00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
"Война конца света": роман о мире, который не умеет договариваться
18:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
РФ менен Кыргызстан президентери Садыр Жапаров жана Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Путин Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Жапаров өз кезегинде Путинге жылуу куттуктоолору жана жакшы каалоолору үчүн ыраазылык билдирди. "Андан ары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары өлкөлөр ортосундагы достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн туруктуу бекем мамилелерин белгилешти", — деп айтылган маалыматта. Лидерлер алдыдагы жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жемиштүү өз ара иш алып барууну мындан ары да тереңдетүүгө кызмат кыларына ишенимин билдиришкен.
Улуттук банк интервенция жасап, валюта базарына 83 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды.Быйыл Улуттук банк жети жолу валюталык интервенция жасады. Жалпысынан 673,5 миллион доллар сатты. Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги ыкма катары пайдаланат.Эске салсак, өлкөнүн башкы каржы уюму ушул күздө экинчи жолу ири суммада доллар сатты.
Россияда DOBRO аттуу КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчылар кыймылын бириктирген эл аралык ассоциация түзүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. 5-декабрда Москвадагы "Россия" улуттук борборунда V #МЫВМЕСТЕ форуму өтүп, анын алкагында ассоциациянын түзүүчү курултайы болгон. Мындай ассоциация ачуу идеясы өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчылар уюмдары тарабынан көтөрүлүп, РФ президенти Владимир Путин тарабынан колдоого алынган.
Аймактарда жер эрозиясын азайтуу, жашыл инфраструктураны өнүктүрүү жана жол жээктерин бекемдөө үчүн жол жээктерине мөмө-жемиш бактары отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоордун алкагында ар бир райондо болжол менен 1 чакырым негизги жол тилкесине мөмөлүү бактар отургузулат. “Айрым аймактарда жер тилкелери аныкталды, көчөт отургузуу 2026-жылы башталат. Учурда демилгени ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинетинин тиешелүү тескемеси даярдалууда”, — деп айтылат маалыматта. Жол боюндагы туура уюштурулган бактар экологияны жакшыртып гана койбостон, мөмө-жемиш өндүрүшүн көбөйтүп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна да салым кошору белгиленген.
АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлог Вашингтон Украинага аскер жөнөтпөй турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал Украина кризисин жөнгө салууда Запорожье АЭСи менен ДЭРдин статусу негизги тоскоолдук болуп саналат. “Эгер ушул эки маселе чечилсе, калганын иретке келтирүү кыйла жеңил болот”, — деди Келлог. Ал арада Axios басылмасы өздүк маалымат булагына таянуу менен Владимир Зеленский АКШнын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жерад Кушнер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аймактык маселени жана коопсуздук кепилдигин талкуулаганын жазды. Маалыматта аймактык маселе аябай курч талкууланып, АКШ тарап бул багытта жаңы идеяларды иштеп чыгууга аракет кылып жатканы кабарланат. Сүйлөшүүлөрдүн мазмуну расмий тастыктала элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0