00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:09
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
31 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:11
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкектин мэриясы "Өчпөс полк" акциясын өткөрүүгө уруксат бербей жатканын депутат Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, муниципалитет иш-чаранын уюштуруучуларын көз жаздымда калтырууда. "9-май — эң маанилүү майрамдардын бири. Бул — Жеңиш күнү, эскерүү күнү. Эмне үчүн уюштуруучулар ЖМК аркылуу уруксат сурап жатышат, ал эми мэрия унчукпай отурат? Патриоттук, идеология деген түшүнүк кайда? Бул майрам Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Маселе эмнеде? Биз бул датаны унутууга акыбыз жок!" — деп нааразы болду депутат. Ал белгилегендей, 9-май — Жеңиш күнү Кыргызстанда өзгөчө мааниге ээ болгон күндөрдүн бири болуп саналат.
Кытайда Эмгек майрамы белгиленерине байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы бир катар өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 30-апрелде "Эркеч-Там" өткөрүү бекети саат 22:00дөн, ал эми "Торугарт" посту саат 20:00дөн тарта адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотот. Бул пунктулар 2-май күнү саат 08:00дөн тарта кайра иштей баштайт. Ошондой эле "Бедел" посту 1-майдан 5-майга чейин жабылып, 6-май күнү саат 08:00дө иштей баштайт. Чек ара кызматы жарандарды сапарды алдын ала пландап алууга чакырат.
Таасирдүү республикачыл сенатор Митч Макконнелл Washington Post гезитине жазган макаласында Пентагонду Украинага бериле турган 400 миллион долларлык аскердик жардамды кечиктирип жатат деп айыптады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Биз бир нече ай мурда Украинага берилсин деп бекиткен жардам азыр чаңга басылып Пентагондо жатат", — деп жазган. Бул каражатты Конгресс 2026-жылдагы бюджеттин алкагында бөлгөн. Сенатордун айтымында, Пентагон Киев үчүн бөлүнгөн акча боюнча мыйзам чыгаруучулардын суроо-талаптарын жоопсуз калтырууда. Ошону менен бирге эле Макконнелл коргоо министринин саясий маселелер боюнча орун басары Элбриж Колбини Конгресстин чечимдерин атайылап үзгүлтүккө учуратып жатат деп айыптады. Ал Украинага бекитилген аскердик жардамдын ишке ашырылышына тоскоолдук кылуу биринчи жолу жасалып жатпаганын баса белгилеген. Буга чейин конгрессвумен Анна Паулина Луна демократтар Украинадагы жаңжалды атайылап созуп жаткандыгын билдирген. Анын пикиринде, бул согуш — өздөрүнүн саясий максатына акча өндүрүү үчүн бюджеттик каражаттарды "адалдоо" боюнча ири коррупциялык схеманы жаап-жашыруунун жолу. Конгрессвумен Киев бийлигине каралган жардамдын АКШнын тарыхындагы эң ири коррупциялык чатакка айланып кетиши мүмкүн экендигин белгилеген.
АКШнын президенти Дональд Трамп Букингем хан сарайында жашоону кыялдангандыгын жана муну Карл III менен талкууласам деген ниети бар экенин айткан. "Өмүр бою Букингем хан сарайында жашасам деп кыялдангам! Муну падыша жана ханыша менен бир нече мүнөт талкуулайбыз", — деп Трамп Truth Social тармагына жазган. Ошентип ал Daily Mail гезитиндеги макалага пикирин билдирди. Анда автор Трамп менен Карл IIIнү Шотландиянын падышасы Яков IIнин чөбөрөсү, үчүнчү граф Леннокс (1490–1526) бириктирип, андан улам бири-бирине 16 ата өткөн тууган экенин ырастайт. Британ монархы жубайы менен учурда Вашингтондо иш сапар менен жүрөт. Карл III шейшембиде Конгрессте сүйлөгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0