https://sputnik.kg/20260528/aksh-ozoktuk-kural-suyloshuu-zhetishsiz-1101575641.html
Өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоодогу АКШнын кадамы азыраак
Өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоодогу АКШнын кадамы азыраак
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Россияга карата сын-пикирлерин бир аз азайтканы менен бул өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн... 28.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-28T21:10+0600
2026-05-28T21:10+0600
2026-05-28T21:10+0600
дүйнөдө
россия
акш
кмш
өзөктүк курал
сергей рябков
https://sputnik.kg/img/07e7/09/07/1078404209_0:363:2764:1918_1920x0_80_0_0_da0e998f2ddbfd195a8795868720ae33.jpg
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Россияга карата сын-пикирлерин бир аз азайтканы менен бул өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн жетиштүү кадам эмес. Мындай пикирин РФ ТИМинин орун басары Сергей Рябков КМШнын институтунун 30 жылдыгына карата уюштурулган конференцияда билдирди. Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин 2024-жылдын 19-ноябрында жаңыланган өзөктүк доктринаны бекиткен жарлыкка кол койгон. Документте өзөктүк курал өлкө көз карандысыздыгын башка айла жок калганда коргой турган эң акыркы чара экени белгиленген. Кремль Москва эч кимге кооптуулук жаратпасын, бирок өзүнүн кызыкчылыгына доо кетире турчу аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскертип келет. Путин 2023-жылдын 21-февралында Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда мамлекет Чабуул кое турган стратегиялык курал-жарактын санын кыскартуу боюнча россиялык-америкалык келишимден (СНВ-3) чыгарын жар салган. Ал талкууга кайтуу үчүн Франция жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин максатын карап чыгып, алардын стратегиялык арсеналын, башкача айтканда, НАТОнун сокку уруучу потенциалын эске алуу керектигин белгилеген. СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. 5-февралда Россия менен АКШнын ортосундагы өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктаган.
https://sputnik.kg/20260206/lavrov-dsnvdin-sonunan-kiyin-rf-kop-nersege-dayar-bolorun-aytty-1099577555.html
акш
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/09/07/1078404209_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_2130c5b821f4cdb6346a66c03db0b72b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, кмш, өзөктүк курал, сергей рябков
дүйнөдө, россия, акш, кмш, өзөктүк курал, сергей рябков
Өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоодогу АКШнын кадамы азыраак
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Россияга карата сын-пикирлерин бир аз азайтканы менен бул өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн жетиштүү кадам эмес. Мындай пикирин РФ ТИМинин орун басары Сергей Рябков КМШнын институтунун 30 жылдыгына карата уюштурулган конференцияда билдирди.
"Франция менен Британияны да аталган сүйлөшүүлөргө кошуу маанилүү нерсе. Ансыз бул маселени талкуулоо негизсиз болот", — деген дипломат.
Эскерте кетсек, РФ лидери Владимир Путин 2024-жылдын 19-ноябрында жаңыланган өзөктүк доктринаны бекиткен жарлыкка кол койгон. Документте өзөктүк курал өлкө көз карандысыздыгын башка айла жок калганда коргой турган эң акыркы чара экени белгиленген. Кремль Москва эч кимге кооптуулук жаратпасын, бирок өзүнүн кызыкчылыгына доо кетире турчу аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын эскертип келет.
Путин 2023-жылдын 21-февралында Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда мамлекет Чабуул кое турган стратегиялык курал-жарактын санын кыскартуу боюнча россиялык-америкалык келишимден (СНВ-3) чыгарын жар салган. Ал талкууга кайтуу үчүн Франция жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин максатын карап чыгып, алардын стратегиялык арсеналын, башкача айтканда, НАТОнун сокку уруучу потенциалын эске алуу керектигин белгилеген.
СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. 5-февралда Россия менен АКШнын ортосундагы өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктаган.