00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаровдун Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-малекеттердин башчыларынын Казакстандын Түркстан шаарында өткөн бейформал саммитине катышуусу аяктады. Саммиттин алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен демилгелерди илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Андан соң мамлекет башчысы Түркстан шаарында курула турган “Түрк цивилизациясынын борборунун” пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул иш-чара Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан лидерлеринин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү. Аталган долбоор түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган.
Министрлер кабинетиния төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Россия – Ислам дүйнөсү: Kazan Forum” XVII Эл аралык экономикалык форумунун пленардык сессиясына катышты. Үстүбүздөгү жылы сессия “Картадагы чекиттерден өсүү чекиттерине: технологиялык жана финансылык демилгелерди бириктирүү” деген теманын алдында өттү. Данияр Амангелдиев өз сөзүндө аталган форумдун жана жеке өзү Татарстандын Раиси Рустам Миннихановдун Россиянын Ислам дүйнөсү менен байланыштарын чыңдоодогу негизги ролун өзгөчө белгиледи. Кыргызстандын туруктуу оң өнүгүү динамикасына токтолгон МинКаб төрагасынын биринчи орун басары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын реалдуу өсүшү 11 пайыздан ашканын, ал эми өнөр жай секторунда 119 жаңы ишкана ишке киргизилгенин маалымдады. Аны менен катар ал өлкөдөгү инвестициялык мыйзамдардын сапаттуу жаңыланышы тууралуу билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы инвесторлордун укуктарын коргоого жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган жаңы мыйзамдар кабыл алынган. Ошондой эле IT-секторунун ийгиликтерине өзгөчө көңүл бурулуп, Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгүнүн аркасында IT-кызматтарыиын экспорту акыркы 10 жылда 45 эсеге көбөйгөнү айтылды.
Бишкек шаарында үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаанын 36 жаштагы тургуну 22-апрелде ооруканага түшкөн. Ал кош бойлуулуктун 31-жумасында болуп, оор даражадагы преэклампсия жана плацентанын эрте ажырашынан улам төрөт коркунучунда турган. Бейтапка бөлүмдө дем алуунун бузулуу синдромунун алдын алуу чаралары көрүлүп, веноздук тромбоэмболиялык татаалдашуулардын жогорку коркунучун эсепке алуу менен антикоагулянттык терапия жүргүзүлгөн. 30-апрелде кош бойлуулуктун 32 жумалыгында үч эм операция жолу менен төрөлгөн. Алардын эркек бала 1730 грамм, кыздардын салмагы 1590 грамм жана 1460 граммды түзгөн. Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Рыскүл Асакеева билдиргендей, ымыркайлар жетилбегендигине байланыштуу жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат.
15-майга карата 278 миң 135 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилей кетсек, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган. "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.
Жаңылыктар түрмөгү
0