Элмирбекти эстеткен сүрөттөр. Ак таңдай акын 6 жыл мурда дүйнө салган
Элмирбекти эстеткен сүрөттөр. Ак таңдай акын 6 жыл мурда дүйнө салган
Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын бир жаралган таланттуу уулдарынын бири Элмирбек Иманалиевдин өмүрү да, чыгармачылык чыйыры да кыска болду. Күйөрмандарын тамшанткан бойдон 42 жашында... 20.04.2026, Sputnik Кыргызстан
Алты жыл мурда коронавирустан улам жаралган дүйнөлүк пандемиянын учурунда каза таап, Бишкек шаарында жерге берилген.Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт. Акын 1978-жылы 17-январда ак таңдайлардын алптарынын бири Токтогул акындын жеринде, Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Жаш кезинен тарта, тагыраагы, 15инде төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып, элге таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
Кыргыздын бир жаралган таланттуу уулдарынын бири Элмирбек Иманалиевдин өмүрү да, чыгармачылык чыйыры да кыска болду. Күйөрмандарын тамшанткан бойдон 42 жашында кете берди.
Алты жыл мурда коронавирустан улам жаралган дүйнөлүк пандемиянын учурунда каза таап, Бишкек шаарында жерге берилген.
Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.
Акын 1978-жылы 17-январда ак таңдайлардын алптарынын бири Токтогул акындын жеринде, Өзгөрүш айылында жарыкка келген.
Жаш кезинен тарта, тагыраагы, 15инде төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып, элге таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
Ошол турушунда улуулардын учугун улачу жаштар десек жарашмак... Сүрөттө акын Азамат Болгонбаев (солдо), залкарлардын бири, кинорежиссер, акын жана мамлекеттик ишмер Дооронбек Садырбаев (ортодо) жана Иманалиев (оңдо).
Тагдыр кийин Элмирбек Иманалиев менен Нурзатты жолуктурган. Жарынын өнөрүнөн алыс болсо да, айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.