https://sputnik.kg/20260622/1102010333.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"75чилер каты" боюнча Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан жараян кайра жабык өтө баштады. Прокурор иште жашыруун материалдар бар экенин айтып... 22.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-22T13:00+0600
2026-06-22T13:00+0600
2026-06-22T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/16/1102010167_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fce83ce873d8a7564769665c2d34e4e4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"75чилер каты" боюнча Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан жараян кайра жабык өтө баштады. Прокурор иште жашыруун материалдар бар экенин айтып, журналисттер соттун башталышын кечеңдетип жатканын жүйө келтирип сотту жабык өткөрүүнү өтүнгөн. Сунушту иштин фигуранттары болгон УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурлан Тургунбек уулу колдошту. Буга ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов каршы чыгып, соттун ачык өтүшүн талап кылган. Бирок тартип бузду делип залдан чыгарылды.
Ички иштер министрлиги өзгөчө абал жарыяланганда жана мамлекеттик иш-чаралар өткөн учурда элдеги курал-жаракты убактылуу ала турууну сунуштап жатат. ИИМ 1999-жылы кабыл алынган "Курал-жарак тууралуу" мыйзамды жаңылоону демилгелөөдө. Документке ылайык, "ыргытма курал", "ыргытылуучу снаряд", "оюк ок атуучу курал", "тегиз стволдуу ок атуучу курал", "жаа", "арбалет" сыяктуу бир катар тактоочу түшүнүктөр киргизилмекчи. Мындан тышкары, ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка барган кишинин курал-жарагын жана ок-дарысын алып коюуну сунуштады. Мындай чара ордердин мөөнөтү бүткүчө күчүндө болот.
Өлкөдө май куюучу жайларда алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгенин максаты — мас болуп унаа айдоону алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу. Документтин негиздемесинде белгиленгендей, мындай чектөөлөр эл аралык практикада колдонулуп, өз натыйжасын берип келет. Учурдагы мыйзамда алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынган жерлердин тизмеси бар. Бирок ага май куюучу жана газ куюучу станциялар кирген эмес.
Украина Польша койгон шартты аткармайынча Евробиримдикке кошулууга уруксат ала албайт. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери Влодимеж Чажастый Polsat News каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Украина Польшасыз Евробиримдикке кире албайт. Мүчөлүк боюнча шарт кое турган убакыт келди", — деген ал ортодогу курчуп жаткан мамилеге оюн билдирип жатып. Саясатчынын айтымында, украин тараптын жоругунан кийин пикир келишпестикке карабай тараптардын бири чегиниши керек. Өткөн ишемби күнү Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбой турганын, буга Киев менен айрым маселелерде пикир келишпестик себеп экенин айткан. Жума күнү Польша президенти Кароль Навроцкий Владимир Зеленскийдин Украинада Көтөрүлүшчүлөр армиясынын башчыларын даңазалоосуна байланыштуу аны өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгынан ажыратканын жар салган. Буга жооп кылып Зеленскийдин артынан Ак бүркүт ордени менен сыйланган Украинанын үч экс-президенти: Леонич Кучма, Виктор Ющенко жана Петр Порошенко наамдан баш тартышкан. Аларга удаа эле тышкы иштер министри Андрей Сибиге, Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов, Киевдин Варшавадагы элчиси Василий Бондар жана башка бир катар ишмерлер орденди кайтарышкан.
"75чилер каты" боюнча Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан жараян кайра жабык өтө баштады. Прокурор иште жашыруун материалдар бар экенин айтып, журналисттер соттун башталышын кечеңдетип жатканын жүйө келтирип сотту жабык өткөрүүнү өтүнгөн. Сунушту иштин фигуранттары болгон УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, экс-прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурлан Тургунбек уулу колдошту. Буга ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асанов каршы чыгып, соттун ачык өтүшүн талап кылган. Бирок тартип бузду делип залдан чыгарылды.Ички иштер министрлиги өзгөчө абал жарыяланганда жана мамлекеттик иш-чаралар өткөн учурда элдеги курал-жаракты убактылуу ала турууну сунуштап жатат. ИИМ 1999-жылы кабыл алынган "Курал-жарак тууралуу" мыйзамды жаңылоону демилгелөөдө. Документке ылайык, "ыргытма курал", "ыргытылуучу снаряд", "оюк ок атуучу курал", "тегиз стволдуу ок атуучу курал", "жаа", "арбалет" сыяктуу бир катар тактоочу түшүнүктөр киргизилмекчи. Мындан тышкары, ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка барган кишинин курал-жарагын жана ок-дарысын алып коюуну сунуштады. Мындай чара ордердин мөөнөтү бүткүчө күчүндө болот.Өлкөдө май куюучу жайларда алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгенин максаты — мас болуп унаа айдоону алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу. Документтин негиздемесинде белгиленгендей, мындай чектөөлөр эл аралык практикада колдонулуп, өз натыйжасын берип келет. Учурдагы мыйзамда алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынган жерлердин тизмеси бар. Бирок ага май куюучу жана газ куюучу станциялар кирген эмес.Украина Польша койгон шартты аткармайынча Евробиримдикке кошулууга уруксат ала албайт. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери Влодимеж Чажастый Polsat News каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Украина Польшасыз Евробиримдикке кире албайт. Мүчөлүк боюнча шарт кое турган убакыт келди", — деген ал ортодогу курчуп жаткан мамилеге оюн билдирип жатып. Саясатчынын айтымында, украин тараптын жоругунан кийин пикир келишпестикке карабай тараптардын бири чегиниши керек. Өткөн ишемби күнү Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбой турганын, буга Киев менен айрым маселелерде пикир келишпестик себеп экенин айткан. Жума күнү Польша президенти Кароль Навроцкий Владимир Зеленскийдин Украинада Көтөрүлүшчүлөр армиясынын башчыларын даңазалоосуна байланыштуу аны өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгынан ажыратканын жар салган. Буга жооп кылып Зеленскийдин артынан Ак бүркүт ордени менен сыйланган Украинанын үч экс-президенти: Леонич Кучма, Виктор Ющенко жана Петр Порошенко наамдан баш тартышкан. Аларга удаа эле тышкы иштер министри Андрей Сибиге, Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов, Киевдин Варшавадагы элчиси Василий Бондар жана башка бир катар ишмерлер орденди кайтарышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/16/1102010167_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d1f5b194f1ce309b11382cd4e05fe769.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио