https://sputnik.kg/20251214/zelenskiy-prezidenttin-kyzmat-tuuraluu-un-katty-1098572482.html
"Президенттик кызматка жабышып калбайм". Зеленскийдин билдирүүсү
"Президенттик кызматка жабышып калбайм". Зеленскийдин билдирүүсү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Украинада шайлоону өткөрбөй, токтоткон Владимир Зеленский Вашингтондун басымынан улам президенттик кызматка жабышпайм деген таризде... 14.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-14T21:32+0600
2025-12-14T21:32+0600
2025-12-15T09:26+0600
дүйнөдө
украина
владимир зеленский
президенттик шайлоо
дональд трамп
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0a/1097746674_0:0:3071:1728_1920x0_80_0_0_a5b457d65ad004cfbce0083374f2adcf.jpg
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Украинада шайлоону өткөрбөй, токтоткон Владимир Зеленский Вашингтондун басымынан улам президенттик кызматка жабышпайм деген таризде үн катты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Украинада шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп билдирген. Ал мурда Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, рейтинги 4 пайызга чейин төмөндөп кеткенин белгилеген.Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук буга чейин украин бийлиги президенттик шайлоонун өткөрүлүшүнө жол бербейт деген ишенимин билдирген. Анын айтымында, Зеленскийдин азыркы бийлигин мындай жол менен алмаштыруу мүмкүн эмес.Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында соңуна чыккан. Аскердик абалдан жана жалпы мобилизациядан улам президенттик шайлоо жылган. Зеленский шайлоо өткөрүүчү мезгил эмес экенин айткан болчу.Буга чейин Россия президенти Владимир Путин, алдын ала берилген баа боюнча, Украинада учурда парламент менен Раданын спикери жападан жалгыз мыйзамдуу бийлик болуп саналарын билдирген. Анын айтымында, эгер Украина президентти легитимдүү тандоону кааласа аскердик абал боюнча мыйзам жокко чыгышы керек. Анын иштеп жатышы өткөн шайлоонун жыйынтыгын ушу кезге чейин жарактуу кыла албайт, "Конституцияда бул жөнүндө эч нерсе айтылган эмес".
https://sputnik.kg/20251209/tramp-ukraina-shayloo-ubakyt-keldi-1098457693.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0a/1097746674_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_3a25e4a93ab4b3feb316846fbe6c13b6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, президенттик шайлоо, дональд трамп
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, президенттик шайлоо, дональд трамп
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Украинада шайлоону өткөрбөй, токтоткон Владимир Зеленский Вашингтондун басымынан улам президенттик кызматка жабышпайм деген таризде үн катты. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Украинада шайлоо өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп билдирген. Ал мурда Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, рейтинги 4 пайызга чейин төмөндөп кеткенин белгилеген.
"АКШ жактан Украинада президенттик шайлоону өткөрүү боюнча ишарат болгон. Жообум — мен президенттик креслого жабышып алган жокмун. Украина окуялардын ар кандай нукта өнүгүшүнө даяр болушу керек деп эсептейм. Эгер шайлоо өтө турган болсо, коопсуздук маселеси боюнча өнөктөштөр жардам берүүсүн сурандым. Ошондой эле кырдаал ушул тейде жүрүп отурса муну кантип ишке ашыруу боюнча депутаттардын мүмкүн болгон варианттарды иштеп чыгышы керектигин айттым", — деген Зеленскийдин сөзүн Украинанын "Новости.LIVE" басылмасы жазган.
Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук буга чейин украин бийлиги президенттик шайлоонун өткөрүлүшүнө жол бербейт деген ишенимин билдирген. Анын айтымында, Зеленскийдин азыркы бийлигин мындай жол менен алмаштыруу мүмкүн эмес.
Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 2024-жылдын 20-майында соңуна чыккан. Аскердик абалдан жана жалпы мобилизациядан улам президенттик шайлоо жылган. Зеленский шайлоо өткөрүүчү мезгил эмес экенин айткан болчу.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин, алдын ала берилген баа боюнча, Украинада учурда парламент менен Раданын спикери жападан жалгыз мыйзамдуу бийлик болуп саналарын билдирген. Анын айтымында, эгер Украина президентти легитимдүү тандоону кааласа аскердик абал боюнча мыйзам жокко чыгышы керек. Анын иштеп жатышы өткөн шайлоонун жыйынтыгын ушу кезге чейин жарактуу кыла албайт, "Конституцияда бул жөнүндө эч нерсе айтылган эмес".