00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Эл шайлаган президенттин айланасына биригишибиз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Өкмөт мүчөсү генерал Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы жана өлкөдөгү кырдаал боюнча пикирин билдирип, аны соцтармакка жарыялаган. Байсалов элди мыйзамдуулукту, конституциялык түзүлүштү, стабилдүүлүктү бекемдөө багытын колдоп, Кыргызстандын келечеги үчүн башталган ишти улантууга үндөдү. Ал жеке мамилелер, бейформал макулдашуулар президенттин антынан жогору турбастыгына токтолгон. "Президенттин негизги милдети — мамлекеттин биримдигин камсыздап, туруктуулукту сактоо, Конституциянын үстөмдүгүн кепилдөө жана бийликтин кайсы гана формада болбосун узурпацияланышына жол бербөө. Биз мурдагы каталарды кайталабашыбыз керек. Мамлекеттик чечимдерди достук же эмоция деңгээлине түшүрүүгө болбойт. Президент Кыргызстан элине жана Конституцияга гана кызмат кылууга тийиш", — деди Байсалов. Минкаб төрагасынын орун басары өлкө башчысы Садыр Жапаров менен үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин ортосуна кимдер жик салганын, мамлекеттик башкаруудагы тең салмактуулук кантип бузулганын айтты.
Башкы штаб альтернативдик кызмат үчүн төлөнө турган акчанын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу жана аскердик эсеп боюнча башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Сабыр Майрамбеков билдирди. Анын айтымында, азыр альтернативдик кызмат өтөөнүн акысы 18 миң сом. Министрлик бул сумманы 25 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. "Альтернативдик кызматка чакырылган жигит ай сайын орто эсеп менен 1 300-1 400 сомдон төлөп турса болот. Бардык каражаттар Коргоо министрлигинин атайын эсебине түшөт. Төлөмдүн жогорулашы негизинен инфляцияга байланыштуу. Бул каражаттар эски имараттарды оңдоого жана жаңыларын курууга жумшалат", – деди Майрамбеков.
Киев бийлиги жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага делегация жиберүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул туурасында украиналык басылма маалыматы бар кишилердин айтканына таянып жазды. "Сүйлөшүүлөрдү тездетүү үчүн украин делегациясын Москвага жиберишет. Маалымат булактарыбыз мындай вариант каралып жатканын айтты", — деп ЖМК жазган. Коопсуздукка кепилдик берүүчүлөр АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер болорун айтышууда. 4-5-февралда Абу-Дабиде орус-украин чатагын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болуп, ага Москва, Киев жана Вашингтондун делегациялары катышты. Биринчи раунд январдын соңунда өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0