00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде фонддун өлкөнүн аймактарындагы иштери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, фонд өлкөнүн бардык аймактарында иштөөгө аракет кылат. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маанилүү миссияларынын жана милдеттеринин бири Кыргызстандын бардык региондорун бирдей өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. “Биздин долбоорлордун 85 пайыздан ашыгы аймактарда ишке ашат. Нарын, Талас жана Баткен сыяктуу аймактар үчүн биз өзгөчө шарттарды түздүк. Тагыраагы, долбоорду каржылоодо коюлчу талаптарды азайттык. Мисалы, Бишкекте, Чүй облусунда жана ага жакын аймактарда 1 млн доллардан, башка аймактарда 200 миң доллардан баштап долбоорлорду каржылайбыз. Нарын, Талас жана Баткен облустарында биз сом менен каржылоонун жеңилдетилген шарттарын сунуштайбыз. Тагыраак айтканда, биз ал жакта 100 миң доллардан баштап долбоорлорду карап жатабыз", - деди ал. Новиков белгилегендей, Жалал-Абад жана Баткен облустарында пайдалуу кендер, энергетика жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми Ысык-Көл облусу негизинен туризм тармагына басым жасоого ыңгайлуу.
Ысык-Көлдө "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди.Аталган документ кабыл алынса аймакта эркин экономикалык зона уюштурулуп, ал жакта өзгөчө бажы процедуралары колдонулат. Резиденттерге салыктар боюнча жеңилдиктер жана бизнес жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу шарттар берилет. Атайын финансылык инвестициялык аймак катары өзгөчө укуктук макамга жана режимге ээ болот."Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы экономиканы өнүктүрүү, жаңы технологиялардын негизинде иштеген өндүрүштү көбөйтүү, транспорттук инфраструктура жана туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлүп жатканы белгиленген.Эске салсак, аталган аймакты түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров ушул жылдын июль айында кол койгон. Анда анын өзгөчөлүгү катары жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салууда англис укугунун нормалары колдонулары, эл аралык талаш маселелерди кароо үчүн өзүнчө борбор түзүлөрү айтылган.
Владимир Зеленский кепке келип, Россия менен жаңжалын токтотуусуна мезгил жетти. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. АКШ лидери бул согушта эки тарап тең өзүн жеңүүчү деп жарыялай турганын айтып, баарына тарых баасын берерин кошумчалаган. Мындан тышкары, саясатчы Россия президенти Владимир Путин менен Будапешттеги жолугушуу эки тараптуу болуп, киев режиминин башчысы ага катышпай турганын белгилеген.Белгилей кетсек, Трамп Зеленский менен кечээ АКШдан жолукту. Анын жыйынтыгы менен Трамп тирешүү токтойт деген ишеним бар экенин, тынчтык узак убакытка орношу керектигин, кырдаалды курчутпаш үчүн Украинага "Томагавк" ракеталары берилбей турганын айтты.Зеленский да журналисттердин суроолоруна кыска жооп берип, ыраакка атылуучу ракеталар тууралуу билдирүү жасабай, Трамп менен Украинага берилчү коопсуздук кепилдиктерин талкуулаганына токтолду.Эскерте кетсек, андан бир күн мурун Трамп РФ лидери Владимир Путин менен телефондон 2,5 саат сүйлөшкөн. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков өлкө башчылары негизинен украин кризисин талкуулашканын кабарлады. Путин абалды дипломатиялык жол менен чечүүгө ыктай турганын белгилеп, азыркы кырдаалгабаасын берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0