00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
41 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Без стереотипов о важном: уролог о мужском бесплодии и пути к отцовству
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жайкы ысык жана кан басым: Гипертониктер эмнени билиши керек?
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему Бишкек задыхается и кто за это отвечает
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Форум ЕАЭС в Астане - искусственный интеллект, промышленная кооперация и новая роль Кыргызстана в союзе
18:07
34 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Об экономике и не только
Как ШОС за четверть века превратился из регионального формата в глобальный проект
20:11
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкек шаарында калаанын 148 жылдыгына карата спорттук бал бийи боюнча шаар чемпионаты уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады. Мелдешке 5 жаштан жогорку курактагы катышуучулар, анын ичинде чоңдор да катышып, жалпысынан 600гө жакын спортчу күч сынашты. Катышуучулар “соло” жана “жуп” категорияларында өнөрлөрүн көрсөтүштү. Чемпионат спортчулар үчүн маанилүү болуп саналат. Анткени анын жыйынтыктары спорттук разряддарды ыйгарууда эске алынат. Мындан тышкары, мыкты катышуучулар Кыргыз Республикасынын курама командасы курамына тандалып, эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
Кыргызстандык кинематография Канндагы эл аралык кинорынокто көрсөтүлөт 2026-жылдын 12–18-май күндөрү кыргызстандык кино тармагынын өкүлдөрү Францияда өтө турган дүйнөдөгү ири кинорынок — Marché du Film иш-чарасына катышат. Бул Канн кинофестивалынын алкагында уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады. Иш-чарада Кыргызстан “Kyrgyz Cinema” аттуу улуттук стенд менен катышып, өлкөдөгү кино тармагынын мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык өнөктөштүккө болгон даярдыгы көрсөтүлөт. Делегация Азия жана Европа өлкөлөрүнүн кино өкүлдөрү — продюсерлер, дистрибьюторлор менен жолугушууларды өткөрөт. Негизги максат — биргелешкен кино долбоорлорун өнүктүрүү жана кыргыз тасмаларын дүйнөлүк рынокко чыгаруу. Бул жылкы катышуу Кыргызстандын киносу үчүн өзгөчө маанилүү, анткени улуттук кино тармагынын 85 жылдыгы белгиленип жатат. Ошондой эле Азия киносуна болгон кызыгуу күчөп жаткан учурга туш келүүдө. Жолугушууларда сериал өндүрүшүн өнүктүрүү, ошондой эле «Кыргыз керемети» доорундагы классикалык тасмаларды сактоо, санариптештирүү жана калыбына келтирүү маселелери да талкууланат. Кинорынокто “Кыргызфильм” эки көркөм тасманы сунуштайт: **«Кара Кызыл Сары»** (реж. Актан Арым Кубат) жана **«Буйрук»** (реж. Дастан Мадалбеков). Кыргыз делегациясынын катышуусу Кинематография департаменти тарабынан уюштурулуп, улуттук кинону дүйнөлүк аренада таанытууга багытталган.
“Русский дом" борбору Жеңиш күнүнө карата Бишкекте бир катар иш-чараларды уюштурат 9-май күнү “Русский дом” имаратында көргөзмөлөр, тасмалар жана мультфильмдер көрсөтүлөт. Эркиндик бульварында артисттер, чыгармачыл жамааттар жана “Орто Азия романсиадасынын” жылдыздары балдар үчүн концерт тартуулайт. Каалоочулар Жеңиш вальсын бийлей алышат. Ошондой эле бульвар, борбор калаанын тарыхы боюнча экскурсия уюштурулат. Анда ар бир имарат, совет элинин күрөшү жана Жеңиш тууралуу баяндамалар болот. Экскурсиялар саат 13:00дө, 15:00дө жана 17:00дө башталат. “Жалпыңыздарды майрамга чакырабыз: ырдап, жаңы маалыматтарды аласыздар, балдарга баатырлар тууралуу айтып беребиз. Бул улуу күндү бирге тосолу!”, — деди өкүлчүлүктүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев.
Жаңылыктар түрмөгү
0