00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде тамак-аш коопсуздугу кандай сакталууда?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ак-Ордодо эки адамдын өлтүрүлүшү. Маркумдун жубайы окуяны айтып берген видео

© Фото / пресс-служба МВД КРЭки кишини өлтүрдү деп шектелип жаткан улан
Эки кишини өлтүрдү деп шектелип жаткан улан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. ИИМ Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда өз үйүндө өлтүрүлгөн жигиттин аялы жакындарын бычактаган кишини тааныганын билдирип, видеосун жарыялады.
Кош бойлуу келин окуяны баяндап, кылмышка шектүүнүн жүзүн өзү эле эмес, жанындагы кичинекей кыздары да эстеп калганын бекемдеген. Аял кандуу окуя үй-бүлө уктап жатканда болгонун, түн ортосунда күйөөсүнүн кыйкырыгынан ойгонуп кеткенин айтып берген.
Келин ошол учурда бет капчан киши күйөөсүн бычак менен сайгылап жатканын көргөн. Жолдошу чымыр денелүү, күчтүү болгондуктан алышып жатып, кол салган кишинин бет кабын жулуп алганга үлгүргөнүн кошумчалаган. Ал арада кожойке милициянын 102 номерине чалып, дарегин билдиргенге жетишип калганын айткан.
"Мен жарыкты күйгүзгөндө жүзүн даана көрдүм. Жүз эмес миң пайыз тааныйм. Мен эмес, кызым да таанып жатат ", — деди буркурап ыйлаган келин.
Андан кийин кайнежеси үстүңкү кабаттан түшүп келе жатканда берки киши аны да бычактап баштаган.
Балдарын терезеден сыртка чыгарып, "качкыла" дегенин, кызы энеси жок кетпей туруп алганын, аргасыз балдары менен кошо качууга мажбур болгонун айтты.
"Балдарым ыйлагандан тамагы айрылып кетейин деди. Кызым качпай туруп албадыбы... Кызым качып кеткенде мен жолдошум менен чогуу өлсөм да ыраазы элем", — деген ал.
Келин коомчулукка кайрылып, билбей туруп ар кандай пикирлерди айтпоого чакырды.
"Сиздер ал жакта болгон эмессиздер, окуяны көргөн жоксуздар", — деди ал ыйлап.
Эске салсак, 3-октябрда Ак-Ордо жаңы конушунда иниси менен эжеси киши колдуу болгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Андан кийин ИИМ шектүүнүн окуя болгон аймакта басып бараткан видеосун жарыялады. Көп узабай аял колуна бала көтөрүп, дагы эки чүрпөсүн ээрчитип, түнү жылаңайлак качып бараткан видео интернет желесине тараган.
Ал эми 7-октябрда кылмышка шектелип 19 жаштагы улан кармалды. Бүгүн, 8-октябрда, ИИМ шектүүнүн жүргөн жерлеринен жана окуя болгон үйдөн топтолгон видео, сүрөттөрдү таратты.
ИИМ Ак-Ордодогу эки адамды өлтүрдү деген шектүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2025
Ак-Ордодо эки адамдын өлтүрүлүшү. ИИМ окуя болгон жерден сүрөт, видеолорду көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0