https://sputnik.kg/20260423/talas-begaliyevge-sot-okum-chygardy-1100953341.html
Облустук сот Талас Бегалиевди 14 жылга эркинен ажыратты
Облустук сот Талас Бегалиевди 14 жылга эркинен ажыратты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү бүгүн Чүй облустук сотунун... 23.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-23T15:29+0600
2026-04-23T15:29+0600
2026-04-23T16:03+0600
кыргызстан
талас бегалиев
сот
укмк
өкүм
абак
https://sputnik.kg/img/103491/06/1034910698_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_9178e3d7f1038fb904df955fecaee3ab.jpg
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү бүгүн Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы чыгарганын маалымат кызматы билдирди. Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) 1-бөлүгү, 262-беренесинин (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) 2-бөлүгү, 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") 4-бөлүгү жана 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратуу чечими чыгып, айыпкер сот залынан камакка алынды. Эске салсак, УКМК былтыр 19-майда Көк бөрү жана Күрөш федерацияларынын мурдагы жетекчилери кармалганын билдирген. Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен үч адамды колго түшүргөн. Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Талас Бегалиевдин иши боюнча чечим чыгарып, абактан бошоткон. Ага ылайык, Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси, 263-беренеси жана 262-беренеси менен күнөөсүз деп табылып, акталган. Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жаза каралган эмес. Мындан тышкары, 214-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жыл сегиз айга кесилген. 2025-жылдын 16-майынан бери кармалып турган тергөө абагындагы бир күнү абактагы эки күн деп эсептелип, сот ага берилген жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн деп чечип, баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө тил катына алмаштырган.
https://sputnik.kg/20260420/zhakypbekovdun-kamaktagy-moonotu-uzartyldy-1100893044.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103491/06/1034910698_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_1c754052bc8bf0eb6cd94f0728e46326.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, талас бегалиев, сот, укмк, өкүм, абак
кыргызстан, талас бегалиев, сот, укмк, өкүм, абак
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү бүгүн Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы чыгарганын маалымат кызматы билдирди.
Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) 1-бөлүгү, 262-беренесинин (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) 2-бөлүгү, 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") 4-бөлүгү жана 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган. Мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратуу чечими чыгып, айыпкер сот залынан камакка алынды.
Эске салсак, УКМК былтыр 19-майда Көк бөрү жана Күрөш федерацияларынын мурдагы жетекчилери кармалганын
билдирген. Атайын кызмат кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен үч адамды колго түшүргөн.
Бишкектин Октябрь райондук соту 20-февралда Талас Бегалиевдин иши боюнча чечим чыгарып, абактан бошоткон. Ага ылайык, Бегалиев Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси, 263-беренеси жана 262-беренеси менен күнөөсүз деп табылып, акталган. Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жаза каралган эмес.
Мындан тышкары, 214-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жыл сегиз айга кесилген. 2025-жылдын 16-майынан бери кармалып турган тергөө абагындагы бир күнү абактагы эки күн деп эсептелип, сот ага берилген жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн деп чечип, баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө тил катына алмаштырган.