https://sputnik.kg/20260506/1101149458.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мекенибизде күндүзгү саат 3. Ушул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыздар! Алгач кабарлардан кыскача...Кыргызстанда автоунаанын жүргөн чакырымын... 06.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-06T15:00+0600
2026-05-06T15:00+0600
2026-05-06T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/06/1101149292_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_352ebc6136875f2576aee026315db48f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мекенибизде күндүзгү саат 3. Ушул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыздар! Алгач кабарлардан кыскача...Кыргызстанда автоунаанын жүргөн чакырымын бурмалагандарды жазалоо сунушталууда Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелерди өткөрүүнүн жаңы механизмин жарыялады Президент “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты. Алдыда кененирээк токтолобуз. Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен аймактагы “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты.Президентке долбоордун башкы планы көрсөтүлүп, ал аймакта административдик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана туристтик зоналарды камтыган заманбап комплекс курулары маалымдалды. Жалпы аянты 100 гектарды түзгөн парк соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.Долбоор ишке ашса, 5 миңден ашуун жумуш орундары түзүлүп, чек ара аймагындагы соода жүгүртүү көлөмү өсөрү күтүлүүдө. Ошондой эле туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.Мамлекет башчысы мындай демилгелер үч өлкөнүн кызматташтыгын бекемдеп, аймактык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Кыргызстанда автоунаанын жүргөн чакырымын бурмалагандарды жазалоо сунушталууда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев автоунаанын жүргөн чакырымын азайтып көрсөтүү үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, азыр айрымдар унааны кымбатыраак сатуу үчүн одометрдеги көрсөткүчтү атайын азайтып, сатып алуучуларды алдап жатышат. Мындай кызматтар ачык эле жарнамаланып, болжол менен 2000 сом турат. Депутат башка өлкөлөрдө мындай аракет үчүн жаза каралганын белгилеп, бир катар автоунаа ээлеринин өтүнүчү менен кодекске өзгөртүү даярдаганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоору жакын арада коомдук талкууга чыгарылат.
Ошто жолдордун сапаты текшерилип, эреже бузган ишканаларга айып салындыОш шаарында жол курулуштарынын сапатына рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024–2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөн бир катар көчөлөрдө асфальттын асткы катмары талаптагыдай тыгыздалбаганы аныкталган. Натыйжада жаан-чачындан кийин айрым жолдор чөгүп, жаракалар пайда болгон.Бул кемчиликтер боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан подрядчы уюмдарга эскертүүлөр берилип, административдик айып пулдар салынды.Ошондой эле шаардык мэрияга талапка жооп бербеген жол тилкелерин жана лотокторду кайра оңдоо же толук калыбына келтирүү боюнча расмий талап жөнөтүлдү. Текшерүү жана сапатты көзөмөлдөө иштери улантылары айтылды.
Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелерди өткөрүүнүн жаңы механизмин жарыялады “Ормуз кысыгы аркылуу өтүүнү каалаган кемелер Ирандан (PGSA) транзит эрежелери көрсөтүлгөн электрондук кат алышат. Андан кийин өтүүгө уруксат берилет”, — деп маалымдады Press TV. Буга чейин Иран Ормуз кысыгындагы маршрут менен макулдашкан кемелерге гана жүрүүгө уруксат берилерин билдирген. Ал арада Дональд Трамп бир катар өлкөлөрдүн өтүнүчү менен АКШ Ормуз кысыгындагы кемелерди коштоо миссиясын убактылуу токтотконун айтты. Ал Иран менен келишим боюнча олуттуу жылыш болуп жатканы да буга түрткү экенин кошумчалаган.
Мекенибизде күндүзгү саат 3. Ушул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыздар! Алгач кабарлардан кыскача...Кыргызстанда автоунаанын жүргөн чакырымын бурмалагандарды жазалоо сунушталууда Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелерди өткөрүүнүн жаңы механизмин жарыялады Президент “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты. Алдыда кененирээк токтолобуз. Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен аймактагы “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты.Президентке долбоордун башкы планы көрсөтүлүп, ал аймакта административдик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана туристтик зоналарды камтыган заманбап комплекс курулары маалымдалды. Жалпы аянты 100 гектарды түзгөн парк соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.Долбоор ишке ашса, 5 миңден ашуун жумуш орундары түзүлүп, чек ара аймагындагы соода жүгүртүү көлөмү өсөрү күтүлүүдө. Ошондой эле туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.Мамлекет башчысы мындай демилгелер үч өлкөнүн кызматташтыгын бекемдеп, аймактык туруктуулукка жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болорун белгиледи.Кыргызстанда автоунаанын жүргөн чакырымын бурмалагандарды жазалоо сунушталууда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев автоунаанын жүргөн чакырымын азайтып көрсөтүү үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, азыр айрымдар унааны кымбатыраак сатуу үчүн одометрдеги көрсөткүчтү атайын азайтып, сатып алуучуларды алдап жатышат. Мындай кызматтар ачык эле жарнамаланып, болжол менен 2000 сом турат. Депутат башка өлкөлөрдө мындай аракет үчүн жаза каралганын белгилеп, бир катар автоунаа ээлеринин өтүнүчү менен кодекске өзгөртүү даярдаганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоору жакын арада коомдук талкууга чыгарылат. Ошто жолдордун сапаты текшерилип, эреже бузган ишканаларга айып салындыОш шаарында жол курулуштарынын сапатына рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.Текшерүүнүн жүрүшүндө 2024–2025-жылдары капиталдык оңдоодон өткөн бир катар көчөлөрдө асфальттын асткы катмары талаптагыдай тыгыздалбаганы аныкталган. Натыйжада жаан-чачындан кийин айрым жолдор чөгүп, жаракалар пайда болгон.Бул кемчиликтер боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан подрядчы уюмдарга эскертүүлөр берилип, административдик айып пулдар салынды.Ошондой эле шаардык мэрияга талапка жооп бербеген жол тилкелерин жана лотокторду кайра оңдоо же толук калыбына келтирүү боюнча расмий талап жөнөтүлдү. Текшерүү жана сапатты көзөмөлдөө иштери улантылары айтылды.Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелерди өткөрүүнүн жаңы механизмин жарыялады “Ормуз кысыгы аркылуу өтүүнү каалаган кемелер Ирандан (PGSA) транзит эрежелери көрсөтүлгөн электрондук кат алышат. Андан кийин өтүүгө уруксат берилет”, — деп маалымдады Press TV. Буга чейин Иран Ормуз кысыгындагы маршрут менен макулдашкан кемелерге гана жүрүүгө уруксат берилерин билдирген. Ал арада Дональд Трамп бир катар өлкөлөрдүн өтүнүчү менен АКШ Ормуз кысыгындагы кемелерди коштоо миссиясын убактылуу токтотконун айтты. Ал Иран менен келишим боюнча олуттуу жылыш болуп жатканы да буга түрткү экенин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/06/1101149292_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_22dc82b391483da9a126b5fe11aa5061.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио