https://sputnik.kg/20251207/1098405125.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
1-ноябрдан 5-декабрга чейинки мезгил аралыгында 65 356 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти. Мындай... 07.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-07T17:00+0600
2025-12-07T17:00+0600
2025-12-07T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/07/1098404959_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_263c124adefcd90feb369f5ecaf2b10e.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
1-ноябрдан 5-декабрга чейинки мезгил аралыгында 65 356 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыялады. Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне? "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат. Бул механизмди киргизүүнүн негизги максаттары Алдамчылыктын алдын алуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо: Уурдалган же жасалма маалыматтарды колдонуу менен башка бирөөнүн атына кредит алуунун алдын алуу, карыз тузагына жана талаш-тартыштарга жол бербөө. Өзүнүн кредиттик профилин көзөмөлдөө: Каалаган убакта өзүнүн атына "санарип кулпуну" коюу мүмкүнчүлүгү. Каржылык сактык: Жарандарга ойлонулган чечимдерди кабыл алуу үчүн убакыт берүү.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лаловичти жана Азиянын бириккен күрөш уюмунун жетекчиси Мохаммед Аль-Авамлехти кабыл алып, мамлекеттик сыйлык тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ал эми бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) ордени Жапаровго тапшырылган.Жолугушууда ал спортту өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттын бири экенин баса белгилеген. Заманбап объектилер курулуп, академиялар ачылып, спорт менен массалык түрдө да, кесипкөй спорт үчүн да машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айткан. Дүйнөлүк күрөш уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда спорттун бул түрү боюнча дүйнө чемпионаттары да өткөрүлөт деген ишенимин билдирген. "Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы – бул ысымдар бүгүн жеке эле кыргызстандыктарга эмес, дүйнөлүк күрөш коомчулугунда жана башка өлкөлөрдөгү күрөш күйөрмандарынын арасында өтө белгилүү", — деген президент. Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров United World Wrestling уюмунун жетекчилерин сыйлап, Ненад Лаловичке "Достук" орденин, ал эми Мохаммед Аль-Авамлехке Ардак грамота тапшырган.
Бишкек шаарында күнүнө 1 миң 700 тонна таштанды чыгарылат. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдошбек Чуштуков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 1 миң тоннасын "Тазалык" муниципалдык ишканасы чыгарат. “Бизден башка дагы таштанды чыгарган жеке компаниялар бар. Калганын ушул жеке компаниялар чыгарат”,-деди ал.
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков АКШ делегациясы Украинадагы жаңжалдын баштоочулары болгон мурунку администрациядан айырмаланарын белгилешкенин айткан. Ушаков Москва менен Вашингтон учурда узак мөөнөттүү чечим издеп жатканын, кеп убактылуу ок атышуулар тууралуу эмес экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө АКШ тараптан Трампка жакын адамдар катышып, анын көрсөтмөлөрүн так аткарып жатканын кошумчалады.
1-ноябрдан 5-декабрга чейинки мезгил аралыгында 65 356 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыялады. Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне? "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат. Бул механизмди киргизүүнүн негизги максаттары Алдамчылыктын алдын алуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо: Уурдалган же жасалма маалыматтарды колдонуу менен башка бирөөнүн атына кредит алуунун алдын алуу, карыз тузагына жана талаш-тартыштарга жол бербөө. Өзүнүн кредиттик профилин көзөмөлдөө: Каалаган убакта өзүнүн атына "санарип кулпуну" коюу мүмкүнчүлүгү. Каржылык сактык: Жарандарга ойлонулган чечимдерди кабыл алуу үчүн убакыт берүү.Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лаловичти жана Азиянын бириккен күрөш уюмунун жетекчиси Мохаммед Аль-Авамлехти кабыл алып, мамлекеттик сыйлык тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ал эми бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) ордени Жапаровго тапшырылган.Жолугушууда ал спортту өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттын бири экенин баса белгилеген. Заманбап объектилер курулуп, академиялар ачылып, спорт менен массалык түрдө да, кесипкөй спорт үчүн да машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын айткан. Дүйнөлүк күрөш уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда спорттун бул түрү боюнча дүйнө чемпионаттары да өткөрүлөт деген ишенимин билдирген. "Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы – бул ысымдар бүгүн жеке эле кыргызстандыктарга эмес, дүйнөлүк күрөш коомчулугунда жана башка өлкөлөрдөгү күрөш күйөрмандарынын арасында өтө белгилүү", — деген президент. Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров United World Wrestling уюмунун жетекчилерин сыйлап, Ненад Лаловичке "Достук" орденин, ал эми Мохаммед Аль-Авамлехке Ардак грамота тапшырган.Бишкек шаарында күнүнө 1 миң 700 тонна таштанды чыгарылат. Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдошбек Чуштуков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 1 миң тоннасын "Тазалык" муниципалдык ишканасы чыгарат. “Бизден башка дагы таштанды чыгарган жеке компаниялар бар. Калганын ушул жеке компаниялар чыгарат”,-деди ал.РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков АКШ делегациясы Украинадагы жаңжалдын баштоочулары болгон мурунку администрациядан айырмаланарын белгилешкенин айткан. Ушаков Москва менен Вашингтон учурда узак мөөнөттүү чечим издеп жатканын, кеп убактылуу ок атышуулар тууралуу эмес экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кремлдеги сүйлөшүүлөрдө АКШ тараптан Трампка жакын адамдар катышып, анын көрсөтмөлөрүн так аткарып жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/07/1098404959_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f7b3a750781bf336245cb3f36f93e162.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио