https://sputnik.kg/20260516/1101357309.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын тургундары электросамокаттарга байланыштуу нааразычылыгын билдирүүнү улантууда. Мэр Айбек Жунушалиев менен болгон жолугушууда шаар... 16.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-16T15:00+0600
2026-05-16T15:00+0600
2026-05-16T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/10/1101357143_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7aeb1f62baed9aa100bd2d544a864208.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын тургундары электросамокаттарга байланыштуу нааразычылыгын билдирүүнү улантууда. Мэр Айбек Жунушалиев менен болгон жолугушууда шаар тургундарынын бири самокат сервистери бир-эки адамдын бизнеси болуп, ал эми анын ыңгайсыздыгы менен коркунучун көпчүлүк адамдар тартып жатканын айткан. Мэр бул пикирге жарым-жартылай макул экенин билдирип, жеке мобилдүүлүк каражаттары жолдордогу жүктү азайтып, автоунаа тыгындарын белгилүү деңгээлде чечүүгө жардам берип жатканын белгиледи. Ошол эле учурда ал коопсуздук маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул электросамокаттар үчүн толук кандуу инфраструктуранын жоктугу менен байланыштуу. Жунушалиев учурда электросамокаттарды жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын коопсуз пайдалануу боюнча жаңы эрежелер иштелип чыгып жатканын кошумчалады. Бул жөө жүргүнчүлөр жана жол кыймылынын башка катышуучулары үчүн коркунучтарды азайтууга жардам бермекчи.
Лев Толстой көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө кыймыл чектелет. Айтматов проспектинен Лев Толстой көчөсүнө жана Лев Толстой көчөсүнөн Айтматов проспектине бурулган тилкелер 15-июлга чейин жабылат. Оңдоо иштеринин алкагында эски конструкциялар алынат, тротуарлар жаңыланып, заманбап фасаддар жана декоративдүү панелдер орнотулат. Ошондой эле жаңы жарыктандыруу системасы жана LED чырактар коюлат. Мындан тышкары, 16-19-май күндөрү Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилиши да капиталдык оңдоого байланыштуу убактылуу жабылат.
Ысык-Көлдө мыйзамсыз торлорго каршы кезектеги рейд учурунда 300 метр “жибек жип” тор чыгарылды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдиргендей, күн мурун Ысык-Көл районунун бир катар айылдарында көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоо Чоң-Өрүктү, Кичи-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Жаркынбаев, Ананьево, Семёновка, Кожояр, Григорьевка, Кашат жана Темировка айылдарынын жээгин камтыды. Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан көлдүн түбүнөн жалпысынан 23 миң 400 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылды.
Киевдеги АКШ элчилигинин документтерин изилдеп чыгып, АКШ Украина аймагындагы кеминде 13 биологиялык лабораторияны каржылаганын РИА Новости агенттиги аныктаган. Жарыяланган маалыматтарга ылайык, АКШ Киев, Львов, Одесса, Харьков, Днепропетровск жана Украинанын башка шаарларындагы жогорку деңгээлдеги биологиялык коргоого ээ лабораторияларды куруу жана жабдуу үчүн болжол менен 25 миллион доллар бөлгөн. Лабораториялардын көбү Украина тарапка 2009–2013-жылдары өткөрүлүп берилген. Маалыматка караганда, эң кымбат объект Одессадагы чумага каршы институттун борбордук референс-лабораториясы болгон. Аны курууга 3 жарым миллион доллар бөлүнгөнү айтылууда. Ири долбоорлордун катарында Киевдеги Ветеринардык медицина институту да бар, ага 2 миллион доллардан ашык сарпталган. Ошондой эле Днепропетровск менен Львовдогу диагностикалык лабораторияларды каржылоого дээрлик 2 доллар бөлүнгөн. Ошондой эле агенттик АКШнын Коргоо министрлигинин баяндамасына таянып, америкалык бийлик Украинадагы 46 биологиялык лабораторияга 200 миллион доллардан ашык каражат жумшаганын билдирген.
Бишкек шаарынын тургундары электросамокаттарга байланыштуу нааразычылыгын билдирүүнү улантууда. Мэр Айбек Жунушалиев менен болгон жолугушууда шаар тургундарынын бири самокат сервистери бир-эки адамдын бизнеси болуп, ал эми анын ыңгайсыздыгы менен коркунучун көпчүлүк адамдар тартып жатканын айткан. Мэр бул пикирге жарым-жартылай макул экенин билдирип, жеке мобилдүүлүк каражаттары жолдордогу жүктү азайтып, автоунаа тыгындарын белгилүү деңгээлде чечүүгө жардам берип жатканын белгиледи. Ошол эле учурда ал коопсуздук маселеси дагы эле актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул электросамокаттар үчүн толук кандуу инфраструктуранын жоктугу менен байланыштуу. Жунушалиев учурда электросамокаттарды жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарын коопсуз пайдалануу боюнча жаңы эрежелер иштелип чыгып жатканын кошумчалады. Бул жөө жүргүнчүлөр жана жол кыймылынын башка катышуучулары үчүн коркунучтарды азайтууга жардам бермекчи.Лев Толстой көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө кыймыл чектелет. Айтматов проспектинен Лев Толстой көчөсүнө жана Лев Толстой көчөсүнөн Айтматов проспектине бурулган тилкелер 15-июлга чейин жабылат. Оңдоо иштеринин алкагында эски конструкциялар алынат, тротуарлар жаңыланып, заманбап фасаддар жана декоративдүү панелдер орнотулат. Ошондой эле жаңы жарыктандыруу системасы жана LED чырактар коюлат. Мындан тышкары, 16-19-май күндөрү Лев Толстой менен Термечиков көчөлөрүнүн кесилиши да капиталдык оңдоого байланыштуу убактылуу жабылат.Ысык-Көлдө мыйзамсыз торлорго каршы кезектеги рейд учурунда 300 метр “жибек жип” тор чыгарылды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдиргендей, күн мурун Ысык-Көл районунун бир катар айылдарында көлдү балык уулоочу торлордон тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоо Чоң-Өрүктү, Кичи-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Жаркынбаев, Ананьево, Семёновка, Кожояр, Григорьевка, Кашат жана Темировка айылдарынын жээгин камтыды. Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан көлдүн түбүнөн жалпысынан 23 миң 400 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылды. Киевдеги АКШ элчилигинин документтерин изилдеп чыгып, АКШ Украина аймагындагы кеминде 13 биологиялык лабораторияны каржылаганын РИА Новости агенттиги аныктаган. Жарыяланган маалыматтарга ылайык, АКШ Киев, Львов, Одесса, Харьков, Днепропетровск жана Украинанын башка шаарларындагы жогорку деңгээлдеги биологиялык коргоого ээ лабораторияларды куруу жана жабдуу үчүн болжол менен 25 миллион доллар бөлгөн. Лабораториялардын көбү Украина тарапка 2009–2013-жылдары өткөрүлүп берилген. Маалыматка караганда, эң кымбат объект Одессадагы чумага каршы институттун борбордук референс-лабораториясы болгон. Аны курууга 3 жарым миллион доллар бөлүнгөнү айтылууда. Ири долбоорлордун катарында Киевдеги Ветеринардык медицина институту да бар, ага 2 миллион доллардан ашык сарпталган. Ошондой эле Днепропетровск менен Львовдогу диагностикалык лабораторияларды каржылоого дээрлик 2 доллар бөлүнгөн. Ошондой эле агенттик АКШнын Коргоо министрлигинин баяндамасына таянып, америкалык бийлик Украинадагы 46 биологиялык лабораторияга 200 миллион доллардан ашык каражат жумшаганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/10/1101357143_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_43c5b5c6966c615a1e8b183dbb1a7792.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио