пробация менен өтөмөй болгон.
Социалдык фонд пенсия курагына жеткендерге жана майыптыгы бар жарандарга пенсия дайындоо процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы системаны ишке киргизүүгө даярданууда. Эми жарандарга маалым каттарды чогултуунун жана Соцфонддун бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок. Система эмгек стажы жана кирешелер тууралуу маалыматтарды өзү топтоп, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептейт жана пенсияны автоматтык түрдө тариздейт. Пенсия курагына жетүүгө туура бир ай калганда кыргызстандыктардын "Түндүк" тиркемесиндеги жеке кабинетине Соцфонддон билдирүү келет, аны ачып, пенсия ала турган банкты гана тандоо керек болот.
Эсеп палатасы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунан дээрлик 1 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Ишкананын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, жалпысынан 967 миллион 824,3 миң сомдук ката, кемчиликтер табылган. Мунун ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылышы керек болгон. Бирок текшерүү учурунда анын 8 миллион 904,9 миң сому гана өндүрүлгөн. Мындан сырткары, аудиторлор эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө 281 миллион 422 миң сомдук мыйзам бузууларды табышкан. Ошондой эле жетекчиликтин дебитордук карыздар менен начар иштегенинен улам ишкана 120 миллион сомду өндүрүп алуу чараларын көргөн эмес. Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, дагы 53 миллион 954,9 миң сом ченемден ашыкча жана негизсиз чыгымдарга жумшалган. Капиталдык курулушта 6 миллион 456,3 миң сомдук, ал эми мамлекеттик сатып алуулар тармагында 2 миллион 127,5 миң сомдук мыйзам бузуулар катталган. Текшерүү учурунда жерлерди рекультивациялоодо мыйзам талаптары сакталбагандыгына байланыштуу 8 миллион 904,9 миң сом кайтарылган.Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.
Июль айында студенттер менен окутуучулар тууралуу бирдиктүү санариптик маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Анын айтымында, буга чейин ар бир жогорку окуу жайы өзүнүн AVN системасы аркылуу иштеп келген. Ал системаларда студенттердин маалыматтары, окуу процесси, окутуучулардын лекциялары, семинарлары, модулдары жана башка окуу материалдары камтылган. Министр жогорку окуу жайларындагы AVN системаларынын өнүгүү деңгээли ар кандай экенин белгиледи. Айрым университеттер платформаларын заман талабына ылайык жаңыртып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе, кээ бирлеринде система эски бойдон калган. Ушуга байланыштуу министрлик учурда бардык жогорку окуу жайларынан маалыматтарды чогултуп, борборлоштурулган бирдиктүү маалымат базасын түзүүдө.
Биринчи май райондук соту "75чилер каты" боюнча өкүм чыккандарга эмне үчүн пробация колдонулганын түшүндүрдү. Сот айыпталуучулар кылмышты аягына чейин жасабай, ага даярдык көргөн деген бүтүм чыгарган. Өкүмдө алардын мүнөздөмөсү жана оңоло турганы эске алынган. Ошондой эле сот пробация жоопкерчиликтен бошотуу эмес, мамлекет көзөмөлдөгөн жаза чарасы экенин белгиледи. Эске салсак, аталган иш боюнча айыпталгандарга Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ар бири төрт жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, баарынын тең мүлкү конфискацияланмакчы жана жазасын пробация менен өтөмөй болгон.Социалдык фонд пенсия курагына жеткендерге жана майыптыгы бар жарандарга пенсия дайындоо процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы системаны ишке киргизүүгө даярданууда. Эми жарандарга маалым каттарды чогултуунун жана Соцфонддун бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок. Система эмгек стажы жана кирешелер тууралуу маалыматтарды өзү топтоп, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептейт жана пенсияны автоматтык түрдө тариздейт. Пенсия курагына жетүүгө туура бир ай калганда кыргызстандыктардын "Түндүк" тиркемесиндеги жеке кабинетине Соцфонддон билдирүү келет, аны ачып, пенсия ала турган банкты гана тандоо керек болот.Эсеп палатасы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунан дээрлик 1 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Ишкананын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, жалпысынан 967 миллион 824,3 миң сомдук ката, кемчиликтер табылган. Мунун ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылышы керек болгон. Бирок текшерүү учурунда анын 8 миллион 904,9 миң сому гана өндүрүлгөн. Мындан сырткары, аудиторлор эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө 281 миллион 422 миң сомдук мыйзам бузууларды табышкан. Ошондой эле жетекчиликтин дебитордук карыздар менен начар иштегенинен улам ишкана 120 миллион сомду өндүрүп алуу чараларын көргөн эмес. Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, дагы 53 миллион 954,9 миң сом ченемден ашыкча жана негизсиз чыгымдарга жумшалган. Капиталдык курулушта 6 миллион 456,3 миң сомдук, ал эми мамлекеттик сатып алуулар тармагында 2 миллион 127,5 миң сомдук мыйзам бузуулар катталган. Текшерүү учурунда жерлерди рекультивациялоодо мыйзам талаптары сакталбагандыгына байланыштуу 8 миллион 904,9 миң сом кайтарылган.Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.Июль айында студенттер менен окутуучулар тууралуу бирдиктүү санариптик маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова билдирди. Анын айтымында, буга чейин ар бир жогорку окуу жайы өзүнүн AVN системасы аркылуу иштеп келген. Ал системаларда студенттердин маалыматтары, окуу процесси, окутуучулардын лекциялары, семинарлары, модулдары жана башка окуу материалдары камтылган. Министр жогорку окуу жайларындагы AVN системаларынын өнүгүү деңгээли ар кандай экенин белгиледи. Айрым университеттер платформаларын заман талабына ылайык жаңыртып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе, кээ бирлеринде система эски бойдон калган. Ушуга байланыштуу министрлик учурда бардык жогорку окуу жайларынан маалыматтарды чогултуп, борборлоштурулган бирдиктүү маалымат базасын түзүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/03/1102219286_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_09701b74c2f0006d488e43c72edeea4e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио