00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Дүйнөнүн чокусунан ыр жаза баштаган" акын Анатай Өмүрканов тууралуу 9 факт

© Фото / Кыргыз маданият борборуКыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүрканов. Архив
Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүрканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2025
Жазылуу
Кыргыз адабиятындагы жалындаган "эстрадачыл" акын "алтымышынчылар" деген муун менен "жетимишинчилер" ортосунда көпүрө болду.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси, Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановдун 80 жылдыгы кеңири белгиленип жатат. Талас мамлекеттик университети ага Ардактуу профессор наамын ыйгарды. Акын ырларында өзүнүн сезимдерин лирикалык маанайда берип, жүрөктөн чыгарып, жүрөккө жеткирет. Ал — философиялык, пейзаждык лирика менен публицистикалык ой жүгүрткөн эркин поэзиянын белгилүү жаратманы. Кыргыз адабиятындагы акындардын ичинен тексттерине обончулар эң бир көп кайрылганы да ушул Анатай Өмүрканов.
Биз бүгүн Анатай Өмүркановду 80 жылдыгы менен куттуктап, окурмандарыбызга өмүрүнүн жана чыгармачылыгынын айрым учурлары тууралуу 9 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган жылы жана жери. Анатай Өмүрканов 1945-жылы 2-июнда азыркы Талас облусуна караштуу Манас районундагы Арал айылында туулган. Бул — Талас өрөөнүнүн этеги, ары жагы казактын даркан талаалары созулуп, Олуя-Ата шаарынан ары уланып кетет. Айыл — атактуу ырчылардын, өнөрпоздордун мекени, Үсөнбай уулу Алымкул ырчыдан тартып Аалы Туткучевге чейин ушул айылдын кулундары. Эли дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен балдары жашынан эле эмгекке бышып чоңоёт. Анатай акындын муунун "Жеңиштин балдары" дешкен, алар согуштун жугу-журтун көрүп калды, эл анча тоюна элек кезде балалыгы өттү. 1961-жылы Арал орто мектебин аяктап, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, анын "кыргыз тили жана адабияты мугалими" деген адистик берилген дипломун 1966-жылы колго алды.
Бүтүрүүчүнүн дымагы. Бир нече бүтүрүүчү ошол жылы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мургаб, Жерге-Тал деген райондоруна барып, ал жактагы мугалимге зар болуп турган кыргыз мектептерге иштеп келели деп чечишет. Мындай дымактуу балдардын демилгесин Кыргыз ССРинин Агартуу министрлиги кош колдоп кубаттап, баарына жолдомо берет. Бирок ошол жолдомо алгандардан жалгыз Анатай Өмүрканов жубайы экөө гана жетет. Мургаб – "дүйнөнүн чокусу" аталган Памирдеги климаты өтө катаал, кышы алты айга созулган, кыргыздар гана жашаган бийик тоолуу аймак. Ал жерге мугалимдер такыр токточу эмес. Дарак да, мөмө-чөмө да өспөйт, жери "пил териси сыяктанып бозомук", кышында калың кар, жайында какыр талаалар, балдары окууну эмес, топоз багууну, аркар-кийикке аңчылык кылууну гана ойлочу. Жаш акынды дүйнөдө жок Ыраң-Көл деген кулпурган көлү, алыстан күнү-түнү күйүп турган, ааламдын эң эле сырдуу кубулушу катары эсептелген Чырак-Таш деген жерлери, айылга чейип чубалып түшкөн жапайы текелери башкача бир романтикалуу дүйнөгө алып келди. Отуруп алып, терезени карап үйүндө болсун, мектепте болсун ыр жазуу менен алектенди. Памир аны акын кылды. Ошентип Мургабда беш жыл кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеди, мургабдыктар менен аябай сиңишип кетти, алардын бир кыйласына Кыргызстанга келип окушуна жардам берди.
Памирден тапкан поэзия. Ал "дүйнөнүн чокусунан" куру кол кайтпады. Куржун толо ыр менен кайтты. Ошол жакта жазылган ырлардан "Ала-Тоо" журналына сунуш кылган эле, алардын 20 чактысын басып чыгарып, популярдуу журнал аны бир паста "акын" кылып таштады. Басмага тапшырган ырлары "Мөлтүр сезим" деген ат менен 1973-жылы 82 бет көлөмүндө жарык көрдү. Биринчи жыйнакка атпай кыргыз журтуна гана эмес, жалпы союзга таанымал акындар Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов жакшы пикирлерин айтты. СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынды. "Мөлтүр сезимдердин акыны" деген атак алды, жыйнактагы мөлтүрөгөн саптарды жаштар жаттап алып кечелерде айтып жүрдү. Кыргыз адабиятындагы жалындаган "эстрадачыл" "алтымышынчылар" деген муун менен кийинки дымактары бир аз басаңдаган "жетимишинчилер" ортосунда көпүрө болду.
Журналист жана басма кызматкери. Мургабдан мугалим болуп иштеп келгенден кийин ал 1971-жылдан "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеди. Бул партиялык басылмада иштөө бир жагы сыймыктуу болсо, экинчи жагы опурталдуу эле. Дал ушул мезгил аралыгында поэзия дүйнөсү менен алпурушуп "Чабалекей" (1977), "Алтын өзөн" (1980) деген ыр топтомдорун, "Күн жол" (1983), "Бар бол" (1986) деген ырлар жана поэмалар жыйнактарын чыгарып, жаш акындардын катарынан тез эле суурулуп чыкты.
Балдар үчүн жакшынакай "Биринчи кар" (1986) деген китебин да чыгарды. Мына ушул партиялык гезитте такшалган жана чакан-чакан болгону менен жакшы китептерин чыгарган акынды 1986-жылы "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы кызматына, 1988-жылы жалаң көркөм адабияттарды басуучу "Адабият" басмасында башкы редактор кызматтарына алып келип иштетишти. 2000-жылдан 2006-жылга чейин "Кыргызстан" басмасында бөлүм башчы, башкы редактор болуп эмгектенди. Ал канча-канча китептерди тирмийе тигилип окуп чыгып, татыктууларын басууга даярдап, татыксыздарын артка кайтарып, авторлор менен кер-мур айтышып, "басмачылык" кесиптин казанында кайнады. Бул жылдарда кыргыз китеп басуу өнөрүнө, жаш таланттарды тарбиялоо ишине, жалпы кыргыз маданиятына чоң салым кошту.
Кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Геннадий Базаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2025
"Кыргыз кереметинин" бир "керемети" Геннадий Базаров тууралуу 15 факт
"Асмансыз жылдардын акыны". Өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинен жаңыча ой жүгүртүү, коомду өзгөртүү ойлору тээ Москвадан айтыла баштаганда кыргыз акындарынан эң биринчи билек түрүнүп киришкен акын ушул Анатай Өмүрканов болду. "Жашыл арал" (1988) жыйнагынан бир аз-бир аз көрүнө баштаган коомду сындоо идеялары "Жанкисе" (1991) жыйнагында андан ары уланды, "Күндөгү так" (1995), "Асмансыз жылдар" (2001), "Тушалган чагылган" (2005) деген үч жыйнагында бийлик башчыларына протестин ачык да, тымызын да билдирди. Ата Журттун оор илдетин "Каар гүлү", "Тушалган чагылган" деген ыр түрмөктөрүндө "чымындай жанын оозуна тиштеп" жазган атуулдук күчүү позициясын, публицистикалык күчтүү рухун көрсөткөн. Бул жылдарды ал "асмансыз жылдар" атап, өзүн "тушалган чагылганга" салыштырган. "Чыгып кетсе чыгып кетсин чымын жан, чындык үчүн чыңырганым чыңырган" деген позициясын бекем карманды, айрымдарга окшоп кокту-колоттун "баатырларын" жазып туруп албады. Президенттерди (Аскар Акаев, Курманбек Бакиев) батыл сындап, алардын элге жакпаган иш-аракеттерин бетине айтып турду. Мындай сындары үчүн аны бийлик башчылары 2006-2007-жылдарда иштеп турган Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагалык кызматынан кол жуудурган.
Обондуу ырлардын сөзүн жазган. Анын сөзүнө көптөгөн обончулар жана композиторлор кайрылды. "Ак тилек" деген ат менен обондуу ырларынын жыйнагы эки жолу (2003, 2008) басылып чыгып, эл арасына кеңири тарады. Асанкалый Керимбаев "Энекем" деген текстине обон жаратып, ырды ондон ашык өнөр чебери аткарып чыккан. "Бир бетиң өпсөм бир бетиң калат, оң көзүң өпсөм сол көзүң калат..." деген оригиналдуу саптары бар акындын "Ош түнү" деген ыры (обону Асанкалый Керимбаев) жаштар арасында өзгөчө популярдуу болду.
Күчтүү эссечи. Анатай Өмүрканов акын гана эмес, башка калемгерлердин чыгармачылык ажарын ачкан таланттуу эссечи. Түгөлбөй Сыдыкбековдун, Сооронбай Жусуевдин, Байдылда Сарногоевдин, Сүйүнбай Эралиевдин чыгармачылыгы, өзү менен жеке мамилеси, устаттыгы тууралуу "Асылдар" деген чакан эскерүү китепчесин жазган, бул анын атуулдук парызын аткаруусу гана эмес, келечек муундарга тарбиялык таалим берчү эмгегин арнагандыгы катары түшүнүүбүз керек. Айылдаш агасы Байдылда Сарногоев тууралуу макалалар түрмөгүн жана "Сарногойдун коргону же Байдыкем жөнүндө дил баян" аттуу биографиялык эссе китебин чыгарып, эч кимге окшобогон акындын ажайып жүрүш-турушун айтып берген.
"Чолпонбай" мектеп программасына киргизилген. Акын бала чактан Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиктерин угуп, ага шыктанып өсөт. Ал туулган Манас району менен Киров (азыркы Айтматов) районуна караган Чымкент (азыркы Чолпонбай) айылынын аралыгы анчалык алыс эмес. Чолпонбай ошол жерде 1922-жылы 13-апрелде дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Баатырдын эрдиги тууралуу ал "Чолпонбай" аттуу поэмасын жазып, чыгарма 1986-жылы чыккан "Бар бол" аттуу жыйнагына кирген.
Анатай Өмүркановдун "Чолпонбай" поэмасы – баатыр, баатырдык тууралуу жаңы көз караштагы чыгарма. Ал эпикалык поэма, ошол эле кезде акындын башкы стихиясы болгон лирикалуулук да сюжетти ачууда, композициялык түзүлүштү куроодо өзгөчө мааниге ээ болгонун аңдайбыз. Анда каармандын ички дүйнөсү, толгонуулары, согуш жана тынчтык, сүйүү тууралуу философиялык ой жүгүртүүлөрү киргизилген. Акын эрдик жасачу адамдын ошол эрдикке баруу мотивдерин, баатыр катары калыптануу процессин, б.а. Талас эли-жериндеги балалык, жаштык жылдарын эволюциялык планда көрсөтүп, баатырдык дух алышын ишенимдүү штрихтер менен ачып берген. Өлүм алдындагы каармандын драматизми, трагедиясы жана баатырдык романтикасы элестүү жана аргументтүү. Акын Чолпонбайды жөнөкөй бир айылдык баладан дүйнөлүк алаамат согуштун баатырына чейинки өсүш логикасын көрсөтүү менен балдарды мекенчил болууга, баатыр болууга тарбиялайт жана эрдик эч убакта эстен чыкпашын насааттайт. Бул чыгарма мектептин окуу программаларына киргизилип, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого салым кошуп келет.
Акындын чыгармачылык бөтөнчөлүгү. Анатай Өмүркановдун поэзиясынын тематикасы жана формасы өтө бай. Байыркы эпикалык доордун элесин берген, Ата журтуна болгон сагынычты өтө терең чагылдырган "Ак Мактым", "Күкүк", "Эс ойготор", "Ким көп жашайт", "Курманбек баатырдын керээзи", "Эр Табылдынын арманы", "Тоо ашар баатырдын керээзи", "Үкүтай кыздын арманы", "Курманжан датка" аттуу ыр, поэмалары, япон поэзиясынан керемет котормолору, обондуу ырлар үчүн жазган песня жанрындагы чыгармалары, публицистикалык пафостогу чакырыктары, төрт саптары, сегиз саптары, балдар үчүн жазгандары анын акындык көп кырдуулугун айгинелеп турат. Сүйүү деген назик сезимди махабаттын өзүндөй дирилдеген саптарда берет. Мына алардын айрымдары: "балбылдап турган көзүңдөн бал боло калат уу дагы", "айталбай көркүң тил менен, апкаарый түшүп "Гүл" дегем", "жүзүмдөй сулуу жүрөктөн, жүргүзүп ийди канды ылдам", "турнадай мойну туйлатып, тумчугуп барам, тумчугуп", "колуңа колум тийгенде, тура албай калам бир жерге", "көзүмдү көрүп көзүңөн, көлкүлдөп күндө эзилем", "куураган жанды кубантып, кучагың менен куйкала", "Күн эмес сенсиз Күн дагы, гүл сенсиз – кудум куурай чөп" ж.б. Акын сүйгөн адамдын образын өтө бийик берет, дүйнөлүк ышкы поэзиясына катар турган ырлардан кем калбаган элегиялуулук, элестүүлүк, метафоралуулук, жалпы эле таамай образдуулук алдыңкы планга чыгат. Акындын эне темасында ырлары да ар бирибизге жакын, анткени ал ар бирибиздин энебизди жазып калтыргансыйт. Табият ырларын да арбын жазып, аларда кыргыз жергесинин сулуулугу чагылдырылып, ошол сулуулукту сактоо идеясы айтылат. Акын чыгармаларында жөнөкөйлүк менен татаалдыктын синтезин айкалыштырат, берген ойлору бир карасаң – жөнөкөй, кайра карасаң – кыйла татаал. Ал көптөгөн жаш акындарга насаатчы, аксакал курактын доорун сүрүп келет.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын Жолон Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2025
Отту сүйүп, оттой жалындап жашаган акын Жолон Мамытов тууралуу 12 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0