00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттөн билдиришти. Анда мунайды ташып келүү, логистика жана резервдин көлөмү талкууланган. "Жеткирүүлөрдүн туруктуулугуна, ички рынокто тартыштыкты алдын алууга жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Бааны аныктоого көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырма коюлду", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, министрлер кабинети Кыргызстандан мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган.
Кыргызстандык спортчу Чынарбек Изабеков Венгриянын Татабания шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти. Ал 51-55 жаш арасындагы спортчулар менен 100 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. Изабеков 1/8 финалдан баштап, катары менен төрт жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду.Чечүүчү кармашта АКШдан келген Элвин Риггсти 6:2 эсебинде жеңип, алтын медаль утуп алды. Чынарбек Изабеков — ардагерлер арасында беш жолку дүйнө чемпиону. Буга чейин ал 2015, 2016, 2021 жана 2022-жылдары дүйнө биринчилигин алган. Ошондой эле Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусунун эсебинде дүйнө чемпионаттарынын үч күмүш жана эки коло медалы бар. Олимпиаданын күмүш жана коло байгелеринин ээси Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу.
Иса Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу 150 миң сом пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, атайын кызмат "Ири өлчөмдө опузалап пара алуу" беренеси менен иш козгогон. Иликтөөнүн жүрүшүндө окуу жайдын 38 жаштагы мугалими студенттерден 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Окуу бөлмөсүндө 23 жаштагы студент дагы болгон. Аны тинтүү учурунда жанынан 100 миң сом табылган. Өз көрсөтмөсүндө кыз акчаны өзү окуган тайпадагы студенттерден чогултканын, алдыдагы кышкы сессиядан ийгиликтүү өтүү үчүн акчаны аты аталган окутуучуга берүүнү көздөгөнүн айткан. "Мугалим кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачетторду тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп саларын айтып коркуткан", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле иликтөөдө алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, аталган окутуучу студенттер менен иш жүзүндө сабак өткөрбөгөнү жана бекитилген окуу планын толук аткарбаганы аныкталган. Пара алуу максатында студенттердин экзамендик упайларын атайылап төмөндөткөн. Мугалим тергөө абагына киргизилди.
АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Украина акыры бир пикирге келерине ишенерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Менимче, Россия менен Украинанын ортосундагы азыркы кырдаал жөнгө салынат. Жөнгө салабыз", — деген АКШ лидери Ак үйдө журналисттердин суроосуна жооп берип жатып. Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Трамп Украинага "Томагавк" берүү боюнча чечим кабыл алганын, бирок Киев ал куралды кандайча колдонорун билгиси келерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0