Бишкек — Ош жолунда тоо бетине эмнеге тор тартылды? Министрликтин жообу
Бишкек — Ош жолунда тоо бетине эмнеге тор тартылды? Министрликтин жообу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү жана таш көп түшкөн 400-чакырымында 742 метрлик эки тилкелүү тоннель салынат. Бул тууралуу... 02.07.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү жана таш көп түшкөн 400-чакырымында 742 метрлик эки тилкелүү тоннель салынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылууда: Бул масштабдуу долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылууда. Тоннелди толугу менен пайдаланууга берүү 2028-жылга пландалган.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун кар көчкү жана таш көп түшкөн 400-чакырымында 742 метрлик эки тилкелүү тоннель салынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Тоннелди толугу менен пайдаланууга берүү 2028-жылга пландалган
Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылууда:
жолдун 409-чакырымында таш кулоодон коргоочу курулмалар, ал эми 451-чакырымында жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар орнотулууда;
тоннелдин Бишкек тараптан кире беришиндеги тоо бооруна коргоочу торлорду тартуу иштери 90 пайызга аяктады;
курулушка керектүү болгон бетон заводу толугу менен курулуп бүттү. Ошондой эле инженер-консультанттар үчүн кеңсе жана лабораториянын курулушу аяктоо алдында турат;
тоннелди курууга зарыл болгон бардык атайын материалдар Япониядан этап-этабы менен жеткирилүүдө. Учурда курулуш материалдарынын жети партиясы өлкөгө алып келинди.
Бул масштабдуу долбоор Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылууда.
Тоннелди толугу менен пайдаланууга берүү 2028-жылга пландалган.