00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Түндүк агым - 2": соттук арыз, анын келечеги. Юристтин пикири

© Фото / Kustbevakningen"Түндүк агымы - 2" газ куурунун авариясы
Түндүк агымы - 2 газ куурунун  авариясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. "Түндүк агым - 2" долбоорунун операторунун Россия газынан баш тартуу тууралуу ЕБдин чечимине каршы чыгууга мүмкүнчүлүгү кандай экени азыр коомчулукка кызык болуп турат.
Жагдайга келсек, Nord Stream 2 AG компаниясы Евробиримдиктин сотуна доо арыз берген.
Мунун негизги маңызы эмнеде жана келечеги кандай болот деген суроолор менен Sputnik Ближнее зарубежье РФтин эмгек сиңирген юристи Иван Соловьевго кайрылган.
Юристтин жооптору төмөнкүдөй болду:
Евробиримдик өзүнүн негизги принциптерин бузду. Газдан баш тартуу чечими менчик укугуна зыянын тийгизет. ЕБ компанияны өз активдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн жана Европадагы каалаган бизнеске берилүүчү кепилдиктерден иш жүзүндө ажыратты;
процедура бузулган. Чечим ЕБдин санкцияларды киргизүү боюнча өзүнүн стандарттык регламентин бузуу менен шашылыш кабыл алынды. Доо койгон тарап бул нерсе компания менен болгон мамилелерди мыйзамсыз чектөө экенин туура белгилеп жатат;
саясат экономикага каршы коюлду. Германияда мындай газ түтүгүнүн болушу экономиканы сактап калуу экенин түшүнүшөт. Акыл-эстүү саясатчылар абал жеңилдээри менен эле жеткирүүнү кайра баштоого даяр турат.

"Евробиримдиктин сотунун бул маселени мүмкүн болушунча создуктуруп туруп алууга өзүнүн процессуалдык айла-амалы бар. Россиянын газын чектөө боюнча башка бардык чараларды күмөндүү кылып коюучу чечимди кабыл алуу алар үчүн пайдасыз. Бирок юристтер өжөрлүк кылса мындай айла-амалды басып, жолун таап өтсө болот", — деди Соловьев комментарийин жыйынтыктап.

Эске салсак, Россиядан Европага газ өткөргөн "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрү 2022-жылдын 26-сентябрында жардырылган. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия экенин четке каккан эмес. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG мындай окуя буга чейин болбогонун, түтүктөрдү оңдоо мөөнөтүн айтуу мүмкүн эместигин билдирген болчу. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча иш козгоону демилгелеген. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия түтүктөрдөгү жардыруу боюнча бир нече ирет маалымат сураганын, бирок эч кандай жооп ала албай койгонун белгилеген.
Америкалык журналист, Пулитцер премиясынын лауреаты Сеймур Херш 2023-жылы иликтөө жарыялап, россиялык түтүктөрдүн алдына жарылуучу түзүлүштөрдү 2022-жылдын июнунда Baltops машыгуусуна жашынып АКШнын Аскер-деңиз флотунун суучулдары норвегиялык адистердин жардамы менен койгонун жазган. Херштин маалыматы боюнча, операция тууралуу чечимди АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден кабыл алган. Кийинчерээк Пентогондон Американын жардырууларга тиешеси жок экени кабарланган болчу.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя дал ушул АКШ менен Улуу Британия "Түндүк агым" түтүктөрүндөгү терактыга байланыштуу эл аралык иликтөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып жатканын белгилеген.
Түндүк агымдын жардырылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2025
Венгрия Польша премьеринин "Түндүк агымдын" жардырылышын актаган сөзүнө жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0