00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тогуз-Тородо Казарман ГЭСтер каскадынын курулушуна чыйыр салынды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКазарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусу салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Казарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусу салынып, ага президент Садыр Жапаров катышты. 
 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бүгүн 25-июнда Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусу салынып, ал аземге президент Садыр Жапаров катышты. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы Казарман ГЭСтер каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп каларын айтты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

"Алабуга", "Кара-Булуң-1", "Кара-Булуң-2" аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 МВт.

"Алабуга", "Кара-Булуң-1", "Кара-Булуң-2" аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 МВт. - Sputnik Кыргызстан
1/2

"Алабуга", "Кара-Булуң-1", "Кара-Булуң-2" аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 МВт.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркиянын өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркиянын өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркиянын өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди.

1/2

"Алабуга", "Кара-Булуң-1", "Кара-Булуң-2" аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 МВт.

2/2

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркиянын өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди.

"Алабуга", "Кара-Булуң-1", "Кара-Булуң-2" аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 МВт. Бул ГЭСтер каскадынын жылдык электр кубатын өндүрүүнүн орточо көлөмү 3,75 миллиард киловатт-сааттан ашат. Инвестициянын көлөмү 3 миллиард долларга жакын каражатты түзөт. Долбоор "Орта Азия Инвестмент Холдинг" ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылмакчы.
"Бүгүн пайдубалы түптөлүп жаткан Казарман ГЭСтер каскады долбоорун Кыргызстандын энергетикалык келечегин аныктаган стратегиялык долбоор катары карашыбыз керек. Ал колдонууга берилгенде өлкөбүздүн энергетикалык дарамети дагы да жогорулап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана келечек муундардын бакубат жашоосуна кызмат кылат деп ишенем", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле долбоорду ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркиянын өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди.
"Азыркы учурда Сары-Таш, Капчыгай чакан гидроэлектр станцияларын, кубаттуулугу 145,8 МВт түзгөн Чаткал ГЭСтер каскадын куруу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашырууу аяктагандан кийин электр энергиясынын азыркы тартыштыгы жоюлбаса дагы, жоюу багытына түшөбүз", — деди президент бул жааттагы башка долбоорлорго токтолуп.
Ал акыркы беш жылда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциясы курулганын, учурда дагы 50гө жакын ГЭСтин курулушу жүрүп жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле күн жана шамал электр станцияларынын курулушу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.
Президент белгилегендей, Казарман ГЭСтер каскадынын курулушун 2031-жылга чейин бүткөрүү пландалууда.
"Объект ишке киргизилгенден кийин, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу аяктагандан соң, Кыргызстан өзүнүн электр энергияга болгон муктаждыгын толук канааттандырып гана тим болбостон, коңшу өлкөлөргө электр энергиясын жеткирген экспорттоочу мамлекет боло алат", — деп айтылат таратылган маалыматта.
ГЭС курууга даярдык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2026
Таласта "Альянс гидро" кичи ГЭСинин курулушу башталды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0