00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

WSJ: Трамп Иранга кайрадан сокку уруу ниетинен баш тартты

© AP Photo / Andrew HarnikАКШ — Иран согушу. Архивдик сүрөт
АКШ — Иран согушу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга кайталап сокку уруу оюнан баш тартып, дипломатияга мүмкүнчүлүк берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу америкалык аткаминерлерге таянуу менен Wall Street Journal жазды.
"Жума күнү эртең менен президент Трамп Иран маселесин талкуулап улуттук коопсуздук боюнча кызматкерлери менен жолуккан. Расмий чечим кабыл алынбаса да өлкө башчысы жардамчыларына бир жыйынтыкка келүү үчүн дипломатиялык процесске көбүрөөк убакыт берүүнү каалап жатканын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда CBS телеканалы менен Axios порталы Ак үйдүн ээси Иранды аткылоону ойлонуп жатканын, буга америкалык аткаминерлер менен аскер кызматкерлери да даярданып жатканын жазышты. Жума күнү Трамп маанилүү мамлекеттик иштеринен улам Багам аралдарында өтө турган уулунун үйлөнүү тоюна бара албай турганын айткан болчу.
Fars агенттиги дүйшөмбү күнү Вашингтон тынчтык макулдашуусуна жооп иретинде беш талап койгонун билдирген, маалыматта анын баары Ирандын шартына каршы келери айтылат.
Америкалык президент буга чейинки тынчтык макулдашууларынын баарын четке кагып келди. Аларда атышууну токтотуу, санкцияларды алуу, каражаттарды камактан чыгаруу, зыяндын ордун толтуруу жана Ирандын Ормуз кысыгына көзөмөлүн таануу камтылган болчу. Эпке келүүдөн баш тартканы менен Трамп утурумдук жарашуу күчүндө экенин жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кайталап айтып келет.
Ошол эле учурда ЖМКлар тараптардын Ормузда бири-бирине сокку уруп жатканын жазышууда.
Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2026
ЖМК: АКШ кол салса, Иран жаңы куралдарын колдонууга даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0