https://sputnik.kg/20260630/1102146131.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.Жыйында... 30.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-30T08:59+0600
2026-06-30T08:59+0600
2026-06-30T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1e/1102145965_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f9aa69583ae33acbb265b436e250be68.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.Жыйында күйүүчү-майлоочу май рыногунун учурдагы абалы, мунай заттарынын запастары жана жеткирүү логистикасы каралды. Тийиштүү мекемелер дүйнөлүк геосаясий кырдаалдын таасири менен жеткирүү чынжырларында жана бааларда басым сакталып жатканын белгилешти. Ошондой эле импортту диверсификациялоо жана альтернативдүү жеткирүү булактарын кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бир катар жаңы багыттар боюнча макулдашууларга жетишилгени, бул рынокту турукташтырууга өбөлгө түзөрү айтылды.Министрлер кабинети төрагасы энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички рынокто күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, жооптуу органдарга күнүмдүк мониторинг жүргүзүп, ыкчам отчет берип турууну тапшырды.
Кыргызстанда 9 млн көчөт отургузуу пландалуудаБыйыл “Жашыл мурас” демилгесинин алкагында 9 миллион көчөт отургузуу пландалган. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди. Анын айтымында, учурда пландын 80 пайызга жакыны аткарылып, бул болжол менен 6 миллионго жакын көчөттү түзөт. Калган бөлүгү күз мезгилинде отургузулат.Министр көчөттөрдү отургузуу жана багуу иштери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүрүп жатканын белгилеп, алардын тамырлап кетүү деңгээли орто эсеп менен 80 пайызды түзөрүн айтты.Ошондой эле “Жашыл мурас” демилгесин санариптештирүү пландалып, жарандар көчөт отургузуу иштеринин жүрүшүн онлайн форматта көзөмөлдөй ала турган платформа түзүлөрү кошумчаланды.
Бишкекте 1-июлдан тартып 8 автобустун каттамы өзгөрөтБишкек шаарында коомдук транспорт каттамдарын оптималдаштыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 1-июлдан тартып №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдардын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилет.Өзгөртүүлөр шаардагы коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, каттамдардын натыйжалуулугун жакшыртууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.Мэрия шаар тургундарын жана конокторун сапарларын алдын ала пландап, жаңыланган каттам схемаларын эске алууга чакырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май (КММ) менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.Жыйында күйүүчү-майлоочу май рыногунун учурдагы абалы, мунай заттарынын запастары жана жеткирүү логистикасы каралды. Тийиштүү мекемелер дүйнөлүк геосаясий кырдаалдын таасири менен жеткирүү чынжырларында жана бааларда басым сакталып жатканын белгилешти. Ошондой эле импортту диверсификациялоо жана альтернативдүү жеткирүү булактарын кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бир катар жаңы багыттар боюнча макулдашууларга жетишилгени, бул рынокту турукташтырууга өбөлгө түзөрү айтылды.Министрлер кабинети төрагасы энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички рынокто күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, жооптуу органдарга күнүмдүк мониторинг жүргүзүп, ыкчам отчет берип турууну тапшырды.Кыргызстанда 9 млн көчөт отургузуу пландалуудаБыйыл “Жашыл мурас” демилгесинин алкагында 9 миллион көчөт отургузуу пландалган. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди. Анын айтымында, учурда пландын 80 пайызга жакыны аткарылып, бул болжол менен 6 миллионго жакын көчөттү түзөт. Калган бөлүгү күз мезгилинде отургузулат.Министр көчөттөрдү отургузуу жана багуу иштери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүрүп жатканын белгилеп, алардын тамырлап кетүү деңгээли орто эсеп менен 80 пайызды түзөрүн айтты.Ошондой эле “Жашыл мурас” демилгесин санариптештирүү пландалып, жарандар көчөт отургузуу иштеринин жүрүшүн онлайн форматта көзөмөлдөй ала турган платформа түзүлөрү кошумчаланды.Бишкекте 1-июлдан тартып 8 автобустун каттамы өзгөрөтБишкек шаарында коомдук транспорт каттамдарын оптималдаштыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 1-июлдан тартып №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдардын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилет.Өзгөртүүлөр шаардагы коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, каттамдардын натыйжалуулугун жакшыртууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.Мэрия шаар тургундарын жана конокторун сапарларын алдын ала пландап, жаңыланган каттам схемаларын эске алууга чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1e/1102145965_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dccac564176cb1fb4928e47061a76e52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио