https://sputnik.kg/20251127/1098152051.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУ боюнча өнөктөштөргө Кыргызстандын төрагалыгы маалында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди... 27.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-27T13:00+0600
2025-11-27T13:00+0600
2025-11-27T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1b/1098151885_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6635378d032bcd795cdc96ef6ff2db6e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУ боюнча өнөктөштөргө Кыргызстандын төрагалыгы маалында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Эскерте кетсек, ушу тапта Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйыны өтүп жатат. Кулубаев бүгүнкү иш-чара жемиштүү болоруна ишеним артты. Жыйында коопсуздукка байланышкан маанилүү маселелер, тагыраагы, баңгизат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү талкууланууда. Жыйынтыгы менен декларация кабыл алынып, кийинки үч жылга ЖККУнун баш катчысынын талапкерлиги каралмакчы. Бул кызматка Кыргызстан Таалатбек Масадыковду көрсөтүүдө.
Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына негизги мониторинг жүргүзүү үчүн көз карандысыз уюмдан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мекемеден маалымдашкандай, мониторинг Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлөт. Тендердин максаты "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билим берүүнүн сапатын комплекстүү баалоону ишке ашырууга жөндөмдүү көз карандысыз уюмду аныктоо. Тендерге билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана баалоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттер жана кесиптик уюмдар катышууга чакырылат.
Жалал-Абадда такси айдоочусуна кол салууга шектелген эки адам кармалганын облустук милиция кабарлады. Укук коргоо органдарына 14-ноябрь күнү Сузактын тургуну кайрылып, эки белгисиз кишинин ур-токмогуна кабылганын билдирген. Тергөө учурунда окуя 13-ноябрда болгону аныкталган. Daewoo Matiz менен такси кызматын көрсөтүп жүргөн 18 жаштагы айдоочуну эки адам Шамалды-Сайга жалдап айдатышкан. Жолдон ага кол салып, бири рулга отуруп, Бишкекти көздөй жол тарткан. Суусамырга жеткенде автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, токтогонго аргасыз болушат. Бир канча убакыттан кийин кол салгандар уктап калышкан. Ошол маалда такси айдоочусу машинадан чыгып, жолдон өткөндөрдү тосуп Токтогулга жеткен да, ошол жерден милицияга кайрылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында 16-ноябрда 19 жана 17 жаштагы эки шектүү кармалган. Соттун чечими менен экөө тең эки айга камакка алынды.
АКШ европалык союздаштарын Вашингтон Украина боюнча тынчтык келишимин Киев үчүн коопсуздук кепилдиктери берилгичекти түзүү ниети тууралуу кабардар кылды. Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин РИА Новости Politico басылмасына таянуу менен жазды. "Рубио европалык союздаштарына АКШ Украина үчүн кандайдыр бир коопсуздук кепилдиктерине макул болордон мурун тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын билдирди", — деп айтылат макалада. Басылмага маалымат берген тараптын айтымында, Рубио макулдашуу түзүлгөндөн кийинки чечиле турган бир нече маселе бар экенин айткан. Европалыктар кеп Украинанын аймактык бүтүндүгү жана Россиянын тоңдурулган каражаты тууралуу болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУ боюнча өнөктөштөргө Кыргызстандын төрагалыгы маалында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Эскерте кетсек, ушу тапта Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйыны өтүп жатат. Кулубаев бүгүнкү иш-чара жемиштүү болоруна ишеним артты. Жыйында коопсуздукка байланышкан маанилүү маселелер, тагыраагы, баңгизат жүгүртүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү талкууланууда. Жыйынтыгы менен декларация кабыл алынып, кийинки үч жылга ЖККУнун баш катчысынын талапкерлиги каралмакчы. Бул кызматка Кыргызстан Таалатбек Масадыковду көрсөтүүдө.Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына негизги мониторинг жүргүзүү үчүн көз карандысыз уюмдан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мекемеден маалымдашкандай, мониторинг Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлөт. Тендердин максаты "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билим берүүнүн сапатын комплекстүү баалоону ишке ашырууга жөндөмдүү көз карандысыз уюмду аныктоо. Тендерге билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана баалоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттер жана кесиптик уюмдар катышууга чакырылат. Жалал-Абадда такси айдоочусуна кол салууга шектелген эки адам кармалганын облустук милиция кабарлады. Укук коргоо органдарына 14-ноябрь күнү Сузактын тургуну кайрылып, эки белгисиз кишинин ур-токмогуна кабылганын билдирген. Тергөө учурунда окуя 13-ноябрда болгону аныкталган. Daewoo Matiz менен такси кызматын көрсөтүп жүргөн 18 жаштагы айдоочуну эки адам Шамалды-Сайга жалдап айдатышкан. Жолдон ага кол салып, бири рулга отуруп, Бишкекти көздөй жол тарткан. Суусамырга жеткенде автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, токтогонго аргасыз болушат. Бир канча убакыттан кийин кол салгандар уктап калышкан. Ошол маалда такси айдоочусу машинадан чыгып, жолдон өткөндөрдү тосуп Токтогулга жеткен да, ошол жерден милицияга кайрылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында 16-ноябрда 19 жана 17 жаштагы эки шектүү кармалган. Соттун чечими менен экөө тең эки айга камакка алынды. АКШ европалык союздаштарын Вашингтон Украина боюнча тынчтык келишимин Киев үчүн коопсуздук кепилдиктери берилгичекти түзүү ниети тууралуу кабардар кылды. Бул тууралуу Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио билдиргенин РИА Новости Politico басылмасына таянуу менен жазды. "Рубио европалык союздаштарына АКШ Украина үчүн кандайдыр бир коопсуздук кепилдиктерине макул болордон мурун тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын билдирди", — деп айтылат макалада. Басылмага маалымат берген тараптын айтымында, Рубио макулдашуу түзүлгөндөн кийинки чечиле турган бир нече маселе бар экенин айткан. Европалыктар кеп Украинанын аймактык бүтүндүгү жана Россиянын тоңдурулган каражаты тууралуу болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1b/1098151885_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b894f7c20e09da1cee75146872b630db.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио