https://sputnik.kg/20260509/tramp-ubaktyluu-zharashuu-sunushu-1101185968.html
Россия Трамптын убактылуу жарашууну 11-майга чейин узартуу сунушуна макул болду
Россия Трамптын убактылуу жарашууну 11-майга чейин узартуу сунушуна макул болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия Дональд Трамптын жарашууну 9-майдан 11-майга чейин узартуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий... 09.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-09T09:05+0600
2026-05-09T09:05+0600
2026-05-09T09:23+0600
дүйнөдө
акш
россия
украина
атайын операция
элдешүү
юрий ушаков
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1a/1092901429_0:26:3549:2022_1920x0_80_0_0_6cacb9b9dba37ce24f14d51ab104f935.jpg
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия Дональд Трамптын жарашууну 9-майдан 11-майга чейин узартуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, чечим Владимир Путин менен америкалык президенттин жакында өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болуп саналат. Ушаков Трамптын демилгеси Жеңиштин 81 жылдыгына туш келгени өтө маанилүү экенин белгилеп, АКШ согуштук аракеттерди токтото туруу талкууланган маалда Украина менен үзгүлтүксүз байланышта болгонун кошумчалаган. Тараптар миңден туткун алмашуу тууралуу да бир пикирге келишкен. Владимир Зеленский тынчтык режимине макул болгонун билдирип, туткун алмашуу үчүн зарыл нерсенин баарын даярдоого буйрук бергенин маалымдады. Белгилей кетсек, апрелдин соңунда Путин Трамп менен телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, 9-Майга карата элдешүү жарыялоого даяр экенин билдирген. Лидерлер европалыктардын шыкагы менен Киев режиминин жетекчиси жаңжалды создуктурууга аракет кылып жатат деген орток пикирге келишти.
https://sputnik.kg/20260508/putin-zhaparovgo-kuttuktoo-zholdodu-1101179646.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1a/1092901429_410:0:3141:2048_1920x0_80_0_0_0bd95deca0d64112d9c61daf0bcfc6b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, атайын операция, элдешүү, юрий ушаков
дүйнөдө, акш, россия, украина, атайын операция, элдешүү, юрий ушаков
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия Дональд Трамптын жарашууну 9-майдан 11-майга чейин узартуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Анын айтымында, чечим Владимир Путин менен америкалык президенттин жакында өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болуп саналат.
Ушаков Трамптын демилгеси Жеңиштин 81 жылдыгына туш келгени өтө маанилүү экенин белгилеп, АКШ согуштук аракеттерди токтото туруу талкууланган маалда Украина менен үзгүлтүксүз байланышта болгонун кошумчалаган.
Тараптар миңден туткун алмашуу тууралуу да бир пикирге келишкен.
Владимир Зеленский тынчтык режимине макул болгонун билдирип, туткун алмашуу үчүн зарыл нерсенин баарын даярдоого буйрук бергенин маалымдады.
Белгилей кетсек, апрелдин соңунда Путин Трамп менен телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, 9-Майга карата элдешүү жарыялоого даяр экенин билдирген. Лидерлер европалыктардын шыкагы менен Киев режиминин жетекчиси жаңжалды создуктурууга аракет кылып жатат деген орток пикирге келишти.