00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Бишкектин ышын азайта турган жабдык ойлоп тапкан Амантур Салымбаев
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
34 Өлкөдөн барган 350 тасманын ичинен кыргыз фильмдери алдыңкы орундарды алды
17:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Алтындын дүйнөлүк баасы төмөндөгөндөн кийин Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймалары кыйла арзандады. 23-октябрга карата баа: жүз граммдык куйма — 1 миллион 182,5 миң сом; унциясы — 363 миң 852 сом; 10 граммдык — 116 миң сом; беш граммдык — 59 миң 267 сом; эки граммдык — 24 миң 442 сом; бир граммдык — 12 миң 875 сом. Белгилей кетсек, шейшембиде куймалардын баасы рекорддук көрсөткүчкө жеткен, бирок эки күн катары менен бир топ түштү. Тагыраагы, бир граммдык куймалар 630 сомго, эң ирилери 65 миңге чейин төмөндөгөн. Бул аралыкта дүйнөлүк баа 224 долларга түшүп, учурда алтындын унциясы 4070 доллардын чегинде турат.
Аксы районунун мамлекеттик администрациясы Кош-Дөбө айыл өкмөтү менен биргеликте жалпы 1000 гектар жер аянтка шамал электр станциясын курууну пландап жатат. Райондук администрациядан билдиришкендей, бул долбоор аймактын энергетикалык коопсуздугун бекемдеп, экологиялык жактан таза энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Учурда сыноо үчүн Кош-Дөбө айыл аймагынан Чер жайлоосунун Кара-Байыр участкасында шамалдын ылдамдыгын аныктоочу атайын шаймандар орнотулду.
Чек ара көзөмөл пункттары боди-камералар менен камсыздалууда. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, боди-камералар ветеринардык, фитосанитардык, жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматтарынын инспекторлоруна берилип жатат. Бул демилгенин негизги максаты — жеринде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу, кызматкерлердин жоопкерчилигин жана тартибин жогорулатуу, ошондой эле жарандардын жана ак ниет ишкерлердин укуктарын коргоо. Боди-камералар текшерүүлөрдү, кароолорду жана чарба субъекттери менен болгон өз ара аракеттерди жүргүзүүдө колдонулат. Бардык видео жазуулар министрликтин Кырдаалдык борборуна автоматтык түрдө жөнөтүлүп, реалдуу убакыт режиминде анализ жана мониторинг жүргүзүлөт. Ошондой эле министрлик бул ыкма мүмкүн болгон мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүгө, адам факторун азайтууга жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн кабарлады.
НАТОнун өзөктүк куралдар боюнча машыгуулары кырдаалды чайпалтып, абалды чыңалтат да, Москванын кулак түрүп, тыкыр көз салуусун шарттайт. Мындай пикирин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "Бул маселеге карата биздин көз карашыбыз өзгөргөн жок. Европада жайгашкан америкалык өзөктүк куралды Россияга же анын союздаштарына каршы колдонуу боюнча альянстын мүчөлөрүнүн биргелешкен машыгууларынын өзү эле кырдаалды кыйындатып жатат. Ошону менен бирге ал схемалар жана НАТО өлкөлөрүнүн тиешелүү мүмкүнчүлүктөрү улам артып бара жаткандыгы көңүлдүн сыртында калган жок. Бул стратегиялык тобокелдиктердин андан ары күчөшүн жана чыңалуунун жогорулашын шарттоодо", — деген Захарова. ТИМ өкүлү Москва муну көңүл сыртында калтырбай турганын жана аны аскердик кадамдарын пландоодо эске аларын белгилеген. "Жогоруда айтылган учурларды көңүлгө албай кое албайбыз. Аларды өзөктүк куралды колдонууну токтотуу жаатындагы өзүбүздүн аскердик максаттарыбызды пландоодо тыкыр анализдейбиз", — деп кошумчалаган ал.
Жаңылыктар түрмөгү
0