00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алтай шаарчасы: Жапаров курулуштун башталышына катышып, тилегин айтты

© Пресс-служба Президента КР Садыр Жапаров Алтай шаарчасынын курулушун баштады
Садыр Жапаров Алтай шаарчасынын курулушун баштады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Алтай шаарчасын кыргызстандык инвесторлор куруп жатканы кубандырууда. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Бишкектин четинде 34 миң батирге ылайыкталган шаарчанын башталган курулушунда айтканын анын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы "Алтай" комплекси элдин турак жайга муктаждыгын жоюу жана шаар инфратүзүмүн жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн иштелип чыкканын белгиледи.
Мамлекеттик келишимге ылайык, батирлердин 10 пайызы, башкача айтканда, 3 400ү мамлекетке өткөрүп берилет.
© Фото / Пресс-служба Президента КР

Алтай шаарчасынын эскизи

Алтай шаарчасынын эскизи - Sputnik Кыргызстан
1/2

Алтай шаарчасынын эскизи

© Фото / Пресс-служба Президента КР

Алтай шаарчасынын курулушунун башталышына Садыр Жапаров катышты

 Алтай шаарчасынын курулушунун башталышына Садыр Жапаров катышты - Sputnik Кыргызстан
2/2

Алтай шаарчасынын курулушунун башталышына Садыр Жапаров катышты

1/2

Алтай шаарчасынын эскизи

2/2

Алтай шаарчасынын курулушунун башталышына Садыр Жапаров катышты

"Алтай" — 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана социалдык комплекстин ири масштабдуу долбоору. Бул жерде 1551 беш кабаттуу турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир каралган. Курулуштун жалпы аянты бир миллион жети миң чарчы метрден ашат.
Долбоор тургундардын жайлуу жашоосуна ылайыкташтырылган, толук кандуу социалдык инфраструктураны камтыйт. Бул жерде мектептер, бала бакчалар, бейтапканалар, ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милиция бөлүмдөрү жана куткаруу борборлору курулат. Эс алуу жана бош убакытты өткөрүү үчүн аянты 50 гектарлык чоң сейил бак, заманга бап келген спорттук, балдар аянтчалары каралган.

"Борбор калааны, ошондой эле өлкөбүздүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, элибиздин бакубатчылыгы үчүн шарттарды түзүүгө белсенип, күч-аракетибизди жумшап келебиз. Өлкөбүздүн куттуу борбору Бишкек шаарын келечек муундарга өнүккөн шаар катары калтыралы деген илгери үмүт-тилек менен ушул шаарчанын курулушун түптөп жатабыз", — деген Жапаров.

Ал "Алтай" комплекси чөлкөмдөгү эң ири курулуш долбоору экенин баса белгилеп, бул бүтүп, эл көчүп келсе жаңы дем, жаңы чөйрө, жаңы маданияттагы өзүнчө бир шаарчага айланарына ишенимин билдирди.
"Азыркы учурда 200 миңден ашуун жараныбыз турак жайга муктаж экенин эске алганыбызда, мындай ири долбоор – мезгилдин талабы! Калкыбыздын муктаждыгын канааттандырмайынча, элибиздин батасын алмайынча өнүгүүбүз кыйын. "Алтай" долбоору дал ошол муктаждыкты канааттандырып, элдин батасына арзыйт деген бекем ишенимдемин", — деген президент.

Ал жакшы тилектерин билдирген.
"Айкөл Манас атабыздын киндик каны тамган ыйык жердин атын көтөрүп, Алтай аталган шаарча ылайым бакубатчылыктын, ынтымактын очогу болсун! Ата мекендик ишкерлерибиздин аракети арта берсин, баштаган ар бир кадамы жемиштүү болсун! Жараткан өзү жар болуп, баштаган ишибиз байсалдуу болсун!" — деген Жапаров.
Жаңы турак жай комплексинин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2025
Асман шаарын жеке курулуш компаниялары курары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0