https://sputnik.kg/20251112/tekhnopolis-moskvanyn-kompaniyalary-kirishesin-arbytty-1097802313.html
"Технополис Москва" ӨЭАсынын компаниялары экспорттук кирешесин үч эсе арбытты
"Технополис Москва" ӨЭАсынын компаниялары экспорттук кирешесин үч эсе арбытты
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын январь-июнь аралыгында "Технополис Москва" өзгөчө экономикалык аймагындагы ишканалардын сыртка саткан продукциясынын көлөмү болжол менен бир... 12.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-12T17:21+0600
2025-11-12T17:21+0600
2025-11-12T17:21+0600
дүйнөдө
россия
москва
сергей собянин
экономика
компания
киреше
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0c/1097802892_0:161:3068:1887_1920x0_80_0_0_0d3cda41a6c84ef46226f4be0c960b1a.jpg
2025-жылдын январь-июнь аралыгында "Технополис Москва" өзгөчө экономикалык аймагындагы ишканалардын сыртка саткан продукциясынын көлөмү болжол менен бир миллиард рублди түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 эсеге өскөнүн Москва мэринин транспорт жана өнөр жай боюнча орун басары Максим Ликсутов билдирди. 652 миллион рубль кирешени 2025-жылдын алты айында баарынан көп "Нанотехнологический центр композитов" деп аталган компания тапкан. Ал продукцияны жаңы материалдардан жасап, Бангладеш, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстанга саткан. "Технополис Москва" өзгөчө экономикалык аймагындагы дагы бир ишкана быйыл Кытайга 137 миллион рублге интегралдык электрондук схемаларды жөнөткөн. Дагы бир компания Бириккен Араб Эмирликтерине текшере турган жогорку технологиялык жабдуулардын долбоорун саткан. КМШ өлкөлөрүндө да Москвадагы өзгөчө экономикалык аймактын компаниялары чыгарган медициналык буюмдарга суроо-талап бир топ жогору. Анын ичинде "Медплант" ишканасы даярдап чыгарган дарыгердин жардам сумкалары да бар. 2025-жылдын январь-июнунда жабдуулар Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга сатылган. Стерилдегичтер, дезинфекция жасаган, жууп-тазалаган машиналар, ошондой эле эндоскопторду сактоо жабдууларды "Технополис Москва" ӨЭАсынын дагы бир резиденти болгон Тюмень меджабдуулар заводу Азербайжанга, Беларуска, Казакстанга жана Кыргызстанга жиберген. Москвада чыгарылган билим берүүчү продукция да башка өлкөлөрдө суроо-талапка ээ. Мисалы, "Некс-Т" компаниясы интерактивдүү комплекстерди, санарип столдорду, навигациялык стенддерди, проекторлорду, балдар столдорун жана башка интерактивдүү жабдууларды чыгарат. Кыргызстанда, Тажикстанда жана Монголияда ресурс борборлору, мектептер жана китепканалар ал ишкананын продукциясы менен жабдылган. Ал эми азыр Сербияга жана Казакстанга интерактивдүү панелдерди жеткирүү иштери жүрүп жатат.
https://sputnik.kg/20250814/kyrgyzstanda-rossiyanyn-katyshtygy-bar-1700-kompaniya-ishtep-zhatat-1095867162.html
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0c/1097802892_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_167ba20af2d93abbad138bbd12f34264.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, москва, сергей собянин, экономика, компания, киреше
дүйнөдө, россия, москва, сергей собянин, экономика, компания, киреше
2025-жылдын январь-июнь аралыгында "Технополис Москва" өзгөчө экономикалык аймагындагы ишканалардын сыртка саткан продукциясынын көлөмү болжол менен бир миллиард рублди түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 эсеге өскөнүн Москва мэринин транспорт жана өнөр жай боюнча орун басары Максим Ликсутов билдирди.
"Москванын мэри Сергей Собяниндин тапшырмасынын негизинде шаар жогорку технологиялуу ишканаларга жакшы колдоо көрсөтүп жатат. Андан улам компаниялар өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүп, бул аларга иштеп чыккан технологияларын ички экономикага гана эмес, башка өлкөлөргө да экспорттоого мүмкүнчүлүк берүүдө. Мисалы, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында "Технополис Москва" өзгөчө экономикалык аймагындагы компаниялар өлкөгө болжол менен бир миллиард рублдик продукция жөнөтүшкөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 эсе көп. Жалпысынан алганда, сөз болуп жаткан ишканалардын өзгөчө экономикалык аймактагы ишмердиги башталгандан бери экспорттук кирешесинин көлөмү 8,1 миллиард рублден ашты", — деди Ликсутов.
652 миллион рубль кирешени 2025-жылдын алты айында баарынан көп "Нанотехнологический центр композитов" деп аталган компания тапкан. Ал продукцияны жаңы материалдардан жасап, Бангладеш, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстанга саткан.
"Технополис Москва" өзгөчө экономикалык аймагындагы дагы бир ишкана быйыл Кытайга 137 миллион рублге интегралдык электрондук схемаларды жөнөткөн. Дагы бир компания Бириккен Араб Эмирликтерине текшере турган жогорку технологиялык жабдуулардын долбоорун саткан.
КМШ өлкөлөрүндө да Москвадагы өзгөчө экономикалык аймактын компаниялары чыгарган медициналык буюмдарга суроо-талап бир топ жогору. Анын ичинде "Медплант" ишканасы даярдап чыгарган дарыгердин жардам сумкалары да бар. 2025-жылдын январь-июнунда жабдуулар Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга сатылган. Стерилдегичтер, дезинфекция жасаган, жууп-тазалаган машиналар, ошондой эле эндоскопторду сактоо жабдууларды "Технополис Москва" ӨЭАсынын дагы бир резиденти болгон Тюмень меджабдуулар заводу Азербайжанга, Беларуска, Казакстанга жана Кыргызстанга жиберген.
Москвада чыгарылган билим берүүчү продукция да башка өлкөлөрдө суроо-талапка ээ. Мисалы, "Некс-Т" компаниясы интерактивдүү комплекстерди, санарип столдорду, навигациялык стенддерди, проекторлорду, балдар столдорун жана башка интерактивдүү жабдууларды чыгарат.
Кыргызстанда, Тажикстанда жана Монголияда ресурс борборлору, мектептер жана китепканалар ал ишкананын продукциясы менен жабдылган. Ал эми азыр Сербияга жана Казакстанга интерактивдүү панелдерди жеткирүү иштери жүрүп жатат.