Жапаров Ысык-Көлдөгү жаңы лыжа базасынын асма жолдорун сынап көрдү. Сүрөт

© Фото / DOSALIEV SULTAN
Жазылуу
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасынын асма жолдорунун алгачкы техникалык сыноосун баштап берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

1/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Бүгүнкү күндө узундугу 1727 метрди түзгөн В-1 жана 2296 метрлик В-2 асма жолдорунун курулушу толугу менен аяктаган

2/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Садыр Жапаров эс алуу жайынын инфраструктурасынын курулушун көрүп, алгачкы эки асма жолду ишке киргизди

3/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Өлкө башчысы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтө турган дагы төрт асма жолдун станцияларынын пайдубалына капсула салды
1/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Бүгүнкү күндө узундугу 1727 метрди түзгөн В-1 жана 2296 метрлик В-2 асма жолдорунун курулушу толугу менен аяктаган
2/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Садыр Жапаров эс алуу жайынын инфраструктурасынын курулушун көрүп, алгачкы эки асма жолду ишке киргизди
3/3
© Фото / DOSALIEV SULTAN
Өлкө башчысы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтө турган дагы төрт асма жолдун станцияларынын пайдубалына капсула салды
Ага ылайык, Жапаров эс алуу жайынын инфраструктурасынын курулушун көрүп, алгачкы эки асма жолду ишке киргизди. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтө турган дагы төрт асма жолдун станцияларынын пайдубалына капсула салды.
Бүгүнкү күндө узундугу 1727 метрди түзгөн В-1 жана 2296 метрлик В-2 асма жолдорунун курулушу толугу менен аяктаган.
Долбоордун алкагында коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурулуп, коргоочу торлор, инженердик коргонуу, навигация жана суу агызуу системалары орнотулууда.
"Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабы ушул жылдын декабрь айында ачылат. Алгачкы этапта лыжа трассалары, алты асма жол, административдик имараттар, ижарага берүү пунктулары жана унаа токтотуучу жайлар пайдаланууга берилет. Долбоор толук ишке ашкандан кийин "Жыргалаң" курорттук шаарчасындагы лыжа трассаларынын узундугу 120 чакырымды, ал эми "Ала-Тоо Резорттун" үч аймагындагы жалпы трассалардын узундугу 250 чакырымга жакын болот", — деп айтылат маалыматта.
Бул эл аралык деңгээлдеги курорт жылына 4 миллионго чейин турист кабыл алып, өлкөдө болжол менен жети миң жаңы жумуш ордун түзүүгө шарт түзөт.
