https://sputnik.kg/20251212/din-ishteri-muratbekov-1098524318.html
Муратбеков: дин жаатында ушу тапта диний билим берүү — талуу маселе
Муратбеков: дин жаатында ушу тапта диний билим берүү — талуу маселе
Sputnik Кыргызстан
Президентке караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Манас Муратбеков Кыргызстандагы диний... 12.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-12T13:28+0600
2025-12-12T13:28+0600
2025-12-12T13:28+0600
радио
кыргызстан
дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия
билим берүү
дин
мыйзам
манас муратбеков
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098524701_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_8077fe9bed2c246650e231928268c779.jpg
Муратбеков: дин жаатында ушу тапта диний билим берүү — талуу маселе
Sputnik Кыргызстан
Муратбеков: дин жаатында ушу тапта диний билим берүү — талуу маселе
Кыргызстанда 4 448 диний багыттагы уюм жана 224 диний окуу жай бар. Ал эми Казакстанда тогуз, 36 миллион калкы бар Өзбекстанда 15 диний окуу жай иш алып барат. Бул тууралуу Манас Муратбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, диний билим берүү көйгөйлүү маселелердин бири болуп келе жатат. Ал дин тутуу эркиндиги менен ар кимиси каалагандай диний окуу жайларды ачып, документтерин тапшырып эле окутуп келишкендигин белгиледи. "Мыйзамда каралган документтерин тапшырып эле ар ким каалагандай окутуп келген. Башында координациялоочу, көзөмөлдөөчү борбордук башкаруу органдары болгон эмес. Учурда борбордук башкаруучу орган — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы. Ал мыйзамда ислам багытындагы диний объектилердин, диний окуу жайлардын борбордук башкаруу органы катары белгиленди. Жалпысынан Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жогорку деңгээлде кепилденип келет. Акыркы статистиканы карап көрсөк болот. Мисалы, Кыргызстанда 4 448 диний багыттагы уюмдар бар. Анын 4048и ислам багытында, 387си христиан багытында, бирөө иудаизм жана төртөө бахаир коомчулугу. Бул да болсо мамлекет тарабынан элдин диний муктаждыгына шарт түзүлүп жатканын билдирет. Бизде 224 диний окуу жай бар. Ошол эле коңшу Казакстанда тогуз, 36 миллион калкы бар Өзбекстанда 15 диний окуу жайы иш алып барат. Демек, бизде диний эркиндик бар. Албетте, мындай окуу жайлар көбөйгөнү менен алардын көзөмөлү, артыкчылыктары, координациясы чоң маселе жаратат. Мамлекет эч бир диний уюмга артыкчылык берип же алардын ички ишмердүүлүгүнө киришпейт, бирок ошол эле учурда алардын иштөөсүн координациялоочу мамлекеттик органдар иш алып барат. Жалпысынан бул жактагы кырдаалды эске алып, бара-бара ченемдик-укуктук актыларды дагы заман талабына ылайыкташтыруу каралган. 2025-жылдын январь айында президентибиз тарабынан "Дин тутуу эркиндиги, диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамга кол коюлду. Ага чейинки мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Ортодон 17 жыл өткөндөн кийин мыйзам толуктоолор менен өзгөртүлүп жатат", — деди Муратбеков. Ал документте биринчи диний билим берүү маселелерин жөнгө салуу каралгандыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0c/1098524701_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_4f5ce127b8b24b339d84cd8174d60c65.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, билим берүү, дин, мыйзам, манас муратбеков, аудио
кыргызстан, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, билим берүү, дин, мыйзам, манас муратбеков, аудио
Муратбеков: дин жаатында ушу тапта диний билим берүү — талуу маселе
Президентке караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Манас Муратбеков Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда 4 448 диний багыттагы уюм жана 224 диний окуу жай бар. Ал эми Казакстанда тогуз, 36 миллион калкы бар Өзбекстанда 15 диний окуу жай иш алып барат. Бул тууралуу Манас Муратбеков
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, диний билим берүү көйгөйлүү маселелердин бири болуп келе жатат.
"Жалпысынан бүгүнкү күндө диний кырдаал туруктуу деп эсептелинет. Союз тарагандан баштап мамлекетте диний вакуум пайда болгон. Ошонун негизинде биздикилер чет мамлекетке ар кандай диний окуу борборлоруна, теологиялык жогорку окуу жайларга чыгып башташкан. Жыйынтыгында ар кимиси ар түрдүү диний билимге ээ болуп келишти. Арасында биздин идеологиябызга каршы көз караш менен кайтып келген да фактылар бар. Мындан улам айрым жамааттар, топтор пайда боло баштады. Ошол эле учурда салттуу динибизге караштуу да маселелер каралып келет. Учурдагы диний көйгөйлөрдүн бири катары диний билим берүү тармагын айтсам болот. Ал акыркы учурда эң актуалдуу маселелердин бири болууда", — деди Муратбеков.
Ал дин тутуу эркиндиги менен ар кимиси каалагандай диний окуу жайларды ачып, документтерин тапшырып эле окутуп келишкендигин белгиледи.
"Мыйзамда каралган документтерин тапшырып эле ар ким каалагандай окутуп келген. Башында координациялоочу, көзөмөлдөөчү борбордук башкаруу органдары болгон эмес. Учурда борбордук башкаруучу орган — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы. Ал мыйзамда ислам багытындагы диний объектилердин, диний окуу жайлардын борбордук башкаруу органы катары белгиленди. Жалпысынан Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жогорку деңгээлде кепилденип келет. Акыркы статистиканы карап көрсөк болот. Мисалы, Кыргызстанда 4 448 диний багыттагы уюмдар бар. Анын 4048и ислам багытында, 387си христиан багытында, бирөө иудаизм жана төртөө бахаир коомчулугу. Бул да болсо мамлекет тарабынан элдин диний муктаждыгына шарт түзүлүп жатканын билдирет. Бизде 224 диний окуу жай бар. Ошол эле коңшу Казакстанда тогуз, 36 миллион калкы бар Өзбекстанда 15 диний окуу жайы иш алып барат. Демек, бизде диний эркиндик бар. Албетте, мындай окуу жайлар көбөйгөнү менен алардын көзөмөлү, артыкчылыктары, координациясы чоң маселе жаратат. Мамлекет эч бир диний уюмга артыкчылык берип же алардын ички ишмердүүлүгүнө киришпейт, бирок ошол эле учурда алардын иштөөсүн координациялоочу мамлекеттик органдар иш алып барат. Жалпысынан бул жактагы кырдаалды эске алып, бара-бара ченемдик-укуктук актыларды дагы заман талабына ылайыкташтыруу каралган. 2025-жылдын январь айында президентибиз тарабынан "Дин тутуу эркиндиги, диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамга кол коюлду. Ага чейинки мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Ортодон 17 жыл өткөндөн кийин мыйзам толуктоолор менен өзгөртүлүп жатат", — деди Муратбеков.
Ал документте биринчи диний билим берүү маселелерин жөнгө салуу каралгандыгын кошумчалады.