https://sputnik.kg/20251018/1097244978.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздө көк бөрү оюну учурунда Саруу жана Тилекмат айылдарынын улакчылары чырдаша кетип, мушташтан 34 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу облустук... 18.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-18T13:00+0600
2025-10-18T13:00+0600
2025-10-18T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/12/1097244812_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b8f504823e4896412796a124dc3b2b12.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздө көк бөрү оюну учурунда Саруу жана Тилекмат айылдарынын улакчылары чырдаша кетип, мушташтан 34 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, милицияга 24 жаштагы Д.И. аттуу бала арыз менен кайрылып, анда Саруунун тургундары тилекматтык эки жигитти оюн учурунда себепсиз уруп, денесине залал келтиришкенин айткан. Бул чырда Тилекат айылынын 34 жаштагы тургуну Ж.А. алган жаракатынан эсине келбей көз жумган. Аталган фактылар боюнча "Ден соолука оор жаракат келтирүү" боюнча бир кылмыш иши, андан тышкары, үч кишиге карата "Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча иш козголуп, эки айга камакка алынганы кошумчаланды.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, актёр, манасчы, акын жана дастанчы Табылды Актановдун 75 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, баш байгени төкмө акын Элмирбек Иманалиев жеңди. 1-орунду Кутман Садыбакасов, 2-орунду Темирбек Матыбаев ээлесе, 3-орунду Арген Биймырза уулу алды. Ошондой эле Жылдызбек Төрөканов жана Тынчтыкбек Эсенбай уулу атайын сыйлыктардын ээси болушту. Белгилей кетсек, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Табылды Актанов 1949-жылы 12-мартта Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында жарык дүйнөгө келген. Ал манасчы Тыныбек Жапый уулунун небереси, ак таңдай акын Актан Тыныбековдун уулу. Бир нече пьесалардын автору. Учурда таланттуу инсан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин Киев согушту күчөтүүгө жана узартууга умтулуп жатат деген таасирде калганын өз булагына таянып CNN телеканалы билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Кечээ Трамп Зеленский менен Вашингтондо жолугушту. Маалыматка караганда, сүйлөшүү курч жана ачык мүнөздө өткөн. Анда Трамп Зеленскийге АКШ азырынча Украинага "Томагавк" ракеталарын бербесин ачык айткан."Жыйынга катышкан аткминерлердин бири белгилегендей, Трамп украин тараптын аракеттеринен согушту токтотууга эмес, узартууга кызыкдарлыгы байкалганын, ошондой эле алдыдагы катаал кыш мезгилинде Украинанын аймактык жоготууларынын саны көбөйүшү мүмкүндүгүнө түпөйүл болду", — деп айтылат материалда.CNN белгилегендей, эки лидердин Украинадагы кырдаалдын өнүгүшү боюнча көз караштары бири-биринен кыйла айырмачыланат.Бул жолугушууга чейин Трамп Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу 2,5 саат сүйлөшкөн. Эки лидер Будапештте жолугушууну макулдашкан.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россия менен АКШ башчыларынын алдыда боло турган жолугушуусуна абдан ачууланат. Бул тууралуу француз оңчул "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо X социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости жазды. "Мен катуу ызалана турган бир нече адамды билем... Мисалга Эммануэль менен Урсуланы айтса болот. Саммит ЕБ өлкөсүндө өтөт. Бул алар үчүн жана еврошумкарлар үчүн кандай маскарапоздук!" — деп айтылат маалыматта.
Жети-Өгүздө көк бөрү оюну учурунда Саруу жана Тилекмат айылдарынын улакчылары чырдаша кетип, мушташтан 34 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, милицияга 24 жаштагы Д.И. аттуу бала арыз менен кайрылып, анда Саруунун тургундары тилекматтык эки жигитти оюн учурунда себепсиз уруп, денесине залал келтиришкенин айткан. Бул чырда Тилекат айылынын 34 жаштагы тургуну Ж.А. алган жаракатынан эсине келбей көз жумган. Аталган фактылар боюнча "Ден соолука оор жаракат келтирүү" боюнча бир кылмыш иши, андан тышкары, үч кишиге карата "Этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча иш козголуп, эки айга камакка алынганы кошумчаланды.Кыргыз Республикасынын эл артисти, актёр, манасчы, акын жана дастанчы Табылды Актановдун 75 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, баш байгени төкмө акын Элмирбек Иманалиев жеңди. 1-орунду Кутман Садыбакасов, 2-орунду Темирбек Матыбаев ээлесе, 3-орунду Арген Биймырза уулу алды. Ошондой эле Жылдызбек Төрөканов жана Тынчтыкбек Эсенбай уулу атайын сыйлыктардын ээси болушту. Белгилей кетсек, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Табылды Актанов 1949-жылы 12-мартта Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында жарык дүйнөгө келген. Ал манасчы Тыныбек Жапый уулунун небереси, ак таңдай акын Актан Тыныбековдун уулу. Бир нече пьесалардын автору. Учурда таланттуу инсан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенет.АКШ президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленский менен жолуккандан кийин Киев согушту күчөтүүгө жана узартууга умтулуп жатат деген таасирде калганын өз булагына таянып CNN телеканалы билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Кечээ Трамп Зеленский менен Вашингтондо жолугушту. Маалыматка караганда, сүйлөшүү курч жана ачык мүнөздө өткөн. Анда Трамп Зеленскийге АКШ азырынча Украинага "Томагавк" ракеталарын бербесин ачык айткан."Жыйынга катышкан аткминерлердин бири белгилегендей, Трамп украин тараптын аракеттеринен согушту токтотууга эмес, узартууга кызыкдарлыгы байкалганын, ошондой эле алдыдагы катаал кыш мезгилинде Украинанын аймактык жоготууларынын саны көбөйүшү мүмкүндүгүнө түпөйүл болду", — деп айтылат материалда.CNN белгилегендей, эки лидердин Украинадагы кырдаалдын өнүгүшү боюнча көз караштары бири-биринен кыйла айырмачыланат.Бул жолугушууга чейин Трамп Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу 2,5 саат сүйлөшкөн. Эки лидер Будапештте жолугушууну макулдашкан.Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россия менен АКШ башчыларынын алдыда боло турган жолугушуусуна абдан ачууланат. Бул тууралуу француз оңчул "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо X социалдык тармагында билдиргенин РИА Новости жазды. "Мен катуу ызалана турган бир нече адамды билем... Мисалга Эммануэль менен Урсуланы айтса болот. Саммит ЕБ өлкөсүндө өтөт. Бул алар үчүн жана еврошумкарлар үчүн кандай маскарапоздук!" — деп айтылат маалыматта.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/12/1097244812_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7ccf9dfeb85511543b6d1811cdf9aec4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио