https://sputnik.kg/20251111/1097759250.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров жаштар форумунда өлкөнүн жаштарын 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңеш шайлоосунда добуш берүүгө үндөдү. Бул тууралуу Президенттик... 11.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-11T09:00+0600
2025-11-11T09:00+0600
2025-11-11T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097759084_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b32bbfde2666b13376648d26357456cd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров жаштар форумунда өлкөнүн жаштарын 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңеш шайлоосунда добуш берүүгө үндөдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, баардык шайлоо тилкелери электрондук эсептегичтер менен жабдылган, ар бир жаран бир гана жолу добуш бере алат. Жапаров белгилегендей, бийлик добуш сатып алуу жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга каршы катуу көзөмөл орнотту. «Жаштар, добушуңарды тыйын үчүн сатпагыла. Таза абийир менен тандоо кылсаңар гана өлкөбүздүн келечеги жарык болот», — деди президент. Ошондой эле ал акыркы жылдары шайлоолорго жаштардын катышуусу азайганын белгилеп, ар бир жаран добуш берүү — мекен алдындагы милдет жана жоопкерчилик экенин эске салды.
10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Ведомствонун маалыматына караганда, программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда. Түзүлгөн социалдык контракттардын багыттарын алып караганда, эң көп айыл чарба тармагы — 9373 долбоор. Кызмат көрсөтүү тармагында 1112 долбоор, өндүрүштө — 925, соода тармагында — 727 долбоор ишке ашырылууда. Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025- жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт.
Бүгүн Токтогул районунда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда райондун Кара-Күнгөй жана Ак-Тектир, Бел-Алды айылдарын органикалык аймакка өткөрүү маселеси каралды. Иш-чарага тиешелүү жетекчилер катышып, катышуучуларга органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүнүн мааниси, талаптары жана сертификациялоо жол-жоболору тууралуу кеңири маалымат берилди. Адистер дыйкандарга органикалык өндүрүштүн артыкчылыктары, топурактын табигый түшүмдүүлүгүн сактоо жана экологиялык таза продукция өндүрүүнүн жолдору боюнча практикалык кеңештерди сунушташты.Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар органикалык аймак макамын алуу үчүн керектүү кадамдар жана документтер тууралуу түшүнүк алышып, мындан ары органикалык стандарттарга ылайык иш жүргүзүүгө даярдыгын билдиришти.
Ушул жылдын 12-18-ноябрь күндөрү Манас шаарында MANAS CUP 2025 эл аралык футбол беттештери өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мелдеште Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиянын Олимпиадалык жаштар (U-23) курамалары күч сынашат. Улуттук курама ойногон беттештердин жүгүртмөсү: Кыргызстан — Бахрейн (12-ноябрь, саат 19:00); Иран — Кыргызстан (15-ноябрь, саат 19:00); Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров жаштар форумунда өлкөнүн жаштарын 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңеш шайлоосунда добуш берүүгө үндөдү. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, баардык шайлоо тилкелери электрондук эсептегичтер менен жабдылган, ар бир жаран бир гана жолу добуш бере алат. Жапаров белгилегендей, бийлик добуш сатып алуу жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга каршы катуу көзөмөл орнотту. «Жаштар, добушуңарды тыйын үчүн сатпагыла. Таза абийир менен тандоо кылсаңар гана өлкөбүздүн келечеги жарык болот», — деди президент. Ошондой эле ал акыркы жылдары шайлоолорго жаштардын катышуусу азайганын белгилеп, ар бир жаран добуш берүү — мекен алдындагы милдет жана жоопкерчилик экенин эске салды.10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт. Ведомствонун маалыматына караганда, программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда. Түзүлгөн социалдык контракттардын багыттарын алып караганда, эң көп айыл чарба тармагы — 9373 долбоор. Кызмат көрсөтүү тармагында 1112 долбоор, өндүрүштө — 925, соода тармагында — 727 долбоор ишке ашырылууда. Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025- жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт.Бүгүн Токтогул районунда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда райондун Кара-Күнгөй жана Ак-Тектир, Бел-Алды айылдарын органикалык аймакка өткөрүү маселеси каралды. Иш-чарага тиешелүү жетекчилер катышып, катышуучуларга органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүнүн мааниси, талаптары жана сертификациялоо жол-жоболору тууралуу кеңири маалымат берилди. Адистер дыйкандарга органикалык өндүрүштүн артыкчылыктары, топурактын табигый түшүмдүүлүгүн сактоо жана экологиялык таза продукция өндүрүүнүн жолдору боюнча практикалык кеңештерди сунушташты.Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар органикалык аймак макамын алуу үчүн керектүү кадамдар жана документтер тууралуу түшүнүк алышып, мындан ары органикалык стандарттарга ылайык иш жүргүзүүгө даярдыгын билдиришти.Ушул жылдын 12-18-ноябрь күндөрү Манас шаарында MANAS CUP 2025 эл аралык футбол беттештери өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мелдеште Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиянын Олимпиадалык жаштар (U-23) курамалары күч сынашат. Улуттук курама ойногон беттештердин жүгүртмөсү: Кыргызстан — Бахрейн (12-ноябрь, саат 19:00); Иран — Кыргызстан (15-ноябрь, саат 19:00); Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097759084_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bf5f6ac8a0be52bc04f7d17d5b0b5c48.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио