Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1 943 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн... 01.07.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1 943 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригестин маалыматына таянып билдирди. Урандылардын алдынан жалпысынан 6 461 адам аман-эсен куткарылып чыкса, дагы 13 500гө жакын киши өз алдынча же туугандары менен кошуналарынын жардамы аркылуу кутулуп чыгышкан. 24-июндун кечинде Венесуэлада күчтүү жер титирөө катталган. Магнитудасы 7,2 жана 7,5 болгон эки ирет жер силкинүү болгон. Алар Морона шаарынан 16 чакырым, ал эми Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым алыстыкта катталган. 250дөн ашык имарат жабыркап же толугу менен кыйраган. Эң оор кырдаал Ла-Гуайра штатында байкалууда. Бул жер титирөө Венесуэлада акыркы 126 жылдагы эң күчтүү зилзала болуп калды.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1 943 адамга жетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригестин маалыматына таянып билдирди.
"Соңку маалыматтарга карата 1 943 адамдын өмүрү кыйылып, 10 571 киши жаракат алган", — деген ал.
Урандылардын алдынан жалпысынан 6 461 адам аман-эсен куткарылып чыкса, дагы 13 500гө жакын киши өз алдынча же туугандары менен кошуналарынын жардамы аркылуу кутулуп чыгышкан.
Венесуэлада болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1 943 адамга жетти
24-июндун кечинде Венесуэлада күчтүү жер титирөө катталган. Магнитудасы 7,2 жана 7,5 болгон эки ирет жер силкинүү болгон. Алар Морона шаарынан 16 чакырым, ал эми Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым алыстыкта катталган.
250дөн ашык имарат жабыркап же толугу менен кыйраган. Эң оор кырдаал Ла-Гуайра штатында байкалууда.
Бул жер титирөө Венесуэлада акыркы 126 жылдагы эң күчтүү зилзала болуп калды.