00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:05
55 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Кыргыз музыкасынын классиги: Жумамүдүн Шералиевди эскерүү
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Ачык кеп
Кыргызстан авиациялык коопсуздук боюнча Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарылды: бул кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
21:11
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эксперт: ЖМКга ишеним төмөндөбөш үчүн ЖИ адамдын көзөмөлүндө болушу керек

© AP Photo / Martin MeissnerЖасалма интеллект боюнча көргөзмө. Архив
Жасалма интеллект боюнча көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2026
Жазылуу
БОСТЕРИ, 19-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөр жасалма интеллект менен иштөө үчүн биргелешкен маалымат базаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы керек. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Дмитрий Горностаев билдирди.
Ал Ысык-Көлдө өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн медиафорумунда сөз сүйлөдү.
Горностаевдин айтымында, уюмга мүчө мамлекеттер бардык катышуучулар үчүн түшүнүктүү терминдер менен аныктамаларга негизделген жалпы маалымат топтомдорун түзүүгө тийиш.
Ал ошондой эле өзгөчө журналистика тармагында жасалма интеллектини көзөмөлдөп туруу зарылдыгын белгиледи. Эксперттин айтымында, жасалма интеллект аркылуу бурмаланган видеолор жана башка жалган маалымат таратуучу технологиялар кеңири жайылган шартта аудиториянын жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон ишеними негизги баалуулук бойдон калууда.
Горностаев материалдарды жарыялоо боюнча акыркы чечимди адам кабыл алышы керек деп эсептейт. Ошондой эле жасалма интеллектинин жардамы менен даярдалган ар бир материал үчүн конкреттүү адамдар жана редакциялар жоопкерчилик тартышы зарыл экенин айтты.
"Жасалма интеллект контентти текшерүү жана талдоо сыяктуу иштерде колдонулган курал бойдон калууда. Бирок анын жардамы менен даярдалган ар бир материалдын артында аты-жөнү белгилүү болгон конкреттүү адам турушу керек. Ар кандай каталар, ошондой эле атайылап же кокусунан тараган жалган маалымат үчүн жооптуу адамдар аныкталышы зарыл. Бул жоопкерчилик сакталышы керек", — деди Горностаев.
Ошондой эле журналисттер жана медиа өкүлдөрү үчүн жасалма интеллектини колдонуу боюнча бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгуу керектигин белгиледи. Анын айтымында, мындай демилгелерди алгач өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө сунуштап, андан соң эл аралык деңгээлде талкууга чыгарууга болот.
ШКУ өлкөлөрүнүн медиафоруму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2026
Эксперт: ЖОЖдорго жасалма интеллект боюнча өзүнчө предмет керек
Жаңылыктар түрмөгү
0