https://sputnik.kg/20260619/bishkek-mediaforum-zhasalma-intellekt-1101975809.html
Эксперт: ЖОЖдорго жасалма интеллект боюнча өзүнчө предмет керек
Эксперт: ЖОЖдорго жасалма интеллект боюнча өзүнчө предмет керек
Sputnik Кыргызстан
БОСТЕРИ, 19-июн. — Sputnik. Редакцияларга жаңыдан кадам таштаган жаш журналисттердин жасалма интеллект (ЖИ) менен иштөө деңгээли өтө төмөн болууда. Бул... 19.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-19T15:20+0600
2026-06-19T15:20+0600
2026-06-19T15:20+0600
кыргызстан
жасалма интеллект
ысык-көл
бостери
медиафорум
шку
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101974967_0:161:1280:881_1920x0_80_0_0_a04c1fd53faadc67b769f39cbf014dc1.jpg
БОСТЕРИ, 19-июн. — Sputnik. Редакцияларга жаңыдан кадам таштаган жаш журналисттердин жасалма интеллект (ЖИ) менен иштөө деңгээли өтө төмөн болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин баяндамачы-редактору Тимур Осмонов Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн медиафорумунда билдирди. Анын айтымында, жаңы баштаган адистердин көбү жасалма интеллектиге сурамдарды туура жазууну билишпейт, ошондой эле андан алган маалыматтын канчалык деңгээлде так экенин текшере алышпайт. Баяндамачы мына ушул себептен улам ЖИ менен иштөө көндүмдөрүн жогорку окуу жайлардын окуу программаларына атайын предмет катары киргизүү зарыл деп эсептейт. Эксперттин пикиринде, мындай эл аралык медиафорумдар тажрыйбалуу адистердин эле пикир алмашуу аянтчасы болбостон, жаш калемгерлерди практикалык жактан такшалтуучу жайга айланышы керек. "Бул жерге эң тажрыйбалуу журналисттер менен спикерлер чогулду. Бирок мындай иш-чараларга жаштарды да көбүрөөк тартып, жаңы технологиялар менен иштөө тажрыйбасын үйрөтө турган практикалык сабактарды өткөрүү маанилүү", — деп кошумчалады ал. Осмонов жасалма интеллект азыркы тапта редакциялар үчүн маанилүү куралга айланганын, ал сапаттуу контент менен аудиториянын талабын айкалыштырууга көмөктөшүп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда ал ЖИ журналисттин жардамчысы гана экенин, ал эч качан адамдын кесиптик тажрыйбасын, билимин жана сын көз карашын алмаштыра албай турганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20260615/blogerlerdin-salyktan-boshotulushu-koomchuluk-naarazy-1101881999.html
ысык-көл
бостери
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101974967_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_321eb0107eb55cd6d2e2165cf6c71967.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жасалма интеллект, ысык-көл, бостери, медиафорум, шку
кыргызстан, жасалма интеллект, ысык-көл, бостери, медиафорум, шку
БОСТЕРИ, 19-июн. — Sputnik. Редакцияларга жаңыдан кадам таштаган жаш журналисттердин жасалма интеллект (ЖИ) менен иштөө деңгээли өтө төмөн болууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин баяндамачы-редактору Тимур Осмонов Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн медиафорумунда билдирди.
Анын айтымында, жаңы баштаган адистердин көбү жасалма интеллектиге сурамдарды туура жазууну билишпейт, ошондой эле андан алган маалыматтын канчалык деңгээлде так экенин текшере алышпайт.
"Алардын жасалма интеллект тууралуу түшүнүгү абдан тайкы. Туура суроо берүүнү билишпейт, алган жообунун чындык экенине көздөрү жетпейт", — деди Осмонов.
Баяндамачы мына ушул себептен улам ЖИ менен иштөө көндүмдөрүн жогорку окуу жайлардын окуу программаларына атайын предмет катары киргизүү зарыл деп эсептейт.
Эксперттин пикиринде, мындай эл аралык медиафорумдар тажрыйбалуу адистердин эле пикир алмашуу аянтчасы болбостон, жаш калемгерлерди практикалык жактан такшалтуучу жайга айланышы керек.
"Бул жерге эң тажрыйбалуу журналисттер менен спикерлер чогулду. Бирок мындай иш-чараларга жаштарды да көбүрөөк тартып, жаңы технологиялар менен иштөө тажрыйбасын үйрөтө турган практикалык сабактарды өткөрүү маанилүү", — деп кошумчалады ал.
Осмонов жасалма интеллект азыркы тапта редакциялар үчүн маанилүү куралга айланганын, ал сапаттуу контент менен аудиториянын талабын айкалыштырууга көмөктөшүп жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда ал ЖИ журналисттин жардамчысы гана экенин, ал эч качан адамдын кесиптик тажрыйбасын, билимин жана сын көз карашын алмаштыра албай турганын кошумчалады.