https://sputnik.kg/20251209/1098455164.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Коррупцияга каршы күрөштөн беш жыл аралыгында бюджетке 300 миллион сомдон ашык актив алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү... 09.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-09T17:00+0600
2025-12-09T17:00+0600
2025-12-09T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098454994_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6d23cdd5e71b6d36e97549e2a664c8c0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Коррупцияга каршы күрөштөн беш жыл аралыгында бюджетке 300 миллион сомдон ашык актив алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, бул каражаттын ичинде акча, мал-мүлк, миңдеген завод-фабрика, жер тилкелери жана башкалар бар. "2025-жылдын январь айында жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, эми коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкер түрмөдөн кутула албайт. Мындан тышкары, анын мамлекеттик кызматта иштеген жакындары, башкача айтканда, бала-чакасы, аялы же күйөөсү ишинен алынат", — деди Ташиев.УКМК төрагасы союз кулагандан кийинки менчиктештирүү учурунда мамлекет таланып-тонолгонун, бул 2020-жылга чейин уланып келгенине токтолуп, азыркы коррупцияга каршы күрөш бүтүндөй бир доордун катмары менен күрөш экенин кошумчалады.
Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда өткөн жыйынында 29 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округдан башкаларынан көп добуш алып келген 87 талапкер жеңүүчү деп таанылды.Эскерте кетсек, №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы кайсы бир талапкердин тарапташтары шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгенден кийин жокко чыгарылган. Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева маалымат берип, добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөткөн. Бул округда эми кайра шайлоо өтөт. Чечимге ылайык, бул мыйзам бузууга тиешеси бар 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.
Жогорку сот тарабынан реалдуу соттук отурумдарды ачык видео трансляциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Ведомстводон маалымдашкандай, бул ар бир жаранга сот адилеттигинин кандайча иштеп жаткандыгын көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маанилүү кадам. Белгиленгендей, 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталды. Долбоордун башкы максаты — сот адилеттигин калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу болуп саналат. КР Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесин практикалык жүзөгө ашыруу, процесс катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен сот отурумдарын реалдуу убакыт режиминде онлайн-трансляциялоого шарт түзөт. Мындай түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн. Ачык сот отурумдарын трансляциялоо — сот системасынын жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы деңгээли. Бул ыкма укуктук маданиятты жогорулатууга, сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөгө жана коомдо укук бузуу фактыларынын алдын алууга жардам берет.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев ЖККУ эл аралык террорчулукка, экстремизмге, уюшкан транс чек аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө чоң уюмга айланганын, жаңы технологияларды киргизүүдө алдыда экенин айтты. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалыкты эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Анын айтымында, ЖККУ кибер кылмыштуулук менен биргелешип күрөшүп гана оң натыйжага жетет. Ошондой эле ал Россиянын ЖККУ күчтөрүн заманбап курал-жарагы менен жабдуу боюнча сунушу да жакшы белги экенин кошумчалады.
Коррупцияга каршы күрөштөн беш жыл аралыгында бюджетке 300 миллион сомдон ашык актив алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, бул каражаттын ичинде акча, мал-мүлк, миңдеген завод-фабрика, жер тилкелери жана башкалар бар. "2025-жылдын январь айында жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, эми коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкер түрмөдөн кутула албайт. Мындан тышкары, анын мамлекеттик кызматта иштеген жакындары, башкача айтканда, бала-чакасы, аялы же күйөөсү ишинен алынат", — деди Ташиев.УКМК төрагасы союз кулагандан кийинки менчиктештирүү учурунда мамлекет таланып-тонолгонун, бул 2020-жылга чейин уланып келгенине токтолуп, азыркы коррупцияга каршы күрөш бүтүндөй бир доордун катмары менен күрөш экенин кошумчалады. Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда өткөн жыйынында 29 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округдан башкаларынан көп добуш алып келген 87 талапкер жеңүүчү деп таанылды.Эскерте кетсек, №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы кайсы бир талапкердин тарапташтары шайлоочуларды телефонго тартып, добуш берүүнү көзөмөлдөгөнү далилденгенден кийин жокко чыгарылган. Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева маалымат берип, добуш берүүнүн жүрүшү шайлоочунун идентификациядан өтүшүнөн тартып, бюллетень таштаганга чейинкиси толук видеого жазылып турганын көрсөткөн. Бул округда эми кайра шайлоо өтөт. Чечимге ылайык, бул мыйзам бузууга тиешеси бар 14 талапкер кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.Жогорку сот тарабынан реалдуу соттук отурумдарды ачык видео трансляциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Ведомстводон маалымдашкандай, бул ар бир жаранга сот адилеттигинин кандайча иштеп жаткандыгын көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн маанилүү кадам. Белгиленгендей, 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталды. Долбоордун башкы максаты — сот адилеттигин калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу болуп саналат. КР Жазык-процесстик кодексинин 290-беренесин практикалык жүзөгө ашыруу, процесс катышуучуларынын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен сот отурумдарын реалдуу убакыт режиминде онлайн-трансляциялоого шарт түзөт. Мындай түз эфир теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн. Ачык сот отурумдарын трансляциялоо — сот системасынын жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы деңгээли. Бул ыкма укуктук маданиятты жогорулатууга, сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөгө жана коомдо укук бузуу фактыларынын алдын алууга жардам берет.Саясат таануучу Токтогул Какчекеев ЖККУ эл аралык террорчулукка, экстремизмге, уюшкан транс чек аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө чоң уюмга айланганын, жаңы технологияларды киргизүүдө алдыда экенин айтты. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалыкты эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Анын айтымында, ЖККУ кибер кылмыштуулук менен биргелешип күрөшүп гана оң натыйжага жетет. Ошондой эле ал Россиянын ЖККУ күчтөрүн заманбап курал-жарагы менен жабдуу боюнча сунушу да жакшы белги экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098454994_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1665aba0227e46ffefb0e3af39ab44bf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио