https://sputnik.kg/20251018/1097247147.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта Агартуу министрлиги жана Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан... 18.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-18T15:00+0600
2025-10-18T15:00+0600
2025-10-18T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/12/1097246981_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b91dc283d4a043c9a9b9f43a17ba4d8a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта Агартуу министрлиги жана Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан “Жашыл мурас” экологиялык акциясы өткөрүлдү. Министрликтин маалыматы боюнча, экологиялык демилгеге ведомствонун өкүлдөрү, Республикалык борбордун жамааты, ийрим жетекчилери жана окуучулар катышты. Бул экологиялык акциянын негизги максаты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаш муундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттыруу болуп саналат. Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева жаратылышты сактоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги маанилүү экенин белгиледи. “Жашыл мурас” демилгесинин алкагында өлкөбүздүн мектептеринде күнөсканалар даярдалган. Биз тоолуу жерде жашагандыктан, ар бир бала өсүмдүктөрдүн пайдалуу жактарын гана окуп койбостон, аларды отургузууну жана кам көрүүнү үйрөнүшү зарыл. Биз кийинки муунга жашыл Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек”, — деди ал.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде фонд үчүн кандай долбоорлор артыкчылыктуу экенин айтып берди.Учурда 16 ГЭСтин курулушун каржылап жатабыз, алардын ичинен 8и ишке берилди. 2025-жылдын өзүндө эле 4 станцияны ишке киргиздик. Кийинки жылы дагы 5 генерациялоочу объектини ишке берүү пландалууда. Булардын арасында чакан, орто жана ири өлчөмдөгү станциялар бар. Биз бардык ишибизди өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн президент тарабынан белгиленген негизги артыкчылыктарга таянып жүргүзөбүз", - деди ал. Анын айтымында, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду министрлер кабинетине жана президентке отчёт берет.“Биз мамлекеттин экономикалык өнүгүү системасынын кичинекей тетигибиз жана биздин ишмердүүлүк албетте жалпы экономикалык өнүгүү саясаты менен шайкеш келиши керек”, - дейт Новиков.
Балбан Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болгонун спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди."Айсулуу Тыныбекова — күч менен кайраттын, эрктин жана туруктуулуктун символу. Анын спорттогу жолу көчмөндүн рухунан жаралган тарых. Айсулуу дүйнөгө кыргыз аялзатынын күчүн, намысын жана жандуу көчмөн рухун көрсөтүп келет", — дешкен уюштуруучулар. Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтмөкчү. Айсулуу Тыныбекова — дүйнөнүн эки, Азиянын алты жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш, Париж Олимпиадасынын коло байге ээси.**Россия менен АКШ Беринг кысыгы аркылуу тоннель салуу долбоорун талкуулап баштаганын Россиянын түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды. Кечээ Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунда журналист АКШ лидеринен долбоор боюнча пикирин сурады. Трамп идея колго аларлык экенин айтып, Зеленскийдин оюна кызыкты. Украина башчысы долбоор ага жакпаганын айткан. Дмитриев соцтармактагы баракчасына континенттер аралык тоннелдин долбоору боюнча талкуулар башталганын жазды. Ал фонд сунуштарды, анын ичинде АКШ — Канада — Россия — Кытай темир жолу боюнча демилгелерди карап чыгып, керектүүсүн колдой турганын кошумчалаган.
Бүгүн Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта Агартуу министрлиги жана Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан “Жашыл мурас” экологиялык акциясы өткөрүлдү. Министрликтин маалыматы боюнча, экологиялык демилгеге ведомствонун өкүлдөрү, Республикалык борбордун жамааты, ийрим жетекчилери жана окуучулар катышты. Бул экологиялык акциянын негизги максаты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаш муундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттыруу болуп саналат. Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева жаратылышты сактоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги маанилүү экенин белгиледи. “Жашыл мурас” демилгесинин алкагында өлкөбүздүн мектептеринде күнөсканалар даярдалган. Биз тоолуу жерде жашагандыктан, ар бир бала өсүмдүктөрдүн пайдалуу жактарын гана окуп койбостон, аларды отургузууну жана кам көрүүнү үйрөнүшү зарыл. Биз кийинки муунга жашыл Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек”, — деди ал.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде фонд үчүн кандай долбоорлор артыкчылыктуу экенин айтып берди.Учурда 16 ГЭСтин курулушун каржылап жатабыз, алардын ичинен 8и ишке берилди. 2025-жылдын өзүндө эле 4 станцияны ишке киргиздик. Кийинки жылы дагы 5 генерациялоочу объектини ишке берүү пландалууда. Булардын арасында чакан, орто жана ири өлчөмдөгү станциялар бар. Биз бардык ишибизди өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн президент тарабынан белгиленген негизги артыкчылыктарга таянып жүргүзөбүз", - деди ал. Анын айтымында, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду министрлер кабинетине жана президентке отчёт берет.“Биз мамлекеттин экономикалык өнүгүү системасынын кичинекей тетигибиз жана биздин ишмердүүлүк албетте жалпы экономикалык өнүгүү саясаты менен шайкеш келиши керек”, - дейт Новиков.Балбан Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болгонун спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди."Айсулуу Тыныбекова — күч менен кайраттын, эрктин жана туруктуулуктун символу. Анын спорттогу жолу көчмөндүн рухунан жаралган тарых. Айсулуу дүйнөгө кыргыз аялзатынын күчүн, намысын жана жандуу көчмөн рухун көрсөтүп келет", — дешкен уюштуруучулар. Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтмөкчү. Айсулуу Тыныбекова — дүйнөнүн эки, Азиянын алты жолку чемпиону. Токио Олимпиадасынын күмүш, Париж Олимпиадасынын коло байге ээси.**Россия менен АКШ Беринг кысыгы аркылуу тоннель салуу долбоорун талкуулап баштаганын Россиянын түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды. Кечээ Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунда журналист АКШ лидеринен долбоор боюнча пикирин сурады. Трамп идея колго аларлык экенин айтып, Зеленскийдин оюна кызыкты. Украина башчысы долбоор ага жакпаганын айткан. Дмитриев соцтармактагы баракчасына континенттер аралык тоннелдин долбоору боюнча талкуулар башталганын жазды. Ал фонд сунуштарды, анын ичинде АКШ — Канада — Россия — Кытай темир жолу боюнча демилгелерди карап чыгып, керектүүсүн колдой турганын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/12/1097246981_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4e2dc624067e343ddc227f90bc5b84eb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио