https://sputnik.kg/20251206/kyrgyzstan-okm-aba-yrayy-kar-zhan-chachyn-eskertuu-kysh-suuk--1098394457.html
Дүйшөмбүдөн тартып өлкөдө аба ырайы бузулуп, кар жаап, туман каптайт
Дүйшөмбүдөн тартып өлкөдө аба ырайы бузулуп, кар жаап, туман каптайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келе жаткан жумада күндүн көзү бузулуп, суук түшө тургандыгын билдирди. 06.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-06T15:07+0600
2025-12-06T15:07+0600
2025-12-06T15:07+0600
кыргызстан
өкм
аба ырайы
кар
жан воинов
жаан-чачын
эскертүү
кыш
суук
https://sputnik.kg/img/07e6/03/17/1063063036_2:0:3642:2047_1920x0_80_0_0_7325b9e6acfbb2b3e9797cb8b37b93b1.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келе жаткан жумада күндүн көзү бузулуп, суук түшө тургандыгын билдирди. 8-9-10-декабрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда күрткү пайда болот. Кыргызгидромет кызматынын божомолу боюнча, 10-11-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн термометр -4…-9 градусту көрсөтөт. Ысык-Көлдө абанын муздактыгы түнү ...-17 градус болсо, Нарында суук -18…-23 градуска жетет.
https://sputnik.kg/20250103/okm-too-koopsuzduk-1091230812.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/17/1063063036_458:0:3187:2047_1920x0_80_0_0_7918d173a63d9a32580b4a48e2f10e09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өкм, аба ырайы, кар, жан воинов, жаан-чачын, эскертүү, кыш, суук
кыргызстан, өкм, аба ырайы, кар, жан воинов, жаан-чачын, эскертүү, кыш, суук
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келе жаткан жумада күндүн көзү бузулуп, суук түшө тургандыгын билдирди.
8-9-10-декабрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда күрткү пайда болот.
Кыргызгидромет кызматынын божомолу боюнча, 10-11-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн термометр -4…-9 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көлдө абанын муздактыгы түнү ...-17 градус болсо, Нарында суук -18…-23 градуска жетет.