00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему танец может сказать больше слов: о живом театре и его героях
14:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
2 млн сомду мектепке коротобуз - "Мыкты айыл өкмөт" сынагында байге алган Достук айылынын жетекчиси менен маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
Кинонун жаңы доору: блогерлер режиссёрдон да кызыктуубу?
17:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Күйүүчү май боюнча абал кандай? Өкмөттүн маалымат бердиИран борбор калаасын Тегерандан көчүрүүнү көздөп жататЖапаров ЖККУнун башкы катчысы Тасмагамбетовду Достук ордени менен сыйладыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен аймактык коопсуздуктун абалын, заманбап коркунучтарга каршы туруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мамлекеттин башчысы Кыргызстандын ЖККУга мүчөлүгү өлкөнүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынан болуп кала берерин аталган уюмдун башкы катчысы менен жолукканда айткан. Негизги кеп уюмдун жакында Бишкек шаарында өтө турган жыйыны тууралуу да болду. Тасмагамбетов иш-чаралардын планы ийгиликтүү жана толук көлөмдө ишке ашырылганын белгиледи. Өлкөнүн уюмдагы төрагалыгын жогору баалады. Кыргызстандын демилгеси менен өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциянын маанисин баса белгиледи. Президент Тасмагамбетовдун мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин, олуттуу салымын таануу иретинде аны Достук ордени менен сыйлады.
Бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык нефть базаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрабаев билдиргенин өкмөттөн кабарлашты. Маалыматта абал турукташып келе жатканы белгиленген. "Өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында Беларусь, Азербайжан, Казакстандын мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өлкөгө мунай продуктулары жеткирилип жатат", — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, өлкөдө күздүн башынан бери бензиндин баасы кеминде 5,5 сомго көтөрүлгөн. Өткөн айда күйүүчү майдын запасы кыйла азайып, бир айга жетпеген гана көлөм калганы айтылган. Рыноктогу тартыштыктан улам өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.
Иранда борбор калааны Тегерандан көчүрүү зарылдыгы жаралды. Бул тууралуу өлкө президенти Масуд Пезешкиан Казвин провинциясында эл менен жолугуп жатканда айтканын IRNA кабарлады. "Бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай, аргабыз калбай калды, борборду көчүрүү зарылдыкка айланды", — деген мамлекет жетекчиси. Анын айтымында, буга суунун тартыштыгы себеп. Президент шаар калкынын өсүп жатканы кошулса гуманитардык апаатты шарттай турганын белгилеген. Быйыл мартта эле Хорасан-Резави, Йезд, Исфахан жана Тегеран провинцияларында суу кризиси катуу болду. Дарыялар, көлмөлөр жана суу сактагычтар кургап бара жатат.
АКШ Украина маселесин жөнгө салуу боюнча сунушталган планга Владимир Зеленский 27-ноябрга чейин кол коюп берет деп күтүп жатат. Бул тууралуу украин аткаминерлерине таянуу менен Financial Times жазды. "Америкалык чиновниктер Зеленский кийинки жуманын бейшембисине чейин планга кол коюп берсе, аны Москвага көрсөтүп, декабрдын башында тынчтык орнотуу процессин аягына чыгарууга ниеттенип жатышат", — деп айтылат макалада. Анткен менен гезит макулдашууга көрсөтүлгөн убакытта кол коюларынан күмөн саноодо. Зеленскийдин кеңсесиндегилер пландын айрым пунктуларына Киев караманча каршы экенин айтышкан. Мындан тышкары, украин режими америкалыктар үчүн өзүнүн сунушун иштеп чыгып жатканы белгилүү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0