https://sputnik.kg/20260516/1101355940.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банк жана Эл аралык... 16.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-16T13:00+0600
2026-05-16T13:00+0600
2026-05-16T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/10/1101355774_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_764afcc1c0d8da1a5b8e468bbbcdd87c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банк жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен суу чарба тармагына инвестиция тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуу Кыргызстанда суу ресурстарын башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу максатында болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Ирригацияга инвестициялардын улуттук программасы” долбоору талкууланып, анын алкагында 193 млн АКШ доллары көлөмүндө каржылоо мамлекетке тартуу каралды. Белгилей кетсек, бул долбоор ирригациялык инфраструктураны жаңылоого, суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мордовиянын башчысы Артем Здунов жана Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуу "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун алкагында орун алды. Артем Здунов менен болгон жолугушууда соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана бизнес-коомчулуктардын ортосундагы түз байланыштарды колдоого негизги басым жасалды. Тараптар диалогдун улантуулугун белгилеп, ушул жылы Кыргызстанда өтө турган 12-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына даярдыктарды талкуулашты. Данияр Амангелдиев Мордовиянын расмий жана ишкер делегацияларын инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн аталган аянтчага келүүгө чакырды. Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен болгон жолугушууда тараптар бекем өнөктөштүк байланыштарды түзүү келечегин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн контурларын белгилешти.
ЕАЭБдин Батыш өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 18%га чейин төмөндөгөнүн Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдан бери ЕАЭБдин соода өнөктөштөрүнүн балансы олуттуу өзгөргөн. 2022-жылы биримдиктин товар жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы “Глобалдык Батыш” өлкөлөрүнө туура келсе, азыр бул көрсөткүч кыйла азайган. Ошол эле учурда “Глобалдык Түштүк” өлкөлөрү менен соода көлөмү өскөн. Азыр алардын үлүшү жалпы сооданын дээрлик 75%ын түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 40 пайыз болгон.
Абакта жазасын өтөп жаткандар үчүн “Энелер күнүнө” арналган маданий жана тарбиялык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, соттолгондордун жана тарбиялануучулардын энелери менен жолугушуу уюштурулуп, аларга мекемелердин шарттары жана соттолгондордун эмгектери көрсөтүлгөн. Ошондой эле энелерге балдары биргеликте убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. “Маданий программанын жүрүшүндө энелерге арналган концерттик номерлер, каалоо-тилектер жана тарбиялык мазмундагы иш-чаралар көрсөтүлдү. Өз кезегинде энелер мындай иш-чаралар балдарына моралдык колдоо көрсөтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти” - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, мындай форматтагы иш-чара эркектер кармалган мекемелерде биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ал эми аялдар жана жаш өспүрүмдөр кармалган мекемелерде бул демилге экинчи ирет уюштурулууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банк жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен суу чарба тармагына инвестиция тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуу Кыргызстанда суу ресурстарын башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу максатында болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Ирригацияга инвестициялардын улуттук программасы” долбоору талкууланып, анын алкагында 193 млн АКШ доллары көлөмүндө каржылоо мамлекетке тартуу каралды. Белгилей кетсек, бул долбоор ирригациялык инфраструктураны жаңылоого, суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мордовиянын башчысы Артем Здунов жана Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуу "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун алкагында орун алды. Артем Здунов менен болгон жолугушууда соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана бизнес-коомчулуктардын ортосундагы түз байланыштарды колдоого негизги басым жасалды. Тараптар диалогдун улантуулугун белгилеп, ушул жылы Кыргызстанда өтө турган 12-Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына даярдыктарды талкуулашты. Данияр Амангелдиев Мордовиянын расмий жана ишкер делегацияларын инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн аталган аянтчага келүүгө чакырды. Чувашиянын башчысы Олег Николаев менен болгон жолугушууда тараптар бекем өнөктөштүк байланыштарды түзүү келечегин талкуулап, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн контурларын белгилешти. ЕАЭБдин Батыш өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 18%га чейин төмөндөгөнүн Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдан бери ЕАЭБдин соода өнөктөштөрүнүн балансы олуттуу өзгөргөн. 2022-жылы биримдиктин товар жүгүртүүсүнүн дээрлик жарымы “Глобалдык Батыш” өлкөлөрүнө туура келсе, азыр бул көрсөткүч кыйла азайган. Ошол эле учурда “Глобалдык Түштүк” өлкөлөрү менен соода көлөмү өскөн. Азыр алардын үлүшү жалпы сооданын дээрлик 75%ын түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 40 пайыз болгон.Абакта жазасын өтөп жаткандар үчүн “Энелер күнүнө” арналган маданий жана тарбиялык иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, соттолгондордун жана тарбиялануучулардын энелери менен жолугушуу уюштурулуп, аларга мекемелердин шарттары жана соттолгондордун эмгектери көрсөтүлгөн. Ошондой эле энелерге балдары биргеликте убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. “Маданий программанын жүрүшүндө энелерге арналган концерттик номерлер, каалоо-тилектер жана тарбиялык мазмундагы иш-чаралар көрсөтүлдү. Өз кезегинде энелер мындай иш-чаралар балдарына моралдык колдоо көрсөтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти” - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, мындай форматтагы иш-чара эркектер кармалган мекемелерде биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ал эми аялдар жана жаш өспүрүмдөр кармалган мекемелерде бул демилге экинчи ирет уюштурулууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/10/1101355774_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_db8a14717c8bf7e31e5f37a43d60d39d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио