https://sputnik.kg/20251018/1097237847.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Милиция шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ички иштер... 18.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-18T08:59+0600
2025-10-18T08:59+0600
2025-10-18T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/12/1097237680_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b42f3b7707d2b352acfcb655fb5667b6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Милиция шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын жетекчилеринин онлайн кеңешмеси өттү. Ага министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов төрагалык кылды. Анда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоо, кайрылууларга ыкчам чара көрүү боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды. Мындан тышкары ар бир шайлоо округуна ИИМдин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчилери бекитилди. Кеңешменин соңунда тийиштүү кызматтарга көзөмөлдү күчөтүү жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Бахрейн Падышалыгынын Борбордук банкынын жетекчиси менен жолукту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында өттү. Анда Кыргызстанда ислам банкингин өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тургунбаев Улуттук банкта өлкөдө ислам банкингинин базасын түптөө саясаты ырааттуу ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөөгө, анын ичинде эксперттик тажрыйба алмашууга жана тармактык бөлүмдөр деңгээлинде потенциалды өнүктүрүүгө даярдыгын белгилешти.
Кыргызстанда тоо туризми боюнча гиддер жана инструкторлор жетишсиз. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фонду менен Жибек Жолу туризми ассоциациясынын жетекчиси Владимир Комиссаров билдирди. Анын айтымында, маселе адистердин талапка ылайык даярдыгынын жана профессионалдык стандарттын жоктугу менен байланыштуу. "Бизде гид менен инструкторлор үчүн иш стандарты иштелип чыккан эмес. Быйыл бир күндүк акы кеминде 150 доллар деп белгиленди. Кийинки жылы мындан да көп болот деп ойлойм", — деди ал. Эксперт акчасына карабай адис табуу кыйын экенин, жаштар буга тартылбай турганын белгиледи. Адис Кыргызстан тоо гиддеринин ассоциациялары эл аралык деңгээлде таанылган Азия мамлекеттеринин төрттүгүнө кирерин белгиледи. Ошентсе да кадрлардын жетишсиздиги курч.
Европада иштеп жаткан "согуш партиясы" континентте тынчтык жана коопсуздук орношун каалабайт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Самаркандда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды. "Европада "согуш партиясы" бар экени көрүнүп эле турат. Ал Россиядан айырмаланып, континентте тынчтык орношун жана баары бирдей укукка, коопсуздукка ээ болушун каалабайт", — деди Нарышкин. Айтымында, Батыш Россияны стратегиялык жеңилүү ызасын тарттыруу кыялынан баш тарткан жок. "Батыш өлкөлөрүнүн, биринчи кезекте НАТОнун европалык канатынын максаты – Россияга стратегиялык жактан жеңилүү ызасын тарттыруу. Соңку бир жыл ичинде куру кый
Милиция шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ички иштер органдарынын жетекчилеринин онлайн кеңешмеси өттү. Ага министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов төрагалык кылды. Анда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоо, кайрылууларга ыкчам чара көрүү боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды. Мындан тышкары ар бир шайлоо округуна ИИМдин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчилери бекитилди. Кеңешменин соңунда тийиштүү кызматтарга көзөмөлдү күчөтүү жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Бахрейн Падышалыгынын Борбордук банкынын жетекчиси менен жолукту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуу Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында өттү. Анда Кыргызстанда ислам банкингин өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тургунбаев Улуттук банкта өлкөдө ислам банкингинин базасын түптөө саясаты ырааттуу ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөөгө, анын ичинде эксперттик тажрыйба алмашууга жана тармактык бөлүмдөр деңгээлинде потенциалды өнүктүрүүгө даярдыгын белгилешти. Кыргызстанда тоо туризми боюнча гиддер жана инструкторлор жетишсиз. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фонду менен Жибек Жолу туризми ассоциациясынын жетекчиси Владимир Комиссаров билдирди. Анын айтымында, маселе адистердин талапка ылайык даярдыгынын жана профессионалдык стандарттын жоктугу менен байланыштуу. "Бизде гид менен инструкторлор үчүн иш стандарты иштелип чыккан эмес. Быйыл бир күндүк акы кеминде 150 доллар деп белгиленди. Кийинки жылы мындан да көп болот деп ойлойм", — деди ал. Эксперт акчасына карабай адис табуу кыйын экенин, жаштар буга тартылбай турганын белгиледи. Адис Кыргызстан тоо гиддеринин ассоциациялары эл аралык деңгээлде таанылган Азия мамлекеттеринин төрттүгүнө кирерин белгиледи. Ошентсе да кадрлардын жетишсиздиги курч. Европада иштеп жаткан "согуш партиясы" континентте тынчтык жана коопсуздук орношун каалабайт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Самаркандда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды. "Европада "согуш партиясы" бар экени көрүнүп эле турат. Ал Россиядан айырмаланып, континентте тынчтык орношун жана баары бирдей укукка, коопсуздукка ээ болушун каалабайт", — деди Нарышкин. Айтымында, Батыш Россияны стратегиялык жеңилүү ызасын тарттыруу кыялынан баш тарткан жок. "Батыш өлкөлөрүнүн, биринчи кезекте НАТОнун европалык канатынын максаты – Россияга стратегиялык жактан жеңилүү ызасын тарттыруу. Соңку бир жыл ичинде куру кый
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/12/1097237680_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bd6446789a4cc542c84cb8a80df2e15f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио