00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров акимдерди, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин эл менен жылына эки жолу жолугуп, маселелерин угууга милдеттендирди. Мамлекет башчы бул боюнча мыйзамга кол койду. Ага ылайык, акимдер менен мэрлер жыл сайын февраль–март жана ноябрь–декабрь айларында эл менен жолугушуу өткөрүүгө тийиш. Мыйзамды быйыл 10-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Максат — акимдердин жана шаар башчыларынын ишинин ачыктыгын, айкындыгын камсыз кылуу, жергиликтүү жамааттын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу экени айтылды.
Жалал-Абадда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы текшерилди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда калдыктарды туура башкаруу жана сорттоо, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, жаратылышка терс таасир тийгизүүнүн алдын алуу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. "Натыйжада аталган тилкеде курулуш иштери экологиялык нормаларга ылайык жүрүп жатканы жана эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганы тастыкталды", - деп айтылат маалыматта. Адистер курулуш жүргүзүп жаткан мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык мыйзамдарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүчүлөр өлкөнүн экологиялык мыйзамдарынын талаптарын жоопкерчилик менен аткаруу зарылдыгын дагы бир ирет эскертишти.
Бүгүндөн тарта Бишкекте 18 автобус түнкү каттамга чыкмай болду.Мэриядан биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 каттамдар жүрөрүн, ар бир каттамда үчтөн автобус болорун айтышты. Коомдук транспорт күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин жүрөт. Жол кире банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө — 70 сом, накталай төлөмдө 90 сом болмокчу.
Украиналык бизнесмен Вадим Ермолаевге Монакодогу кол салууга анын Германияда жашаган 30 жаштагы мекендеши шектелип жатат. Бул туурасында европалык ЖМКлар жазды.Бейшемби күнү Монаконун прокуратурасы атын-жөнүн атабай, бирок шектүүнү кармоого ордер берилгенин билдирген. France Info телеканалынын маалыматына таянсак, аял кылмыш жасагандан кийин Босолей шаарчасына кетип, андан ары шериги менен Италияга качкан. Le Figaro жардыруу жасалган күнү украин аял Ермолаевдин үйүнө бир нече ирет келгенин билдирген. Ал эми BFMTV аял эркектердей кийинип алып, олигархтын жакыны Анна Насобина жанынан өтүп бара жатканда аралыктан туруп жардыра турган аппаратты иштетип жиберген. Мунун кесепетинен аял катуу жарадар болуп, бутунун бир бөлүгүн кесүүгө туура келген. Мындан сырткары, ишкердин уулу да жабыркаган. Ал эми ишкер Ермолаев өзү оор абалда жатканы айтылды. Мурдараак укриан ЖМКлары Ермолаев менен Насобина көп жылдан бери чогуу жашап жүрүшкөнүн, бир уулдуу болгонун жазышкан. Ал эми бизнесмендин мыйзамдуу аялы комментарий берүүдөн баш тарткан. Тергөө Ермолаевко кол салуунун артында Украинанын Куралдуу күчтөрү турат деп билдирүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0