https://sputnik.kg/20260423/akshda-irandyn-zhene-turganyn-aytyshuuda-1100947324.html
"Эртерээк бүтүрүү керек ". АКШда Ирандын жеңе турганын айтышууда
"Эртерээк бүтүрүү керек ". АКШда Ирандын жеңе турганын айтышууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы тирешүү күчөй берсе Иран жеңип кетет. Бул туурасында Чикаго университетинин профессору Жон Миршаймер айтканын РИА... 23.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-23T10:57+0600
2026-04-23T10:57+0600
2026-04-23T10:57+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
акш
иран
тирешүү
жеңилүү
кооптуулук
https://sputnik.kg/img/07ea/03/02/1100014971_159:0:1334:661_1920x0_80_0_0_96409b57fb1e478a4e2e2f9f34d81259.jpg
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы тирешүү күчөй берсе Иран жеңип кетет. Бул туурасында Чикаго университетинин профессору Жон Миршаймер айтканын РИА Новости жазды. Эксперт дүйнөлүк экономика "урай турган кооптуулукка кептелип" турганын белгилеген. Тирешүү улана берсе бул дагы бир оңдурбагандай сокку болорун кошумчалаган. "Израилдиктер дал бүгүн, ушул учурда жеңилгенибизди түшүнүп турат. Биз дегеним — Израиль менен АКШ. Бардык жагынан биздики ийгиликсиз болду. Ирандыктар жеңди. Тель-Авивдин көз карашы менен алганда бул бир топ эле кыйын кырдаал. Себеби израилдиктер Иранды өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө доо кетирген коркунуч катары карап келет", — деп Миршаймер сөзүн жыйынтыктаган. Кечээ кечинде АКШ Иран менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишиминин мөөнөтү узартылганын жарыялады. Бул ирет ал расмий чектелген жок. Эске салсак, кезектеги жолугушуу кечээ болмок, бирок Тегеран андан баш тартып койду. Ирандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, аталган өлкө мындай сүйлөшүүлөрдү убакытты текке кетирүү деп эсептейт. Анткени Вашингтон эки тарапка тең ыңгайлуу болчу келишимге бут тосуп жатат. Андан сырткары, Иран тарап Ормуз кысыгынын курчоого алынышына жана АКШнын ашкере кеткен, реалдуулукка коошпогон талаптарына нааразы экенин айткан. Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, Тегеран жакынкы арада сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча чечим кабыл ала элек.
https://sputnik.kg/20260421/tramp-suyloshuu-boyuncha-irandy-korkutuuda-1100909761.html
жакынкы чыгыш
акш
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/02/1100014971_306:0:1187:661_1920x0_80_0_0_fb6f5995021673d94dd8653bfef7e977.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, иран, тирешүү, жеңилүү, кооптуулук
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, иран, тирешүү, жеңилүү, кооптуулук
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы тирешүү күчөй берсе Иран жеңип кетет. Бул туурасында Чикаго университетинин профессору Жон Миршаймер айтканын
РИА Новости жазды.
"Трамп муну болушунча эртерээк бүтүрүшү керек. Себеби, жеңип ала тургандай согуштук стратегиясы жок. Эгерде кырдаал оңдолбой, улам ырбап кете берсе, америкалыктар эмес ирандыктар жеңет. Андан ары маселени күч менен чечүүгө болбой калат", — деген ал.
Эксперт дүйнөлүк экономика "урай турган кооптуулукка кептелип" турганын белгилеген. Тирешүү улана берсе бул дагы бир оңдурбагандай сокку болорун кошумчалаган.
"Израилдиктер дал бүгүн, ушул учурда жеңилгенибизди түшүнүп турат. Биз дегеним — Израиль менен АКШ. Бардык жагынан биздики ийгиликсиз болду. Ирандыктар жеңди. Тель-Авивдин көз карашы менен алганда бул бир топ эле кыйын кырдаал. Себеби израилдиктер Иранды өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө доо кетирген коркунуч катары карап келет", — деп Миршаймер сөзүн жыйынтыктаган.
Кечээ кечинде АКШ Иран менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишиминин мөөнөтү узартылганын жарыялады. Бул ирет ал расмий чектелген жок.
Эске салсак, кезектеги жолугушуу кечээ болмок, бирок Тегеран андан баш тартып койду. Ирандык жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, аталган өлкө мындай сүйлөшүүлөрдү убакытты текке кетирүү деп эсептейт. Анткени Вашингтон эки тарапка тең ыңгайлуу болчу келишимге бут тосуп жатат. Андан сырткары, Иран тарап Ормуз кысыгынын курчоого алынышына жана АКШнын ашкере кеткен, реалдуулукка коошпогон талаптарына нааразы экенин айткан.
Tasnim агенттигинин маалыматына караганда, Тегеран жакынкы арада сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча чечим кабыл ала элек.